Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:30

Үлпөт той же кишини акыркы сапарга узатуу зыйнатына жеке эле Борбор Азия өлкөлөрү чоӊ каражат жумшабайт. Дүйнөнүн өнүккөн өлкөлөрүндө да акыркы мезгилде үлпөт тойдун баасы артып барат. Айрыкча Кытай менен Индия бул жаатта баарын артта таштачудай.

Кытай атуулдарынын дээрлик 20 проценттен көбү бойдок. Андыктан бул өлкөдө үйлөнүү тойдон киреше табуу сектору дүркүрөп өнүгүүдө. Азыр Кытайда үлпөттүн ар кандай шаанилерин ойлоп таап, байыгандар арбыды. 2-август бул өлкөдө сүйүшкөндөр күнү болгондуктан Qixi Group аттуу компания кечки тамактануу жана гүл сатуудан эле бир күндө 64 миллион доллар тапкан. Аталган компания башчысы Янг Юн: “Бизде үлпөт чыгымын эсептебей миллиондорун чачкандар четтен чыгат, андыктан Кытайда сүйүү эӊ мыкты бизнес. Эми үйлөнүү Кытай экономикасынын эӊ орчундуу бөлүгү болуп калды”, - деген пикирде.

Кытайда үлпөт тойдон ишканалар жылына 57 миллиард доллар киреше табышат. Ар бир тойго орточо 12 миӊ доллар сарпталат, жылына 10 миллион жуп үйлөнүп, үлпөт базарынын кирешеси 120 миллиард долларга чыгары күтүлүүдө. Үлпөткө Ferrari, Bentley сыяктуу Батыштын кымбат машинелери жалданып, 50 үстөлдөн кем эмес тасмал жайылат. Ар бир үстөлдүн баасы кеминде 1600 доллар, Кытай бийлиги тойго ашыкча чыгым короткон аткаминерлерди жазалап келет.

Бул жагынан алганда тойго кеткен чыгым кыргыз экономикасына салым кошуп, ишкердикти өнүктүрө алабы деген сурообузга “Кыргызконцепт” компаниясынын президенти Эмил Үмөталиев мындайча жооп берди:

- Бирөөнүн акчасы чыгымдалып жатса, дагы бирөөлөр пайда көрүп, экономиканын өнүгүүсүнө кандайдыр бир деңгээлде салымы бар. Акча алмашып турат. Адамдар иш орундары менен камсыз болуп турат. Бирок тойлордун бир өзгөчөлүгү, ал жакта ысырапчылык көп да. Далай кишилердин көп акча каражаты жок болот да, көп нерселер толук эффективдүү пайдаланылбайт. Тамак-аш желбей, ашыкча даярдалып жок болуп кетет. Тойлордун пайдасы болбой койбойт. Бирок көбүнчө ысырапчылыкка алып келе турган иш-чара болуп калат.

Англия: белек ордуна акча сураган жубайлар

Ал арада Британиянын атуулдары тойго чама-чаркы жетпей, банктардан карыз алып кыйналууда деп жазат The Telegraph гезити. 2013-жылы бул өлкөдө орточо бир тойго кеткен каражат 18 миӊ 244 фунт стерлинг, же 25 миӊдей АКШ доллары болгон. Жаӊы үйлөнчү жубайлар тойго чыгымды топтой албай калып, банктан кредит алган учурлар да арбууда. Акыркы мезгилде тойго келген меймандардан белек эмес, акча талап кылган жаштар арасында кадыресе көрүнүш. Үйлөнгөндөрүн 25 проценти жакындарынан карыз акча сурашат. Sheilas' Wheels изилдөө тобунун өкүлү Жекки Браун: “Жөнөкөй деген эле тойлордун чыгымы аябай чоӊ болууда. Жаштар бул күнгө акча сарптайбыз деп, өмүр бою үй-жайы жок кыйынчылыкка учурап калууда”, - дейт.

Индия: кыз узатсаң, алтын камда

Индияда кыздын себине кеминде 400 грамм алтын кошуш керек.

Индияда кыздын себине кеминде 400 грамм алтын кошуш керек.

Алтындын баасы Индияда жай келери менен жогорулайт. Себеби бул өлкөдө той сезону ачылат. Индия алтынды Кытайдан кийин эле дүйнөдө эӊ көп сатып алган өлкө. Жыл башында индус аялдары тойдо кыздын жакындары күйөө балага берген алтындын өлчөмүн 80 грамм кылып гана чектөө боюнча акция уюштурушкан. Kerala аттуу аялдар тобунун мүчөсү Кей Си Росакуттинин айтымында, кыздын ата-энеси турмушка узатып жатканда ага кеминде 400 грамм алтын бериши керек. Айласы кеткендер бул салттан улам үй-жайын да сатууда. Жылына Индияда 500 тоннадан ашуун алтын соодаланат.

  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG