Токмоктуктар Царнаевдер тууралуу
АКШнын Бостон шаарында кош жардырууда шектелип жаткан дагестандык Тамерлан жана Жохар Царнаев Кыргызстанда төрөлгөнү маалымат каражаттарында айтылган. Токмоктогу жердештеринин айтымында, кылмышка шектелген Тамерлан Царнаев 1986-жылы Кыргызстанда, иниси Жохар Царнаев 1993-жылы Дагестанда төрөлгөн. Царнаевдердин үй-бүлөсү 1990-жылдардын башында Чеченстанга көчүп кеткен жана 1995-жылы Кыргызстанга кайтып келген. 2001-жылы бул үй-бүлө кайра Дагестанга кетип, андан ары АКШга жер которгон. (Тимур Токтоналиев, Улан Асаналиев)
Чыгарылыштар
-
Апрель 05, 2024
Өзбекстандагы перстердин өзгөчө үлпөтү
-
Март 28, 2024
Москвадагы теракт: Мигранттарга басым күчөдү
-
Февраль 01, 2024
Тыванын эстен чыккан айылдары
-
Январь 01, 2024
2023: Сыналган, сынбаган жаштар
-
Сентябрь 04, 2023
Мексика-АКШ: Каракчылардын торуна түшкөн мекендештер
-
Июль 14, 2023
“Согушка азгырып жатышат”