Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:47

Түркмөнстанда быйыл жайда эски үлгүдөгү паспортторду жарактуу мөөнөтү бүтөт. Муну утурлай расмий Ашхабаддын Орусия менен кош жарандыкты токтотуу боюнча практикалык кадамдарды көрө башташы эки паспорттуу түркмөнстандыктар менен бирге Москваны да камтамага салгандай.

Түркмөнстанда расмий маалыматка караганда, өлкөнүн эски үлгүдөгү улуттук паспорттору 10-июлдан кийин биротоло жараксыз болот. Мунун ордуна жарандар жаңы биометрикалык паспортторду алышы керек.

Мына ушул паспорт алмашуу жараяны учурунда кош жарандыгы, атап айтканда Орусиянын да, Түркмөнстандын да жарандыгы бар атуулдардан эки өлкөнүн бирин тандоо талап кылынууда.

Орусиянын расмий өкүлдөрүнүн, өкмөтчүл эксперттеринин комментарийлерине караганда, Москваны мына ушул жагдай кабатыр кылгандай.

Саясий изилдөөлөр боюнча Москвадагы борбордун директору Алексей Мухин “Азаттык” менен маегинде Орусиянын турумун “табигый камкордук” деп түшүндүрдү:

- Орусия Түркмөнстан менен карым-катыштын көбүрөөк түйүнүн сактоого аракеттенүүдө. Акыркы жылдары андай түйүндөр азайгандан азайып бара жатат. Орусиянын азыркы туруму албетте, Түркмөнстанда жашаган орус тектүү элдин кызыкчылыгын коргоо аракети менен байланыштуу. Бул табигый эле камкордук. Менимче, жакынкы убактарда Орусия Түркмөнстанда жашаган орустардын бир бөлүгүнө белгилүү бир жеңилдиктер менен Орусияга көчүүнү сунуш кылат.

Кремлдин басма сөз кызматы билдиргендей, Түркмөнстандын кош жарандыгы бар атуулдарынын маселесине президенттер Владимир Путин менен Гурбангулы Бердымухаммедовдун 11-марттагы телефон сүйлөшүүсүндө “өзгөчө” көңүл бурулган.

Кээ бир байкоочулар расмий Ашхабаддын Орусия менен кош жарандык келишимин сактоодон кетенчиктей баштоосун кандайдыр бир деңгээлде 2008-жылдагы орус –грузин согушунун таасири менен байланыштырышат.

Анткени Орусия Грузия өзүнүн бир бөлүгү катары санаган Түштүк Осетияга аскерлерин киргизүүдө орус жарандарын коргоо деген да жүйөөнү карманган болчу.

Швецияда жашаган түркмөн жазуучусу Акмухаммед Велсапар Ашхабаддын Орусия менен кош жарандык келишиминен баш тартуусунда саясий жүйөө бардыгын жокко чыгарбайт.

Бирок ал “Азаттык” менен маегинде азыркы жараян мурдагы президент Сапармурад Ниязовдун тушунда эле башталганын эске салып, буга 2002-жылдагы окуя түрткү бергенин белгиледи:

- Бул мурда эле башталган. 2002-жылдын 25 ноябрында, түркмөн бийликтери ырастагандай, мурдагы тышкы иштер министри Борис Шихмуратов мамлекеттик төңкөрүш жасоо аракетине барган. Түркмөн бийликтеринин пикиринде, ага бул ишти аткарууда кош жарандуулугу жардам берген. Алар оңунан чыкпай калды деп аташкан төңкөрүштү уюштурууга ошол учурда орус-түркмөн жарандыгы бар адамдар катышкан. Ушул мүмкүнчүлүктөн пайдаланышып, Орусия менен Түркмөнстан ортосунда эркин каттап, пикир алышып турушкан. Менимче, бийликке Гурбангулы Бердымухаммедов келгенден кийин деле ушул эле көз караш, маанай сакталып калды. Андыктан Бердымухаммедов Ниязов баштаган ишти аягына чыгарууга умтулууда.

Орусия – Түркмөнстан кош жарандыгынын тарыхына келсек, эки өлкө мындай келишимге алгач 1993-жылы кол коюшкан. Кайра 2003-жылы ал келишимдин күчүн токтотуу боюнча протокол түзүшкөн. Соңку документти түркмөн парламенти дароо ратификациялаганы менен Орусия думасы бекитүүдөн баш тарткан.

Жазуучусу Акмухаммед Велсапардын пикиринде, түркмөн бийликтерин чоочуткан “илинчек” мына ушул жерде жатат.

Саясий изилдөөлөр боюнча Москвадагы борбордун директору Алексей Мухин “Азаттык” менен маегинде кош жарандык жоюлушунан буга чейин эки паспорту болгон түркмөнстандыктарга тие турган ыктымал кесепеттерге токтолду:

- Орусия азыр Евробиримдик менен визасыз режим, чек араларды ачуу боюнча активдүү сүйлөшүү жүргүзүп жатат. Мындан улам Борбор Азия өлкөлөрүнө Орусиянын виза киргизүүсү боюнча маселе да күн тартибине чыгууда. Андыктан мурда кош жарандуулук Түркмөнстан жарандары үчүн принципиалдуу эмес болсо, азыр мунун актуалдуулугу артты. Анткени бизнес жасоо, Орусияга каттоодо виза алууга туура келип калышы мүмкүн. Бул албетте, белгилүү бир тоскоолдуктарды жаратат.

Маалыматтарга караганда, Түркмөнстандын кош жарандыгы бар жашоочуларынын саны 150 миңдин тегерегинде.

Ашхабаддан түшкөн кабарларда жергиликтүү бийликтер, миграция мекемеси кош жарандыгы барлардын кайсы жарандыкта каларына кызыгып, тактоого киришкени, ал эми мамлекеттик авиокомпания 10-июлдан кийин авиабилеттер биометрикалык паспорт же түркмөн визасы болсо гана сатыларын эскертип жатканы айтылат.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG