Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:17

ТҮРКМӨНБАШЫ №2


Амирбек Азам уулу Өткөн аптанын жума күнү Түркмөнстандагы жылпы улуттук төрт телеканал өз берүүлөрүнөн мурдакы президент Сапармурад Ниязовдун сүрөтүн алып салды. Мурда Ниязовдун алтын түстүү профили көпчүлүк телепрограммалардын символу катары көгүлтүр экрандын оң бурчун көрктөп турчу. Бул кадам – Түркмөн жетекчилиги Ниязовдун “жеке башына” сыйынуу саясатынан баш тартат дегенди билдиреби?

Түркмөнстандын төрт телеканалы декабарда о дүйнө салган Сапармурад Ниязовдун алтын профилин көрсөтпөй калуусу көпчүлүк серепчилер үчүн күтүүсүз окуя болбоду. Анткени, Сапармурад Ниязовдун ордун алты ай ырасмий ээлеген Гурбангулы Бердимухамедов кыска мөөнөт ичинде Түркмөнбашынын айрым мурастарынан баш тартканга үлгүрдү. 100 миңдей адам кайрадан пенсия ала баштады. Орто мектептер тогуз жылдыктын ордуна кайра он жылдык билим берүү системсына өттү. Ниязов “пайдасыз” деп жапкан Илимдер академиясы кайра ачылды. Өткөн айда Түркмөн башынын эларалык кору жоюлду.

Авторитардык өлкөдө, анын ичинде Түркмөнстанда берегидей иштер мамлекет башчынын макулдугу жок жасалбайт. Анүчүн президент Бердимухамедов Сапармурад Ниязовдун алтын профилин телеканалардан алдырып эмне максатты көздөдү деген суроо туулат. Же Сталиндин жеке башына сыйынууну токтоткон Никита Хрушевдун жолун жолдону жатабы?

Москвада жашап жаткан түркмөнстандык социолог Фархад Ильясовдун пикирине караганда, Бердимухамедов Ниязовдун “жеке башына сыйынуудан” биротоло баш тартууга даяр эмес. Тескерисинче, “башизм” саясатын өзүнүн бийлигин бекемдөө үчүн пайдаланууга аракеттенет. Ал эми Ниязовдун иштерин оңдогон кадамдар-анын эл ичинде кадыры жоктугуна байланыштуу деп түшүндүрөт Ильясов:

- Арийне, эл арасында Ниязовдун бир кездеги Сталин же коммунисттик партия сыяктуу кадыр- баркы жок. Андыктан Ниязов жана анын идеологиясы жаңы саясый системаны курууга бекем пайдубал болуп бере албайт. Ошон үчүн Бердимухамедов аста- секин Ниязовду өзү менен алмаштырууда. Телебелгини алдырып салып да Бердимухамедов өзүнө, өз идеологиясына, өз образына орун бошотууда.

Маалымат булактарынын билдиришинче, Сапармурад Ниязовду эске салган портрет сүрөттөр акырындап көрүнүктүү жайлардан кайып болууда. Алардын ордун Бердимухаммедовдун сүрөттөрү ээлөөдө. Анткен менен, Ниязовдун көп сандаган айкелдери качан алынып, Түркмөнбашы шаары атын өзгөртөбү, беймаалым.

Бердимухамедов өзүн даңктоо жагынан Ниязовдон кем калышпайт көрүнөт. 50 жылдыгына өзүн алтын- акак таштар менен кооздолуп, атайын чыгарылган “Ватан” ордени менен сыйлады. Ордендин салмагы 1 килого жакын болот. Өкмөт анын сүрөтү чегерилген алтын жана күмүш тыйындарды чыгарды.

Муну серепчилер Бердимухамедовдун жеке башына сыйынуунун башталышы катары баамдашты.

XS
SM
MD
LG