Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:28

Стамбулдагы эң узун түн жүрөктө калды


Түркия, Стамбул. 15-июль
Түркия, Стамбул. 15-июль

Кесиптешибиз Бактыгүл Чыныбаева учурда Түркиянын Стамбул шаарында иш сапары менен жүрөт. Анын козголоң тууралуу жазган чакан блогун окурмандарга сунуштайбыз.

Түркияга иш сапар менен бир жума мурда баргам. Бир жума бою ооруканаларды кыдырып, түрк медицинасынын абалы менен тааныштык. Бул кезде каргаша түшкө да кирген эмес...

Эртең Кыргызстанга кайтабыз деген күнү кечке маал чыгыш менен батыштын көпүрөсү болгон Стамбулду кыдырдык. Кемеге түшүп, Босфордун сулуулугуна суктандык. Шаардын Европа тарабына жеткенде уулума окшош мотурайган бала башыма гүлчамбар кийгизип, көңүлүмдү көтөрдү.

Бул маалда Ататүрк абамайданын аскердик козголоңчулар курчап, жолдор жабылганынан кабарсыз элек. Кырдаал тууралуу мейманканага келгенде уктук. Бир маалда биз жаткан беш жылдыздуу мейманканага жергиликтүү эл да толуп, акыркы келгендери батпай калды. Көбү апта соңунда эс алуу үчүн аркы өйүздөн шаардын Европа тарабына келгендер болуп чыкты.

Түнкү саат бирден өткөн кезде азан чакырылып, айрымдар “Аллоху акбар” деп көчөгө чыкканда ыйлап жибердим. Бишкекке кетким келди. Көп өтпөй атышуу башталды. Туш-туштан жардыруулардын үнү чыгып, терезелер титиреп жатты.

Түркиядагы бул окуялар жүрөгүмдү көзөп кеткендей болду. Дүйнөнүн бир топ шаарын көрдүм, бирок Стамбулдай жакындыкты сезген жок элем. Өмүрүмдөгү жакшы ирмемдердин, жаштыгымдын изи калган Стамбул...

Таң аткыча жараткандан “Түрк боордошторго, дүйнөгө тынчтык бер” деп суранып чыктым. Шаар тургундарынын ыйлап жатканын көрүп, зээним кейиди. Бул менин өмүрүмдөгү эң узун түн болду.

Азыр мейманканада уулума окшош бала берген гүлчамбарды кармап отурам. Ошол наристе аман болсо экен. Стамбулдун, Түркиянын асманы ачык болсо экен. Кыргызстаным мен баргыча тынч турса экен...

  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

XS
SM
MD
LG