Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:41

Акыркы жылдары Түркияга агылган кыргызстандык эмгек мигранттарынын басымдуу бөлүгүн кыз-келиндер түзөт.

Алардын көпчүлүгү үй кызматтарында жалданып иштешет. Постсоветтик өлкөлөрдөн келген мигранттардын басымдуу бөлүгү Түркиянын Стамбул, Анкара, Анталия өңдүү туристтик ири шаарларына түшөт.

Алардын арасында расмий келишим түзүп, мыйзамдуу иштеп жүргөндөр аз. Көпчүлүгү бул өлкөгө турист катары келип, андан ары мыйзамсыз иштеп калышат. Андайлардын катарында кыргызстандык кыз-келиндер да бар. Шылуундарга алданып, басмырлангандары да арбын.

Мугалимдин арманы

Кесиби боюнча мугалим Кундуз Мамбетова бул өлкөгө келип иштеп жүргөнүнө төрт жыл болду. Ал Бишкектеги банктардын бирине карыздар болуп калып, чет өлкөдөн иш издеп жүрүп шылуундардын колуна түшкөн.

- Бирөөлөрдөн "Түркияга кайнежем жиберет" деп угуп калдым. "Ал жакка 300 долларга жиберем. Алган билеттериңерге кеткен акчаны барып бир ай иштеп бересиңер. 300 долларга виза жасатасыңар" деп толтура жомокторду айтыптыр. Кызым экөөбүзгө 600 доллар деп, анан мен соодалашып, экөөбүз үчүн 400 доллар бердик. Бул жакка келсек ал айткандын бири да жок.

Кундуз азыр түрк үй-бүлөсүндө үч жашар кызды багып, үй кызматчылык милдетти аткарат:

- Мугалим болуп 20 жыл иштедим. Анан балдарды окуталы деп Бишкекке көчүп келдик. Кредит алдык. Өзүбүздөн кетти. Пландаштыруу дегенди билбей жашап, той-аш десе эле кредит алып, чамабыз чак келбей калды. Кыргыздын ушунусу жаман да, бирөө той берип жетпей баратса, ага кредит алып бере салабыз, анын төлөй турганыбызды ойлонбойбуз. Бул жактан айына 500 доллар алып иштеп жатам десең Кыргызстанга көп көрүнөт да. Ал акчаны оңой эле таап, сумкама салам деген жок. Аябай иштетип туруп анан берет. Тынбай иштейбиз. Мен карыздан кутулайын деп эле айлыгымды алып баарын салам. Өзүмө эч нерсе калтырбайм.

Айнуранын окуясы

Төрт кабаттуу вилланы жалгыз өзү жыйнап-тазалап иштеген Айнура Бишкекте кезегинде таасирдүү кызматтарда иштеп жүргөн. Эми минтип карыздан кутулуу үчүн стамбулдук кожоюнга жалданып, анын катаал мамилесине чыдап, каражат табууга аргасыз:

- Кыргыздарды ишке алганда, бизди негедир "үчүнчү сорттой" көрүшөт. "Башка түшсө байтал жорго" деген бар экен. Ар кандай кредиттин айынан жүрөм. Же кредит кыскарбайт, тиги жакта кызым кыйналат. Түркия десе эле сонун-сонун сүрөттөрдү элестетип, укмуш деп ойлойбуз. Андай эмес, жашоо деген кыйын. Кыргызстан көзүңдөн учат, четтеги ар бир кыргызга өз өлкөсү бейиш көрүнөт.

Айнура аялдардын, кыз-келиндердин ушинтип аргасыз акчанын көзүн карап четте жүргөнүнө кейийт:

- Өкмөтүбүз жакшы иштесе, өнүгүп-өстүрсө элибиз эмнеге тентийт эле? Өзүбүздө калып эле иштемекпиз. Жупуну жашоого жете турган айлыгыбыз болсо эч ким тентимек эмес. Керек болсо интернетте жазылып жүрөт, чет жерде жүрүп картайдым деген ырлар. Уксаң ыйлагың келет. Ар бир жаран өз өлкөсүнө барып жашаганды каалайт, мурдагы жашоосун уланткысы келет.

Айнура моюндан ныгыра баскан карыздан кутулчу күндү күтүп жүрөт.

- Албетте, ошол күндү керек болсо санап күтөм. Ошол бүткөн эле күнү, үйүмө барып, ысык чайымды ичип, этимди жеп, шорпомду ичип жашагым келет. Кудайым буюрса ошого күн келет деп, күтүп иштеп жүрөм.

Четке чыксаң тил биле жүр

Стамбулдагы чет өлкөлүк жарандардын укугун коргогон уюмдун жетекчиси Седат Бүйүккылычтын айтымына караганда, Түркия аймагында жалданып иштеген кыз-келиндердин саны бир жарым миллионго жакын. Алардын көпчүлүгү визасы, ишке уруксаты жок болгондуктан, жалдаган кожоюндары паспортторун алып коюп, аз акчага иштетишет.

- Чынында аз акчага иштешет. Мунусу аз келгенсип биздин кээ бир мекендештерибиз акчасын да бербей коюшат. Анан мигрант аялдар кимге барып даттанат? Паспортун алып алышат, "сени полицияга берем" деп коркутушат. Ошентип анан кор болуп иштешет. Өз укуктарын билбегендиктен Түркиядан депортация болуп кетип, кайра кире албай кыйналышат. Мындай учурлар көп. Өзгөчө аял мигранттардын укугу Түркияда көп корголбойт. Ошондуктан чыдабай, жаман жолго түшүп кеткен кыз-келиндер арбын.

Иллюстрация

Иллюстрация

Мигранттар башына иш түшкөндө гана консулдукка, же элчиликке кайрылышат. Мындан улам Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Ибрагим Жунусов жумуш издегенде тил билүү маанилүү болгонуна токтолду.

- Кыргызстандан Түркияга келе турган улан-кыздарга, деги эле бардык жарандарга айта турганым, тилди билбей туруп бирөө чакырып, интернеттен таанышып калса эле "мен ишке кеттим" деп эле келе бербеш керек да. Бишкекте атайын миграциялык кызмат бар, ошол жакка кайрылып, маалымат алыш керек. Түркияга келгенде кыргыз консулдугуна, элчилигине тизмеге туруп маалымат бериш керек. Көбүнчө үч айлык визасыз режим деп келип, анан ар түркүн окуяларга кабылып калышат. Жакында эле ошентип мен 19 жаштагы кызды үйүнө жибердим. Адашып, алданып келип кулчулукка түшүп калгандар чекеден чыгып жатат. Ошондуктан бирөө айтты эле деп келе бербесе экен дейм.

Стамбул шаары

Стамбул шаары

Түркиянын Ички иштер министрлигине караштуу Миграция департаментинин билдирүүсүнө таянсак, мигранттардын биринчи толкуну 1990-жылдары башталган. Мекеменин 2013-2014-жылы мигранттар боюнча иликтөөсүндө өзбек, казак, кыргыз, түркмөн, карачай, азербайжан, дагестан, ингуш, чечен улутундагылар басымдуулук кылат.

Ал эми журтташтарын Стамбулда жумуш менен камсыз кылган вандык этникалык кыргыз Аднан "эмне үчүн түрктөр чет өлкөлүк кыз-келиндерди үй-кызматтарында иштетишет?" деген сурообузга төмөндөгүчө жооп кайтарды.

- Биринчиден, чет элден келгендердин эмгек акысы арзаныраак. Экинчиден, медициналык камсыздандыруу дегенге төлөшпөйт. Үчүнчүдөн, алар "балам, же күйөөм ооруп калды, той болуп калды" деп сурана бербейт. Түрктөр негизи кыргыздарга ыраазы, түркмөн, украиндерге деле ыраазы. Кыргыздарды кичипейилдиги үчүн жакшы көрүшөт. Орточо эсеп менен 600 доллардан айлык алып иштешет.

Түркиядагы иш мыйзамдары аялдарды үй кызматтарында иштетүүгө карата талаптарды катуу коюшат. Түрк жаранын ишке алса, айлык акысынан тышкары анын ай сайын медициналык камсыздандыруусун, пенсиялык фондго салыгын төлөшү керек.

Түркияда иштейм дегендер көбөйдү

Мигранттардын Эмгек кодексине 2012-жылы өзгөртүү киргизилип, алардын медициналык камсыздандыруусун жана визасын иш берүүчү төлөп берүүгө милдеттүү. Бирок бул мыйзамды аткаргандар аз. Көбүнчө туристтик виза менен иштешет.

Эмгек мигранттардын визасын даярдоо боюнча жеке фирманын өкүлү Рано акыркы эки жыл ичинде виза алган кыргыз жарандарынын саны өскөнүн айтты.

- Кыргыздар менен иштешкениме эки жыл болуп калды. Негизинен өзбек, түркмөн, азербайжан, филипин, иран, ирак, орус, украина, молдован мигранттар көп. Визаларынын акысы ар кандай, жаштардыкы арзан, бир аз жашы өтүп калса кымбат болуп калат. Орточо бир жылга 650 долларга виза жасап беребиз. Бул туристтик виза, ал эми үй кызматында иштегендерге эмгек визасын жасатуу бир аз кыйын болот.

Тынбай иштейбиз. Мен карыздан кутулайын деп эле айлыгымды алып баарын салам. Өзүмө эч нерсе калтырбайм.

Кеминдин тургуну Айтбүбү Абыканова Стамбулга уулунун чакыруусу менен келген. Анын келин-уулу Түркияда, кызы күйөөсү менен Италияда эмгектенет. Ал өзгөчө Москвадагы өрттөн соң кыз-келиндердин чет жакка кетип жатканына сары-санаа болууда.

- Кыргыз кыздар чыдап эле өз өлкөсүндө калып, оор турмуштун айынан чет жакка кетпей эле коюшса. Айла жоктон кетип, ар кандай тагдырга туш болууда. Ишеничтүү бирөөлөр болуп эле кетишпесе, эмне болуп жаткандарын четинен эле угуп, көрүп жатпайбызбы. Колдон келсе өзүбүздүн эле элибизде, жерибизде иштешсе дейм. Же тапкандары өздөрүнө жетпейт, же балдарына жетпесе туш тарапка кетип жатышпайбы. Эптеп өздөрүнө жете турган айлык болсо эле өз жеринде жүрсө жаман болмок беле...

Түркиядагы соңку окуялар жана ички экономикалык кризис мигранттардын жумушсуз калышына себепкер болууда. Өткөн жылга салыштырмалуу июнь айынын көрсөткүчтөрүнө ылайык, Кыргызстандан бул жакка келгендер алты пайызга азайган.

Ал эми Түркиянын өзүндө эле 15-августтагы статистикага ылайык 3,6 миллиондон ашуун адам жумушсуз.

  • 16x9 Image

    Элвира Будайчиева

    "Азаттык" радиосунун Стамбулдагы кабарчысы. Кыргыз-түрк "Манас" университетин жана Стамбулдагы Йедитепе университетинин магистратурасын бүтүргөн.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG