Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:31

Янукович Кремлдин көмөгүнө үмүт артат


Янукович пресс-конференция берүүдө. 28-февраль, 2014-жыл.
Янукович пресс-конференция берүүдө. 28-февраль, 2014-жыл.

Украинада бийликтен четтетилген президент Виктор Янукович Орусиянын Ростов-на-Дону шаарында маалымат жыйын өткөрдү. Ал азырынча Орусиянын президенти Владимир Путин менен жолугуша электигин, бирок телефон аркылуу баарлашканын, Батышты болсо өз бийлигине каршы чыккан нааразылык аракеттерин колдогону үчүн айыптаарын билдирди. Украинанын жаңы бийлиги Януковичти камакка алуу тууралуу буйрук чыгарган.

Ростов-на-Дону шаарындагы маалымат жыйын

Украинанын бийликтен четтетилген президенти Виктор Янукович Орусиянын түштүгүндөгү Ростов-на-Дону шаарында 28-февралдагы маалымат жыйынында сүйлөгөн сөзүндө «Украинанын келечеги үчүн күрөшүмдү улантам» деп билдирди:

– Мага Украинанын келечеги үчүн күрөштү, террор жана коркутуу аркылуу өз көзөмөлүн орнотууну көздөгөндөргө каршы күрөштү улантууну максат кыларымды айтууга мезгил жетти.

Бул Януковичтин бир жумача мурда Киевден качып кеткенден кийинки биринчи пресс-конференциясы болду. Янукович өзүнүн жана жакын адамдарынын өмүрүнө түз коркунуч келгендиктен улам Украинадан кетүүгө мажбур болгондугун билдирди.

Ал Украинанын жаңы бийликтерин «фашист, ууру-кескилер» деп мүнөздөдү жана «алар аз сандагы украиндердин гана кызыкчылыгына кызмат кылат» деп ырастады. Янукович ошондой эле кризис мезгилинде туруктуулукту жана мыйзамдуулукту камсыздай албаганы үчүн кечирим сурады.

Ал Батыш өлкөлөрүн «демонстранттарды колдоп, жоопкерчиликсиздигин көрсөттү» деп сынга алды. Януковичти президенттик кызматтан четтеткен Украинанын жаңы бийликтери Орусиядан аны өткөрүп берүүнү сурай тургандыгын билдирген.

Януковичтин бейшембидеги каты

27-февралда Виктор Янукович украин элине кат жолдоп, өзүн дагы деле Украинанын мыйзамдуу президенти деп эсептерин билдирген. Өз катында ал ошондой эле Орусиянын бийликтеринен «экстремисттерден» коргоп калууну суранганын бышыктады.

Янукович: "Мени эч ким бийликтен кулаткан жок" (Орус тилиндеги тасма)
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:12 0:00


Азыркы убактылуу президент Турчинов Симферополдогу мамлекеттик имараттарды басып алууну катуу айыптады. Крымдын прокуратурасы Украинанын Кылмыш-жаза кодексинин “теракт” беренеси боюнча иш козгоду.

Утурумдук президент жана украин парламентинин спикери Александр Турчинов Орусияга эскертүү жасап, Кремль өзүнүн Крымдагы Кара деңиз аскерий флотун базадан алыска чыгарбашы керектигин, эгер келишимде белгиленген чектен чыгып кетсе, муну Украина “согуштук агрессия” деп бааларын эскертти.

Украинанын тышкы иштер мнистрлиги Орусиянын Киевдеги элчисин чакыртып, Москва менен тезинен консультация жүргүзүүгө үндөдү. Аны менен бирге элчиге Севастополдогу Кара деңиз аскер флотун Орусия келишим боюнча көрсөтүлгөн аймактан чыгарбашы керектиги жазылган нота берди.

Симферополдогу парламент менен өкмөттүн имараттарын белгисиз куралчандар бейшемби күнү таңга маал басып алышкан.

Крымдын өкмөт башчысы Анатолий Мохилов 50дөй куралчан киши имараттарды ээлеп алып, эч кимди ичине киргизбей кармап турганын билдирди.

Мохиловдун айтымында, куралчандар менен сүйлөшүү жүргүзүүдөн майнап болбоду. Алар “сүйлөшүү жүргүзүүгө укуктуу эмес экенин” гана айтышканын, өздөрү эч кандай талабын да билдиришпегенин өкмөт башчы кошумчалады.

"Азыр парламенттин ичинде эмне болуп жатканын эч ким билбейт. Биз 30дай куралчан киши кантип имаратты басып кирип, ичинен милицияны кууп чыгарганын гана көрдүк" - деп сүрөттөдү окуянын күбөсү Максим деген жигит “Рейтер” агенттигине.

Ички иштер министринин милдетин аткарып жаткан Арсен Аваков басылып алынган имараттардын айланасы толугу менен курчоого алынганын, полиция өзгөчө режимде иштеп жатканын айтты.

Украинада орусиячыл президент Виктор Янукович бийликтен кулатылгандан кийин калкынын басымдуу бөлүгүн орус тилдүүлөр түзгөн Крым автономиялуу республикасында жикчил (сепаратисттик) маанай күчөйт деген коркунуч улам жайылууда.

Расмий Кремлдин жана Батыштын туруму

Кремль болсо Украинадагы жаңы бийликтин легитимдүүлүгүнөн күмөн санай тургандыгын буга чейин билдирген. Президент Путин шаршембиде күтүүсүз жерден өлкөнүн Украина менен чектеш аймагындагы аскерлерине согуштук машыгуу өткөрүүнү буйруду.

НАТОнун коргоо министрлеринин жыйынын ачып жатып, шаршембиде Брюсселде баш катчы Андерс Фог Расмуссен альянс Украинанын аймактык биримдигин коргой турганын белгиледи:

- Бардык элдер Украинанын көз карандысыздыгын жана эгемендигин, аймактык бүтүндүгүн таанышы зарыл деп билебиз. Биздин бул билдирүү кимге жолдонуп жатканын алар өздөрү түшүнөт.

Бейшембиде Киевде Жогорку Рада жаңы утурумдук өкмөттүн курамын бекитти. Жаңы өкмөт мүчөлөрүнө талапкерлер шаршембиде Көз карандысыздык аянтында элге тааныштырылган жана жаңы өкмөттү аны экс-премьер Юлия Тимошенконун жакын санаалашы Арсений Яценюк башкарып калды.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG