Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:41

Жасалма маданият, китеп жана интернет


Жазуучу Гүндүз Вассаф окурманга кол тамга берүүдө. Прага, 2012-жыл

Жазуучу Гүндүз Вассаф окурманга кол тамга берүүдө. Прага, 2012-жыл

Телевизорду ойлоп табышканда, киночулар чоң экрандагы кино өлдү деп кыжалат болушкан. Бүгүн интернет келгени эл китеп окубай калды деп ойлогондор да четтен чыгат. Ошол эле учурда айрымдар интернет тескерисинче китепти сактап калат деп эсептейт.

Алардын бири - түркиялык жазуучу, жергиликтүү интеллигенциянын көрүнүктүү өкүлү Гүндүз Вассаф. Прагадагы жазуучулар фестивалына келген жазуучу алды менен интернеттин заманында китеп жазылбай да, окулбай да калабы деген кооптонуу негизсиз экендигине токтолду:

- Менимче, биринчиден Толстой, Тургенев, Айтматов, Назим Хикмет, Шекспир сыяктуу бүт дүйнөгө атагы чыккан жазуучу-акындардын заманы өттү. Келечекте бүт дүйнөгө таанылган жазуучулар болбойт. Бүт дүйнө билген кино жылдыздары да болбойт. Чыгармачылыкта жана жазуучуларды билүүдө биз өзүбүз жашаган чөйрө менен көбүрөөк чектелип калабыз. Мисалы, Түркияда мындан 10 жыл мурда түрктөр Голливудда же Англия, Францияда тартылган киного барчу, азыр алар түрк тасмаларын көрүшөт. Түрктөр улутчулдуктан эмес, жакшы кинолор тартылып жаткандыктан, өз тасмаларын көрүп жатышат. Негизи түрктөрдүн бүт дүйнөгө таанылган кинолору аз эле. Мен сериалдарды эмес, жогорку сапаттаргы кинону айтып жатам.


Көп кишилер маданият макдоналддашып, коммерциялашып кетти, ар түркүн каада -салттардын баркы кетип, баары эле бири-бирине окшош болуп баратат деп кабатыр. Мен буга макул эмесмин. Тескерисинче, бизде чыгармачылыкка жаңыча мүмкүнчүлүктөр пайда болуп жатат. Мисалы, бир эле кол камера менен кино тартып, Канндагы кино кароодо жеңип алышыңыз мүмкүн. Жазуучулукта деле ошондой. Менимче жазуучулардын саны көбөйүп, чыгармалар интернет аркылуу көбүрөөк тарайт деп ойлойм. Анткени китеп басуунун зарылчылыгы болбойт.

"Келечекте бүт дүйнөгө таанылган жазуучулар болбойт"

"Келечекте бүт дүйнөгө таанылган жазуучулар болбойт"

Азыр китеп жазсам, аны баса турган басмакана табышым керек, басмакана анан ал китепти сата тургандай болушу керек. Азыр болсо мен аңгеме жазып, интернетке коюп койсом, каалаган киши окуй алат. Ошону менен улам көп сандагы кишилер жазып, окурмандардын саны да көбөйөт. Бирок сиз Достоевский, Толстойдой атактуу боло албайсыз. Башкача айтканда, даңазалуу жазуучулардын заманы бүтүп, көп жазуучулардын заманы башталууда. Ошондой эле алдыдагы 10-15 жылда кагаз түрүндөгү китеп жоголуп, ордун электрондук китеп басат. АКШнын Техас штатындагы Хьюстон шаарындагы университетке барсаңыз, китеп таба албайсыз. Анткени бардыгы санариптешкен.

“Азаттык”: Азыр адам көп маалыматты интернеттен көз ирмемде таап алат, бирок интернет байланышы үзүлүп калса, карайлап калат. Ушул көз караштан алганда, маалымат технологиясынын заманында маданияттын бир канаты болгон жазуучулуктун сапаты тайыздап кетет деп коркпойсузбу?

- Мазмуну жеңил-желпи, чампалама маданият "Нескафе" өңдөнгөн ар кайсынын кошулмасы сыяктуу эле жасалма маданият болуп саналат. Ал глобалдык базарга эсептелинген. Мисалы Голливуддун фильмдерин алсак, алар базарда кардарларга кандай фильм өтөөрүн билип алышкан, бир калыпка салып жасай беришет. Ал эми чыныгы маданият бөлөк. Интернет мына ушул чыныгы маданиятты таркатууга мүмкүндүк берет. Интернет ошону менен маданиятты коргоого көмөктөш болот.

“Азаттык”: Себеби издеген киши интернеттен табат деп айтып жатасызбы?

Алар изденишет, бирок чыгармачылык мамилеси да артат. Жазуучу китеп жазса, китеп окуучу аны окуп коюу менен чектелген пассивдүүлүк бара-бара жок болот. Жазуучу-окурмандын кызматташтык формалары көбөйөт. Жазуучу менен катар окурман да чыгармачылык жараяндын катышуучусу болуп калат.

“Азаттык”: Мындай жараян азыр болуп жатабы? Ага сиз да катышып жатасызбы?

- Ооба, мындай процесс жүрүп жатат, бирок ага мен катышкан жокмун, себеби мен интернетте эмесмин. Бирок жаңы муундун өкүлдөрү кызматташтык долбоорлорду ишке ашырып жатышат. Бирөө Австралияда, бирөө Түркияда, дагы бири Бразилияда туруп, биргелешип музыка жазышат, кино тартышат, же видео-оюндарды ойлоп чыгарышат. Бул - жаңы дүйнө. Голливуддун, батыш же Макдоналдстын калыбынан чыккан жеңил-желпи маданият эмес. Бүгүн нагыз чыгармачылыктын түрлөрүнө көп жана ар түрдүү адамдардын катышуусуна мүмкүнчүлүк пайда болууда. Сиз мага ишенбегендей карап жатасыз да?

Нобел сыйлыгынын ээси, түркиялык белгилүү жазуучу Орхан Памук Гүндүз Вассафты “түрк прозасындагы эң эркин ойчул” деп атаган. Жазуучу түрктөрдүн “Радикал” журналынын туруктуу публицисти.
XS
SM
MD
LG