Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:00

Мамбеталиев: Орусияны НАТО гана токтото алат


Аскарбек Мамбеталиев.
Аскарбек Мамбеталиев.

Украинадагы соңку кырдаал мындан ары кандай өнүгүшү ыктымал? Анда Орусиянын ролу канчалык? "Азаттыктын" суроолоруна серепчи Аскарбек Мамбеталиев жооп берди.

"Азаттык": Украинанын чыгышында болуп жаткан окуяларды расмий Киев Орусиянын коңшу өлкөнү дестабилдештирүү саясатынын экинчи толкунунун башталышы катары мүнөздөөдө. Расмий Москва болсо Украинанын ички көйгөйлөрүнүн баарын Орусиядан көрө бербөөгө чакырып жатат. Сырт байкоочу катары пикириңиз кандай?

Мамбеталиев: Москва менен Киевден тышкары үчүнчү тараптын пикирин уксак, алар “Орусия Крым менен токтойбу же дагы алдыга жылабы?” деп суроо коюп жатат. Европа, АКШдагы көп эксперттердин айтымында, дагы жылышы мүмкүн. Орусия Украинаны өзүнө каратып алууга кызыкдар. Орусияда моралдык жактан деградация көбүрөөк болгондуктан, алар баскынчылыкты колдоодо. Путин ошолорго таянып жатат. Албетте, Орусияда Андрей Макаревич сыяктуу күчтүү, маданият ишмерлери бар. Алар бул маселени туура түшүнүп, каршы чыгып жатат, бирок андайлар аз. Ошондуктан, менин пикиримде, Орусия мындан ары кетпеши үчүн сырттан НАТО аскердик каршылык коюшу керек. Экономикалык санкциялар Орусияны токтото албайт.

"Азаттык": Украинанын чыгышындагы окуяларга азыр расмий Киев тарабынан жикчилдик, сепаратизм деген баа берилүүдө. Кандай дейсиз, сепаратизм, жикчилик сырттан колдоо болбосо, ички импульс менен кете ала турган процесспи?

Мамбеталиев: Кете албайт. Менин, мисалы, Киевде жашаган орус улутундагы тааныштарым бар. Алардын кээ бирлери Путиндин саясатын колдобойт. Алар “Бизге украиндер зордук-зомбулук кылган жок” деп айтып жатат. Бирок чыгыш жакта маселе татаал, анткени ал жакта орустар көп. Алар азыр жүрүп жаткан пропаганданын негизинде Путинге Кудайындай эле ишенет.

"Азаттык": Украинадагы жараяндардын өнүгүшүн кандай болжолдойт элеңиз? Айрым саясатчылардын пикиринде, учурда Орусия Украина үчүн федерализм идеясын утур-утур түртүүдө...

Мамбеталиев: Бир саясатчы айткандай, федерализм өзү күлкүлүү нерсе. Орусия андай кылбашы керек. Орусиянын массалык маалымат каражаты басымдуу өлкөлөрдө Москваны колдогондор көп. Бизде, Кыргызстанда да ошондой болуп жатпайбы. Муну ким токтото алат? Эгер НАТО менен АКШ куралын каршы койгондо гана токтотуу мүмкүн. Антпесе, Орусия токтобойт. Анын үстүнө, бул өлкөнүн ичинде социалдык нааразылык күч алууда. Ошондон алаксытуу керек да. Кремль алаксытпаса, Орусия өз ичинен бөлүнүп кетиши ыктымал.
XS
SM
MD
LG