Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:09

Крымдын кыйырындагы машыгуу


Крымдын жанындагы ракеталык сыноо.
Крымдын жанындагы ракеталык сыноо.

Украина Кара деңиздеги ракеталык сыноосунун биринчи күнү ийгиликтүү аяктаганын билдирди. Бирок Крым жарым аралынын жанындагы бул аскердик аракет коңшу Орусиянын кескин сынына кабылды.

Украин армиясы орто аралыктагы ракеталары биринен сала бири асманга көтөрүлүп жатканын көрсөткөн видеону жарыялады. 1-декабрда жалпы 16 ракета учурулуп, бардыгы өз бутасына жеткени кабарланды.

Машыгуу Орусия аннексиялаган Крымдын аба мейкиндигинен 30 чакырым алыстыктагы Херсон аймагында жүрүп жатат. Ракеталык сыноолорго байланыштуу Кара деңиздин түндүк жагынан учактар асманга көтөрүлбөшү керектигин Киев жума башында эскерткен.

Президент Петро Порошенко мындай машыгуу Украина үчүн зарыл экенин айтты:

“Машыгуу эл аралык нормалардын негизинде өтүп жатканын белгилегим келет. Ал Орусия кандай гана билдирүү жасабасын улана берет. Агрессивдүү коңшунун кол салуусуна даяр болуу муктаждыгы – бул машыгуунун бирден-бир себеби”.

Буга байланыштуу Орусия Крымдагы абадан коргонуу системасын күжүрмөн даярдыкка алып келгени жана жарым аралдын батышына аскерий кемелерин жайгаштырганы кабарланды.

Сентябрь айында Орусия Крымда биринчи жолу машыгуу өткөргөн.
Сентябрь айында Орусия Крымда биринчи жолу машыгуу өткөргөн.

Орусиянын Тышкы иштер министрлиги Украинанын бул кадамын “кезектеги чагым” деп атап, украин тарап Орусиянын кескин реакция көрсөтүүсүн каалап жатат деп билдирди. Бейшемби күнү Орусиянын Федералдык авиация агенттиги “Росавиация” ракеталык сыноо орус тараптын аба мейкиндигине шек келтирбестигин кабарлады.

Украиналык политолог Олег Постернак бул машыгуунун максаттары тууралуу өз ою менен бөлүштү:

“Украина аскердик мүмкүнчүлүгү жогорулаганын жар салып жатат. Өлкөнүн армиясы дүйнөдөгү алдыңкы 30 армиянын катарына киргени маалым. Бирок машыгуу боюнча Орусия реакциясын билдирди. Бул реакция Орусиянын агрессиясы реалдуу экенин Батышка далилдөөгө жардам берет. АКШнын жаңы шайланган президенти Трамптын командасы түзүлүп жатканда жана Европа өлкөлөрүнүн ичинде да кайчы пикирлер турган шартта бул аргумент украин тараптын күчтүү көзүрү болуп саналат”.

Москва Крымды 2014-жылы аннексиялап алып, сентябрь айында жарым аралда масштабдуу аскерий машыгуу өткөргөн эле. Украинанын машыгуусу болсо 2-декабрда да уланмакчы.

  • 16x9 Image

    Кубат Касымбеков

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин журналисти. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. "Биз жана дүйнө" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Твиттерде: @Kubat_Kasymbek

XS
SM
MD
LG