Жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорундагы жолдордо кар көчкү коркунучу бар. Жолдорго муз тоңот жана кар күрткүсү болот. Мындай кырдаал 9-декабрга чейин сакталат. Айдоочулар машинелердин ортосунда 500 метр аралыкты сактоого тийиш.
8-декабрда көпчүлүк аймактарда жаан жаап, карга айланат. Чүй, Ош жана Жалал-Абад облустарында жаан-чачын катуу болушу мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9, кээ бир райондордо 17-22 метрге жетет.
Абанын табы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -1...+4, күндүз +3...+8,
Талас жергесинде түнкүсүн -4...+1, күндүз +1...+6,
Баткен облусунда түнкүсүн -2...+3, күндүз +3...+8,
Ош жана Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн -1...+4, күндүз +3...+8,
Ысык-Көл дубанында түнкүсүн -2...+3, күндүз 0...+5,
Нарын облусунда түнкүсүн -6...-11, күндүз 0...-5,
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -14...-19, күндүз -5...-10 градус болот.
Бишкек шаарында түндө жана эртең менен жаан жаайт. Түнкүсүн -1…-3, күндүз +5…+7 градус болот.