Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:21

Бостондогу жардырууга шектелгендер Кыргызстандан кеткен


АКШ -- Жардырууга шектелген Жохар жана Тамерлан Царнаевдер кымгуут түшкөн элдин арасында видеокамерага түшүп калган. Бостон, 15-апрель, 2013.
АКШ -- Жардырууга шектелген Жохар жана Тамерлан Царнаевдер кымгуут түшкөн элдин арасында видеокамерага түшүп калган. Бостон, 15-апрель, 2013.

АКШнын Бостон шаарындагы кош жардырууга шектелген Тамерлан жана Жохар Царнаев мындан он жыл мурда Кыргызстандын Токмок шаарынан көчүп кеткен Царнаевдердин үй-бүлөсүнөн болушу ыктымалдыгы айтылууда.

Айрым маалымат агенттиктери Царнаевдердин үй-бүлөсү 2000-жылдары Кыргызстандан Орусияга, андан кийин АКШга жер которгонун жазып чыгышты.

Кыргызстандагы чечен диаспорасынын жетекчиси Аднан Жабраилов болсо "Азаттыкка" Царнаевдердин үй-бүлөсү Токмоктон 90-жылдардын аягында Түндүк Кавказга көчүп кеткенин билдирди:

- Эгер ошол үй-бүлө тууралуу сөз болуп жатса, алар мурда эле көчүп кеткен. Токсонунчу жылдарда эле. Алар негизинен Токмокто жашачу. Апасы 10 жыл мурда көчүп кеткен.

Батыш маалымат булактарынын билдиришинче, жардырууларга шектүү делген эки адам АКШга Дагестандан көчүп келген. Ага чейин Царнаевдер мурда Кыргызстанда жашаганы дагы маалымдалууда.

Бирок ушул эле күнү russian.rt.com сайты Бостондогу жардырууга шектелип жаткан Жохар Царнаев Дагестандагы мектепте окуганын жазып чыкты. Сайт мындай бүтүмгө анын "Вконтакте" социалдык түйүнүндөгү баракчасындагы маалыматтардан улам келген.

"Жохар Царнаев Дагестанда окуган. «Вконтакте» түйүнүндө ал ислам динине байланышкан бир канча топторго кошулган. Бул топтордогу посттор экстремисттик деген ойго жетелебейт, бирок комментарийлер жашырылган. Бул социалдык сеть аркылуу Царнаевдин өмүр таржымалынын айрым учурларын аныктаганга мүмкүн. Ал 2001-жылы Махачкаладагы бир мектепте окуган. А 2011-жылы Бостондогу америкалык мектепти аяктаган. Профилдеги маалыматка караганда, ал үчүн "ислам, карьера жана акча" эң башкы орунда", - деп жазат аталган сайт.

RT сайтына Махачкаладагы мектептин катчысы Царнаевдердин үй-бүлөсү бул шаарга Кыргызстандан 2001-жылы көчүп келгенин билдирген. Анын айтымында, Жохар бул мектепте бир жыл гана окуган жана аны азыр класс жетекчиси да эстей албайт. Андан кийин бул үй-бүлө АКШга орун которуп кеткен. Азыр айрым мугалимдер Царнаев катардагы эле кадимки балдардын бири болгонун эстешүүдө.

2011-жылы Царнаев жогорку мектепке окуу үчүн Кембриж шаарынын 2,5 миң доллар өлчөмүндөгү стипендиясын алган. Царнаев акыркы жолу "Вконтактеге" 2013-жылдын 19-апрелинде, Москва убактысы боюнча таңкы саат бештен төрт мүнөт өткөндө кирген.

"Бостондогу жардырууга шектелген экинчи адам - Тамерлан Царнаевдин сүрөттөрү бокс тууралуу сайттарга жайгаштырылганга караганда, профессионал боксчу болушу мүмкүн. Сүрөттөрүнүн астындагы жазууларга ылайык, ал Орусияны сүйбөйт жана ислам эрежелерин катуу карманат, - деп жазат аталган сайт.

Мындай маалыматтардан улам жума күнү кечинде Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети Царнаевдер чын эле Кыргызстанда жашаганын тастыктаган маалымат таратып, бирок аларды азыр Кыргызстан менен байланыштыруу орунсуз экенин эскертти: "Царнаевдердин үй-бүлөсү Токмок шаарында жашаган. 12 жыл мурда Дагестанга, андан ары АКШга жер которгон. Бостондогу жардырууга шектелип жаткан экөө 8 жана 15 жаш кезинде көчүп кеткендиктен, аларды азыр Кыргызстан менен байланыштыруу орунсуз деп эсептейбиз" , - деп айтылат бул билдирүүдө.

Дүйшөмбү күнү Бостондогу кош жардырууда 3 киши өлүп, 170тен ашуун адам жарадар болгон. Бул жардырууну полициянын болжолунда, эки адам уюштурган. Алардын бири кечээ Бостондо полициянын огунан алган жараатынан ооруканада жан берди.

Бостон полициясынын комиссары Эд Девис каза тапкан адам “террорист экенине ишенип” турганын айтты. Кечээ Массачусетс технологиялык институнун кампусунда ок чыгарган адам кармалган, экинчиси болсо качып кеткен. Ошол качып кеткен кишинин аты-жөнү Жохар Царнаев экени айтылууда.


Дагестан: Царнаевдер окуган мектеп

Дагестан: Царнаевдер окуган мектеп
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:28 0:00
  • 16x9 Image

    Шайырбек Эркин уулу

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, интернет редактор. Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG