Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:16

Стамбулдун көчөлөрү тунжурай түштү


Стамбул
Стамбул

Орточо эсеп менен жылына 9 миллиондон ашык туристти коноктогон Стамбул көчөлөрү демейдегиден тынч.

Өзгөчө жай айларында көчөлөрү кымгуут болуп, туристтер агылган бул шаарга келгендердин саны күндөн күнгө азаюуда. Тарыхый жарым аралча деп эсептелген Стамбулдун Фатих аймагында эң эски жана кооз имараттар бар. Султан Ахмет, Аясофия, Капалычаршы, Топкапы сарайы дал ушул аралчада жайгашкан. Демейде бул айларда иш күнү, дем алыш дебестен музейлердин кассасында 1-2 саатка созулган кезектер болоор эле. Азыркы учурда музейге кирүү кыйынчылык деле туудурбайт.

Жылына миңдеген кардарды кабыл алган Жабык базар (Капалычаршы) тарыхый соода борборуна келген туристтер аз. Акыркы күндөрү ижарага бошогон дүкөндөрдүн саны да көбөйгөн. Жабык базарда атадан балага калган тери дүкөнүн иштеткен Энис мырза мындай көрүнүш экономикалык кризис жаратып жатканын баса белгиледи:

- Менин чоң атам, атам, эми мен бул дүкөндү иштетип келебиз. Кардарларыбыздын 90 пайызы туристтер. Султан Ахметтеги жардыруудан кийин келген туристтер 50-60 пайызга азайды. Өзгөчө биздин Жабык базар жабык болгон үчүн эки эсе кооптонушат. Чоң дүкөндөр кичирейип, чакан дүкөндөр жабылып жатат. Турист келбесе соодагерлер айла жоктон эшигине кулпу салып кетип жатышат. Мен мындай көрүнүштү эч көргөн эмесмин. Канчалаган адам ишсиз калып жатат. Жакын арада бардыгы жайына келет деген терең үмүттөм.

Стамбул шаары
Стамбул шаары

Ал эми кездеме дүкөнүндө сатуучу болуп иштеген Тайфун мырза Түркиянын өнүгүүсү терроризм менен артка кетип жатканын айтып тынчсызданат:

- Мен бул жардыруулардан улам жаным кейип, көңүлүм жок отурам. Жеке мен эле эмес, жалпы түрк калкы бул көрүнүштөрдөн тажады. Карапайым калк анын ичинде кичинекей ымыркайлар да набыт болуп жатат. Эки кызым бар, алардын келечегин ойлосом корком. Анткени бул түбү кургур терроризм кайсыл жерден чыга келээри белгисиз болуп жатпайбы. Бул кооз Стамбул шаарымды мындай ыпылас көрүнүштөр менен дүйнөгө жамандап, Түркия мамлекетин жоготуп бүтүрүү террорчулардын максаты. Бирок бул максаттарына жете алышпайт. Буюрса тез арада өкмөт чара көрүп мындай коркунучтуу көрүнүштөр азаят, болбосо көчөгө чыккандан да коркуп турабыз.

Надирабегим Момбекова
Надирабегим Момбекова

Өзгөчө Стамбул шаарындагы жардыруулардын туристтик аймактарда болуп жаткандыгы бул шаарда жашап, иштеп, окуп жаткан кыргыз жарандарын кооптондурат. Күндө музейлерге барбаса да Кыргызстандан келген конокторун дал ушул Султан Ахмет мечитине жана Топкапы сарайына алып келип кыдыртуу салтка айланган. Бул жылдын башында Султан Ахметтеги жардыруудан улам ыйык мечитке баруучу туристтер да азайган.

Стамбул шаарында он жылдан ашуун жашап жаткан Йедитепе университетинин аспиранты Надирабегим Момбекова тынчсыздануусун төмөндөгүчө баяндады:

- Бизге келген конокторду негизинен Аясофия, Султан Ахмет сыяктуу Стамбулдун белгилүү жерлерине алып барар элек. Анткени Стамбул дегенде коноктор дал ошол жерлерди көргүлөрү келишет. Жардыруулардан кийин ал жактарга баруу да коркунучтуу болуп калды. Канчалык полиция кызматы көзөмөлдөп турса да террорчулар өздөрүн дал ошол кызматкерлердин жанына барып жардырып жатышат. Кылдаттык менен текшерилет деген аэропортко кол салышкандан кийин үй-бүлөм менен деги эле эл көп топтолгон жерлерден алыс бололу деп чечтик. Эң өкүнүчтүүсү мындай окуялардын көбөйүп жатышы.

Мира Садырова
Мира Садырова

Сулейман Шах университетинин ага окутуучусу Мира Садырова үй-бүлөсү менен Стамбул шаарында жашайт. Эки баланын энеси катары алгач ирет балдарынын келечегин ойлоп кооптонгон Мира Садырованын ой-пикири төмөндөгүчө:

- Күн өткөн сайын мурдагыдай көпчүлүк барган жерлерге баруудан баш тартып, көбүнесе үйдө отурууну чечтик. Биз өзүбүз, балдарыбыз үчүн коркпой койгон жокпуз. Буюрса эми жакшы болуп кетээр, бирок кыйын эле болуп бараткандай сезилет.

Жалпысынан Түркияда акыркы бир жыл ичинде он ири теракт жасалып, мындан 246 киши набыт болуп, жүздөгөн адам жаракат алган. Көбүнесе карапайым калк жана туристтер жабыркаган.

28-июнь, 2016-жыл, Стамбул аба майданы
28-июнь, 2016-жыл, Стамбул аба майданы

Акыркы жардыруудан 41 адам набыт болуп, жарадарлар арасында абалы оорлор да бар. Жергиликтүү калк арасында көнүмүш адатка айланып бараткан "айтпай жатышат, өлгөн адамдардын саны өсөт" деген пикирлер айтылууда.

Орозо айында жардыруулардан сестенген карапайым калк чынында эле тышка чыгууну каалабагандай. Түрк калкынын орозодо салтка айланган деңиз боюнда ооз ачуу каадасы азыркы учурда азаюуда. Стамбулдун ар кайсы жеринен чогулуп, тааныса да, тааныбаса да тамагынан бөлүшүп ооз ачкан элдин азыр көңүлү да жоктой.

Демейдеги эл жыш топтолгон жерлерде бирин-серин адамдарды гана көрө аласың. Түрк калкынын орозо айында көңүлү муңайым болуп коркуу сезими үстөмдүк кылып жаткан учуру.

  • 16x9 Image

    Элвира Будайчиева

    "Азаттык" радиосунун Стамбулдагы кабарчысы. Кыргыз-түрк "Манас" университетин жана Стамбулдагы Йедитепе университетинин магистратурасын бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG