Баш калаадагы ички миграция, башаламан курулуш, жаңы конуштар жана таштанды полигону... Сүрөтчү, режиссер, архитектор Шайлоо Жекшенбаевдин "Түтүн" аттуу көргөзмөсүндө мына ушул көйгөйлөр чагылдырылган.
17-январда ачылган көргөзмө Гапар Айтиев атындагы кыргыз улуттук көркөм сүрөт искусство музейинде өтүп жатат. Анда сүрөткердин сексендей фото эмгеги коюлган.
Режиссер, архитектор, фото сүрөтчү Шайлоо Жекшенбаев калаа тургуну катары кара түтүн көйгөйү бир нече жылдан бери кыйнап келгенин айтты.
- Көргөзмөнүн максаты эмне? Сексенден ашуун эмгекти канча жылда жараттыңыз?
- Эң негизгиси бул көргөзмөгө келген жаштар, адамдар булганыч аба чоң көйгөй экенин түшүнсө дейм.
Ыш маселесин чечүү бийликтин милдети деңизчи. Бирок, биз сыяктуу карапайым адамдардын да салымы болушу керек. Ушул мазмунду камтуу үчүн сүрөттөрдү тарттым. Илинип турган чоң сүрөттөр таштанды полигону, жаңы конуштардын жашоосун чагылдырат.
Декабрь-январь айларында шаарды кыдырып тарттым. Негизи бул идея көптөн бери эле оюмда бар эле. Бирок аны ишке ашырууга каражат жок болчу. Анан мага Кыргызстандагы климаттык саясат, жашыл экономика тармагында иш алып барган Unison Group деген компаниядан сунуш түштү.
Июндан тарта көргөзмө долбоорду талкуулап, шаардын архитектурасындагы мүчүлүштүктөргө көз чаптырдым. Негизи түтүн сезону эл от жагып баштаганда, нобярь айына туура келет экен. Күз айларында кантип чагылдырсам, кайсы жерлер маанилүү деп ойлонуп, пландап алгам.
Калаада мен байкаган социалдык көйгөйлөр - башаламан курулган үйлөр, көзөмөлсүз салынган жаңы конуштар, Бишкектин генералдык планынын бузулушу экен. Ушундан улам шаар ичинде соккон айдарым жел жок экенин көрдүм. Магистраль, чоң көчөлөрдөгү автоунаанын тыгынын айтпай эле коелу. Андан бөлүнүп чыккан уу заттар абаны ого бетер булгап жаткандай.
Көргөзмөгө 2005-2006-жылы жаңы конуштарда тарткан сүрөттөрдү да киргиздим. Мени ички миграциялык көйгөйлөр ойго салат. 2000-жылдардын башында өлкөнүн туш тарабынан шаарга агылган мекендештерибиз аябай чоң үмүт, кыял менен келишкен. Бирок, алардын үмүттөрү ишке ашпай, тескерисинче чоң проблема келип чыкпадыбы.
- Келиңиз сиздин көргөзмөнү аралайлы, көмүр, күйгөн желимди коюптурсуз. муну менен эмне маанини берейин дедиңиз эле?
- Муну инсталляция деп коёбуз, предметтерди чогултуп, аны менен каймана маанини берүү аракети да. Жаңы конуштардын эң чоң көйгөйү жагып жаткан көмүрдүн сапаты менен ар түрдүү таштанды калдыктарын өрттөп, абаны булгоо эмеспи. Бул жерде сапаты начар көмүр турат. Жаксаң, табы жок, быкшыйт. Азыр Бишкектин көпчүлүк жашоочулары ушундай отун жагат. Толук күйбөй калган желим бөтөлкөнүн да мааниси бар. Жаңы конуштагы колу жука үй-бүлөлөр желим, цехтерден чыккан кездеменин кыркындысын жагып жылынууга аргасыз.
Бул инсталляция менен абага уулуу заттар бөлүнүп чыкканын көрсөткүм келди.
Соңку кезде рак, өпкө дарттарына, аллергияга чалдыккандар көбөйдү. Ушундай оорулар булганыч абанын кесепетинен болуп жатканын эртеби-кечпи илимий негизде далилдешет. Азыр ошол таштанды полигонуна жакын жашаган балдар, жаштардын саламаттыгы кийин кандай болорун биз билбейбиз. Мен өзүм чет өлкөдө көргөзмөлөргө көп бардым.
Маселен, Венада шаардын ортосунда таштанды өрттөгөн завод бар экен. Анын түтүнүн көрүү мүмкүн эмес, айланасы таптаза. Таштандыны бөлүп ыргытуу маданияты аябай өнүккөн. Ошол бир эле завод чоң шаарга электр энергиясын берип жатканы таң калтырат.
- Шаарды аралап жүрүп архитектор катары дагы кандай мүчүлүштүктөрдү байкадыңыз?
- Жаңы конуштардын абалы мышык ыйлагыдай эле. Инфратүзүм жок. Бишкектин башкы архитектуралык планы такыр жоголгон. Архитектураны ойлобой эле туш келди чоң үйлөрдү салууга уруксат берилген. Ушунун баарын жүрөгүмдөн өткөрдүм. Бишкек качандыр бир кезде жашыл шаар эле да. Жылдан жылга бозоруп баратат.
Көргөзмөдөгү сүрөттөрдүн көбү Бишкектин таштанды полигонунан тартылган. Мына бул (сүрөттү көрсөтүп) эртең менен ушул жерден чыккан түтүн Алтын-Казык, Калыс-Ордо сыяктуу жаңы конуштарды каптайт экен. Ушуга аябай кейидим.
- Эми ушул көйгөйдөн чыгуунун жолун сиз издеп, сүрөткер катары ушул иш чараны уюштуруп жатыпсыз, кантип бул абалдан чыкса болот деп ойлойсуз?
- Негизи экологиялык көйгөйдүн чек арасы болбойт, мамлекет бул багытта алсыз болуп жатканы өкүндүрөт. Эми эл аралык деңгээлде жакшы долбоорлор өлкөгө келиши керек. Негизи көйгөйдү жөн эле фактылар менен жаңылык кылып, теле жана радиодон айтып эле келе жатышат. Бирок эч кандай майнап чыкпай жатпайбы.
Искусство аркылуу чагылдырсак, натыйжа болобу деп ойлодум. Азыркы биздин жаштар кооздукту сүйөт. Балким алар бул көргөзмөдөн өздөрүнө чоң сабак алар. Дегеле жашыл экономика, экологиялык туризмди өнүктүрсөк мыкты болмок, анда өнөр адамдарына да жакшы жагдайлар түзүлмөк.