Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 06:31

Улуттук филармониянын алдында заманбап балет труппасы түзүлөт


"Тодес" балетинин бийчилери.
"Тодес" балетинин бийчилери.

Кыргызстанда биринчи жолу классикалык балетти жана заманбап бийди айкалыштырган жаңы балет труппасы түзүлөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы "Азаттыкка" билдирди.

40 бийчиден турган жаңы топко 18 жаштан 25 жашка чейинки улан-кыздар кабыл алынат. Курам кастинг аркылуу түзүлөт.

Алгачкы кастинг 3-4-апрель күндөрү Чолпонбек Базарбаев атындагы Бишкек хореграфиялык окуу жайында өтөт. Ага орусиялык хореограф, "Тодес" эл аралык балетинин негиздөөчүсү Алла Духова баштаган хореграфтар катышат.

"Жаңы түзүлгөн балет труппасы Токтогул Сатылаганов атындагы Кыргыз Улуттук филармониясынын штатына кабыл алынып, Кыргызстандагы алгачкы заманбап балет трупасы болуп түзүлөт", - деп айтылат мекеме тараткан маалыматта. Кастинге катышууда жарандык чектелбейт.

Кыргызстанда классикалык искусство тармагы өлкө эгемендик алгандан бери эле ара жолдо калганы айтылып келет. Учурда академиялык мектептин өзү жана бул багытты жашоодогу негизги иши катары тандап алган жаш муундун өкүлдөрү бар. Бирок эксперттер бул тармак алдыга жылбай жатканын моюнга алышат. Ага каржылоодогу ыкмалардын эскиргени негизги себеп экенин белгилешет. (NbA)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG