Өмүрбек Текебаевдин бошотулушун талап кылган митингчилер Ак үйдүн алдындагы акцияга парламент спикери Чыныбай Турсунбековдун, фракция лидерлерин жана башка депутаттардын чыгышын талап кылып жатышат. Ала-Тоо аянтында митинг кылып жаткандар кечки саат бешке жакын жөө жүрүш менен Ак үйгө барышкан.
Алар талаптарын президент Алмазбек Атамбаевге жеткирүү үчүн ушундай кадамга барганын айтып "Текебаевге боштондук!" деп бирин-бири сүрөп жатышат. Митингчилер бийликти басып алуу ниети жоктугун, болгону мыйзамдуулукту талап кылып жатышканын белгилешүүдө. Азырынча бийликтен эч ким чыккан жок.
“Ата Мекен” партиясынын лидери коррупцияга шектелип, 26-февралда кармалган. Бүгүн анын баш коргоо чарасы каралат. Анын колдоочулары Жалал-Абаддын Базар-Коргон районунда да нааразылыкка чогулушкан. (SE)