Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:16

Үркүндүн жеке адам тагдырына тийгизген залакасы, тагдырдын тар жол, тайгак кечүүсүнө кабылган бир үй-бүлөнүн тарых-таржымалы.

Кичине кезимде апамдын “Түрмөң кара жерге кирсин, аны кулагыма угузбачы” деп атама айтып калган сөзүнөн үрөйүм учуп, коркуп кетчүмүн. Эмне экенин түшүнбөсөм да, жаман бир жерди айтып жатканын балалык сезимим туюп, ал сөздү такыр уккум келчү эмес. Азыр өкүнөм, атамдын көзү тирүүсүндө жакшылап көңүл коюп угуп калсам эмне?

Өзү момун, эч кимге катуу сүйлөбөгөн, деги эле көп сүйлөбөгөн жоош адам эле. Балким башынан өткөргөн катаал турмушу, көргөн кордуктары көңүлүн калтырып, бирөөгө бир нерсе айтканга таптакыр эле бөгөт коюп, тилин бууп койгонбу, бирок апам үчөөбүз жайбаракат чай ичип отурганда "Памир" деген сары тамекисин биринин артынан бирин түтөтүп, күчүн “жүз граммдан” чыгарып, жаштыгын эстеп, Кытайдагы жашоосун, кантип ата-бабасынын туулган жерин таап келгени жөнүндө кеп салып калчу. Мына ошол айтып берген окуяларын апамдын да эсинде калган элестеринин жардамы менен аз да болсо баяндап берүүнү чечтим, анткени толугу менен атамдын тагдырын сүрөттөп чыксам бир чоң көлөмдүү роман болчудай.

Атам Кытайда туулган. Ата-теги Түптүн Чоң-Таш деген атактуу жазуучубуз Мукай Элебаевдин туулган айылынан болот. Мукайдын атасы Элебай менен атамдын атасы Аламан бир тууган болгон экен. Апам азыр деле Мукай атаны “молдоке” деп тергейт. Жаңы эле үйлөнүп, турмуш кура баштаганда Үркүн башталып, айылы менен Каркыранын суусун кечип, казактардын жайлоосунан ашып өтүп Текеске качышыптыр. Көрсө, ошол каргашалуу күндөрдү сүрөттөгөн турбайбы Мукай ата “Узак жолунда”. Текесте бир жыл турушуп, ал жердин эли кыргыздарга жашоо бербей, мал-мүлкүн тартып алып күн көрсөтпөй койгонунан бир жылдан кийин Ысык-Көлгө кайтууну чечишет. Чоң энем Текесте жүргөндө күйөөсүнөн ажырап калган экен, курсактагы баласы менен кытай-казак чек арасына келет. Чырайы келишкен сулуу келинди курумшуга ороп, бети-башына көө сыйпап, туугандары чек арадан эптеп алып өтүшмөк болушат. Ошол жерден кытай аскерлери баарын бирден тинтип текшере баштайт, ага да бир айылдаш тууганынын коюнунан мылтык таап алышканы себеп болот. Ошо кезде кыргыздын далай сулуу кыздарын кытайлар күчкө салып эле аялдыкка алып калышчу экен. Чоң энеме да бир кытай полковнигинин көзү түшүп, чектен өткөзбөй аялдыкка алып калат. Туугандары бир кызынан ажырап, боздогон бойдон элине кетет. Бактыга жараша, атамдын өгөй атасы улуту кытай болсо да, кыргыздарды сыйлаган, алган аялын жанындай сүйгөн жакшы адам болуп чыгат. Атам ал кишинин эркелеткен сүйүктүү уулу болуп чоңоет, кытай мектебинен окуйт, арабча жазып, окуганды үйрөнөт. Мен кичине кезде атам орус-кыргыз алфавитин жакшы жаза албай кыйналып жатканын көрүп: “ушундай да сабатсыз, караңгы болобу?”- деп кыйынсынып калчумун. Ээх, советтик тарбия... "Манасты" окуп беришимди суранып эле мени кыйнай берчү. Кунт коюп угуп отурчу, калмактарды сөгүп, кадимкидей ачууланып, апам экөө талкуулап калышчу. “Карасаң, таңозурайын, Коңурбайды!” деп кыжырланып кетчү. Менин милдетим шатыратып китепти окуп берүү, кичинекей болуп, эмнени окуп атканымды өзүм да түшүнбөйм, иши кылып, аягына чыгарып, эшикке чыгып ойнош керек да, араң чыдачумун.

Угушума караганда чоң апама үйлөнгөн кытай чоң атам кыргыздардын айылына көчүп барып, ислам динин кабыл алган экен өз ыктыяры менен. Кытайча атын которуп, Мухамбетсалык деген ысымды молдолор берген дешет. Колунда бар, оокаттуу үй-бүлөнүн бири болуп жашап, атамдан кийин дагы үч балалуу болушат. Кийин атамдын карындаштары 60-жылдары биздин үйгө келген. Ошондо "бу кандай, аттары башкача" деп таң калгам. Күүшан, Элешан, атамды Эшжан деп коюшчу. Көрсө, кытайдын эле аттары экен: Ти Шань (атам), Ли Шань, Кю Шань. Бирок Мухамбетсалыков деген фамилияны алып жүрүшчү. Чоң энем туулган жерине көксөп жете албай жүрүп, ошо Текестен кайтыш болгон, жалгыз бир тууганы Шатыдагы Өмүраалыны да көрбөй жүрүп өтүп кетти. Карындашын алып кетем деп барган агасын ( 20-жж. Кытай менен биздин чек ара ачык эле болуп, соода-сатык оңой эле жүрүп турган экен) кытайлар өлтүрүп сала жаздап, араң качып кутулган экен. Чоң энем өзү кете албасына көзү жетип, 1946-жылы уулунун таекесине, эли-жерине кетишине кам көрүп, Көлгө жөнөтөт. Чек ара ал кезде жабылып калган, Советтер союзу менен Кытайдын мамилеси курчуп турган мезгил экен. Ошого карабай атам чек араны бузуп өтүп, Шатыны таппай, кайра кайтууга мажбур болот. Чек арага жеткенде казактын бир койчусуна капыстан жолугуп калып, ала келген алтындарын, баалуу кийим-кечегин берсе да болбой, ал казак атамды чек арачылардын колуна салып берет. Ата Мекендик согуштан кийинки жыл эле да, корголоп ар кимдин үйүндө түнөп жүрүп, таң калганын айтып калчу. Баары эле мүшөк, кап кийген, ачкачылыктын, жакырлыктын чегине жеткен көлдүк кыргыздарды көрүп, үрөйү учуптур. Өзү андайды көрбөгөн, жанында коштогон жигити, күлүктөрү, баркыттан кийген чапаны, кымбат ээри, көрпөчөсү, алтындары, кымбат белектери менен жүрсө, көзүнө укмуштай эле көрүнсө керек. Чек арачылар ошо жалгыз көрпөчөсүн гана калтырып, калган оокаттарынын баарын тартып алып, жанындагы кишиси менен жөө Алматынын түрмөсүнө айдап кетишет. Эки жыл чек ара бузгандыгы үчүн түрмөдө отуруп Ысык-Көл деген жерди сурамжылап отуруп Шатыны, таекесин таап келет. Азыр кыргыздар каалаган өлкөгө чыгып, оңой эле кайра кайтып келишет, кандай гана эркиндикке жеткен экенбиз! Аны да баалабайбыз го... А кезде өз Мекенин издеп келген киши атамдай болуп түрмөгө түшчү экен. Тергөөчүлөрдөн, НКВДдан көргөн запкыларын эстесем, айтып бүткүс узун тарых. Шатыдан да жанын койбой, жаңы эле апам экөө үйлөнүп бир балалуу болору менен НКВДнын бир агенти каралап, тууганыбыз Турсун (атактуу жазуучубуз Эрнис Турсуновдун атасы) берген бээни байлап Кытайга качканы жатат деген жалааны жаап, кайра камалат, чыккынчылык беренеси менен 25 жылга кесилет. Кыргыздардын арасында мындай көралбастык, аша чапкандык, ынтымактын жоктугу, айылдашына, жакынына бир максатына жетүү үчүн кылган жамандыгы бар адамдар, тилекке каршы, азыр да кездешип жатпайбы. Кандай өкүнүчтүү...

Күнөөсүз жерден момун мусулман атам дагы түрмөгө кетет. Кээде ушунчалык кыргыз деп, элим-жерим деп эмнеге мынча азап чекти экен, Кытайында эле жүрө бербейт беле. Келгенде жыргадыбы? - деп ойлоп калчумун.

Атамдын он алты жаштагы келинчеги боздоп, Караколдун түрмөсүнө тамак алып барат. Апам “Же тамагымды алышпайт, он күндө бир араң киргизчүмүн" деп айтып калаар эле. Ошол кыйын кезең көкөйүнө көк таштай тийген экен, Каракол суусунун жээгиндеги убактылуу кармоочу жайынын жанынан тетири карап өтчү.

Атамды кийин Татарстанга айдап жиберишет. "Салават деген шаарды биз курганбыз”,- деп калчу. Кудай жалгап, беш жылга жетпей мунасага илинип, Балыкчыга кайтып келип, туруп калган. Жокчулук, камакта жаткан күйөөсүн күтүп зарлап жүрүп, суукка чалдыккан тун баласынан ажыраган апам да көрбөгөн кордукту көрүптүр, ошо бойдон балалуу да болбой калышкан экен. Бул да болсо, ошо түрмөнүн кесепети, мурун балалуу болгон киши, чыгып келгенден кийин тукумсуз калганы кандайча? Бул да болсо каргашалуу Үркүндүн кесепети, канчалаган кыргыздын тагдыры буулду, Үркүндө туулган урпактардын тагдыры да кечээ эле оңолбодубу. Кийин мени багып алышкан экен, чоң энемдин жалгыз бир тууганы Өмүраалынын небереси болом. Атамды менин бир туугандарым “жээн ава” дешчү, мен “ата” дейм. Ошо Үркүндүн кесепети кийин мага да тийип, өз ата-энемдин очогунан кетип, чоңойгончо башка үй-бүлөдө, жээнибизге кыз болуп чоңойгом. Мекенибизди сүйөбүз, патриотпуз деп, көкүрөктү каккылап калабыз, ата-бабаларыбызга окшоп, жанынан да аша кечип, эли-жерин эңсеп, тоо-ташты аралап, үңкүрдө жашап, абакта айлап-жылдап жатып, узак жол басып, акыры таап келген Кыргызстаныбызды чын жүрөктөн сүйүү деген анык сезим бар болду бекен бизде? Ооба, бар. Бирок ата-бабалар көргөн Үркүндөн, жамандыктан кудай сактасын, кыргыз кыргызга душман чыкпай, бири-бирибизге күйүмдүү болуп, жерибизде дайыма тынчтык өкүм сүрүшүн каалайм.

Миргүл Өмүралиева

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG