Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:11

АКШ: Кымбат шайлоодо ким жеңет?


АКШдагы 57-президенттик шайлоонун өзөк маселеси, өзгөчөлүктөрү, айырмачылыктары кайсылар? Бул суроолорду “Азаттыкттын” “Өңүт” апталык берүүсү америкалык жана кыргызстандык эксперттер менен бирге талдоого алды.

Ак үйдүн азыркы кожоюну демократ Барак Обама менен анын республикачыл атаандашы, мурдагы губернатор Митт Ромни шайлоо өнөктүктүн жүрүшүндөгү үч телетаймашта көзмө-көз айтышканда, эл менен жолугушууларда өзгөчө ички саясаттын маселелери боюнча бири-бирине чабуул коюп, ар кимиси өз турумун коргоого туура келген учурлар көп эле кездешти.

Ромни саясий өнөктүк башталгандан бери Обама төрт жыл мурда убада кылгандай АКШда олуттуу өзгөрүү болгон жок, болсо да ал туура эмес багытта кетти деп сындап келе жатат.
АКШ: талапкерлердин 2-таймашы
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:45 0:00
(ТВ эрөөлдүн жүрүшүнөн үзүндү - орусча котормосу менен)

Барак Обама экинчи телетаймашта Ромни тапкан кирешесинен көпчүлүктөн аз, 14% гана салык төлөөрүн айтып чыккан да азыркы шайлоону 2008-жылкыдан оор тандоо катары мүнөздөгөн:

- Бул жөн эле эки талапкер, эки партия ортосундагы тандоо эмес, бул АКШ кантип улуу мамлекет болгон жана улуу мамлекет бойдон калышы боюнча бири-биринен принципиалдуу түрдө айрымаланган эки башка көз карашты тандоо.

Барак Обама айткандай, америкалык шайлоочулар тандоого туура келген эки башка көз караш эмнени туюндурат?

Саясат таануучу, Жорж Вашингтон университетинин илимий кызматкери Эрика Марат:
-Ромни бери дегенде ички саясат боюнча Обаманын президенттиги учурунда кабыл алынган көптөгөн мыйзамдарды, анын ичине саламаттык сактоо боюнча мыйзамды жокко чыгарууну убада кылган платформа менен шайланууга аракеттенүүдө. Обама болсо Ромни калктын бай катмарына гана кам көрөөрүн, тапкан-ташыганы аз катмардын көйгөйлөрү ага баары бирдигин, анын көздөгөнү бай катмардын кызыкчылыгын коргоо экенин айтып жатат. Албетте, Обама да, Ромни да саясатчы катары бири-бирине каршы өнөктүк жүргүзүүдө реалдуулукту анча-мынча бурмалап жиберишүүдө. Мисалы Барак Обаманын башкаруусунун биринчи мөөнөтүндө кабыл алынган саламаттыкты сактоо мыйзамынын оң жактары бардыгы талашсыз. Аны республикачылардын идеологиялык көз-карашынан улам эле толук өзгөртүп салууга болбойт. Ошол эле учурда демократтар да Ромни экономикалык өсүштү кантип элестетээри, Америка калкынын түрдүү катмарына кантип кам көрөөрү боюнча айтышканда аша чаап кетишүүдө.


Эң башкысы экономика

Экономика быйыл былтыркыдан жай өскөнүн, президенттин экономикалык саясаты иштебей жатканын белгилеген Митт Ромни экинчи телетаймашта “9 миллиондой америкалык жумушсуз, 23 миллион америкалык азыр жумуш издеп жүрөт, ар бир алты адамдын бири жакырчылыкта ”, - деген аргумент келтирди.

Талдоочулар да АКШда жумушсуздуктун деңгээлинин олуттуу азайбаганын Обаманын турумун алсыраткан башкы фактор катары аташууда. “Азаттыкттын” маектеши Эрика Мараттын айтымында, адатта америкалыктар президентти анын экономикадагы жетишкендиктери боюнча тандашат:

- Эгер экономика жакшырса, өссө алар кызматтагы президентке же ошол партиянын талапкерине добуш берет. Эгер экономика алсырап, жумушчу орундар жоголсо, президенттин атаандашын колдошот. Болжол менен америкалыктардын 3% кимге добуш берерин али чече элек. Бул талапкерлер үчүн калктын маанилүү бөлүгү, азыр Обама менен Ромни ортосундагы күрөш мына ушул топ үчүн жүрүп жатат.

Foreign Policy басылмасы акыркы тышкы саясатка арналган телетаймашты талдаган макаласында жазгандай, эки талапердин талкуусунда дүйнөлүк маселелерден Европадагы кризис, глобалдык жылуулук, наркозаттарга каршы күрөш, Израил-Палестин чатагы, Африка жана Кытай кошулбаган Азиянын көйгөйлөрү эскерилген жок.

Вашингтондогу Жорж Мейсон университетинин профессору, Борбор Азия боюнча адис Эрик МакГлинчи “Азаттыкка” белгилегендей, тышкы саясатка келгенде талапкерлердин көз караштарынын негизинен окшоштугун бул шайлоо өнөктүгүнүн өзгөчөлүгү иретинде кароого болот:

- Менимче бул шайлоодогу күтүүсүз нерсе - эки талапкердин тышкы саясат боюнча абдан жакындыгы. Соңку телетаймаш талапкерлердин көз караштары кайчы чыккан башкы чөйрө - эл аралык мамиле эмес, ички саясат, өзгөчө экономикалык маселелер экенин көргөздү. Республикачылар салт болуп калгандай, эл аралык иштерде курч болушчу. Эми азыр алардын талапкери Ромни демократиялаштыруу, либералдаштыруу деген маселелерде буга тикелей кийлигишпестен, кыйыр ыкмалар менен шыктандырып, ынандырууга аракет жасарын ишара кылууда.

Ромнинин буга чейинки сөздөрүнө караганда, эгер ал президенттикке келип калса, тышкы саясаттан маселен, Иран жана Орусия боюнча Обамага караганда катаал турумду карманат.

Обама болсо өз кезегинде Ромнинин Орусия боюнча кескин көз карашын "кансыз согуш доорундагы саясатка кайра кайтуу" деп сындаган.


Эң кымбат шайлоо

Быйылкы президенттик шайлоонун дагы бир өзгөчөлүгү - АКШнын тарыхындагы эң кымбат өнөктүк экендиги. Жалпысынан эки талапкердин шайлоо өнөктүгүнө 2 миллиард доллардан ашуун акча коротулаары айтылууда.

Талапкерлердин каражат топтоосуна жана чыгымына байкоо салган уюм - "Жоопкерчиликтүү саясат" борбору мындан эки ай мурун Обама менен Ромнинин Ак үй үчүн жарышы быйыл 2,5 миллиард долларга жетиши мүмкүндүгүн болжолдогон.

25-октябрда Обаманын шайлоо кору 1 миллиард доллардан ашты. Ал АКШ тарыхында шайлоо кору бир миллиарддык чекти багындырган алгачкы президенттикке талапкер болуп калды. Ал эми Ромнинин шайлоо кору жогорудагы датага карата 920 миллион долларга жеткен.

Эгер талапкерлер биригип, эки миллиард доллар сарптаса - 2008-жылдагы президенттик шайлоодо коротулган каражаттан 300 миллион долларга, ал эми 2000-жылкы шайлоодон бир нече эсе көптүк кылат экен.

Шайлоо штабдарынын маалымат өнөктүгүнө байкоо салган The Wesleyan Media Project уюмунун баамында, бул жолу терс рекламалардын кескин көбөйдү. Бул топтун эсебинде, терс мүнөздөгү рекламалар 2008-жылга салыштырмалуу жети эсеге арбыган. 4 жыл мурун рекламалардын 9% гана терс мүнөздө болсо, быйыл бул көрсөткүч 70% жетиптир.

Болочок кызматташтык

6-ноябрда шайлануучу АКШнын президенти 2016-жылга чейин, башкача айтканда Ооганстандан америкалык аскерлер чыгарылгандан кийин дагы толук эки жыл бийликте турат. Ооганстандан аскерлердин 2014-жылы чыгарылуусун Барак Обама да, Митт Ромни да колдойт.

Акыркы 11 жылдан бери АКШ администрациясынын Борбор Азия өлкөлөрү, анын ичинде Кыргызстан менен кызматташтыгы көбүнесе Вашингтондун Ооганстан боюнча саясатына байланышып келгенин эске алганда, аскерлер чыгарылгандан кийинки кызматташтык эмнеге көз каранды болот?

Жорж Мейсон университетинин профессору, Борбор Азия боюнча адис Эрик МакГлинчи:

-Шайлоону ким жеңгенине карабай, сиздер акыркы төрт жылдагы жараяндын уланышын көрөсүздөр. Бул мезгилде АКШ эмне жасаганына көз чаптырсак, ал Ооганстан боюнча стратегиялык кызыкчылыгын ишке ашырууну көздөгөнүндө шек жок. Бул - артыктчылыкка ээ стратегиялык кызыкчылык. Айрымдар зарылчылыктан улам АКШ адам укуктары, демократиялаштыруу, саясий реформа өңдүү маселелерге аз көңүл буруп калды деп айтышат. Менимче бул адилетүү эле баа. Бирок эгер сиз Мамлекеттик департементтин реакцияларына такай байкоо салып турсаңыз, Борбор Азия өлкөлөрү менен стратегиялык мамиле жакындаган кезде да, адам укуктары, улуттук азчылыктар боюнча тынчсыздануулар ар убак ачык айтылып келди. Андыктан, бул эки тактика тең улантылат.

Ал эми саясатчысы жана илимпоз, соңку үч жылдан бери АКШда жашаган Бакыт Бешимов Вашингтон администрациясынын Кыргызстан менен 2014-жылдан кийинки алакасын “үч бурчтукка” байланыштырат:

- Алар Американын Орусия менен мамилеси, Кытайга карата көз-карашы, анан Түштүк Азия, анын ичиндеги Ооганстандагы абалга жараша болот. Ушул үч бурчтуу мамилелерге жараша болот. АКШ аскерлери 2014-жылы Ооганстандан чыгып кеткен күндө да, Американын таасири болот. Күчөйбү же азаябы айтыш кыйын. Эки жылдын ичинде ар нерсе болуп кетиши мүмкүн. Бирок Кытайды Америка азыркы учурда абдан кылдаттык менен карап жатат. Анын Орусия менен мамилесинин келечегин айтыш кыйын. Азыр ал экөөсүнүн мамилеси салкын болуп турат.

АКШ-Орусия алакасы демекчи, 2008-жылы Барак Обама президенттикке шайлангандан кийин Москва менен мамилени “кайра жандандырган”. Эки жак өзөктүк дүрмөттөрдүн санын кыскартуу келишимине жетишкени менен ракетадан коргонуу системасы өңдүү маселеде мунаса таба элек.

Эгер президенттикке республикачыл Митт Ромни шайланып калса, АКШ менен Орусиянын бул жааттагы мамилеси татаалдашат деген пикирлерге Жорж Вашингтон университетинин илимий кызматкери Эрика Марат да кошулат:

- Эгер Барак Обама кайра шайланса, Борбор Азияда "Жаңы Жибек жолу стратегиясын" түртөөрү анык. Ал Ооганстанда коопсуздук жана стабилдүүлүк орношу менен Борбор Азиянын Түштүк Азия менен соода-сатыкты күчөтүүсүн карайт. Бирок бул стратегиянын да сынчылары көп. "Жаңы Жибек жолу стратегиясы" практикада колдонууга мүмкүн болбогон идеология деп атагандар да бар. Бул көз караштыгылар 2014-жылдан кийин ооган күчтөрү, полициясы өлкөдө тартипти кармай аларынан күмөн санашат. Көп сынчылары бар "Жаңы Жибек жол стратегиясы" аркылуу АКШ Мамдепартаменти аскерлерди чыгарган менен силерди унутпайбыз, соода-сатык долбоорлорду, экономикалык, саясий өнүгүүңөрдү колдойбуз дегенди айткысы келүүдө.

Маектешибиз Эрика Марат Ак үйгө республикачыл же демократтардын администрациясы келээрине карабай, Кыргызстанда “Манастагы” транзиттик борборду сактоого кызыкдар болоорун коушмчалайт.

Соңку төрт жылда Барак Обаманын администрациясынын ички жана тышкы саясатта жасаган кадамдары АКШ калкынын кызыкчылыктарына канчалык төп келди, анын саясий атаандаштары Обаманын ички саясатта, өзгөчө экономикада карманган багыты туура эместигине шайлоочуларды канчалык ынандыра алат - 6-ноябрда аныкталмакчы.

АКШдагы президенттик шайлоого арналган "Азаттыктын" атайын бетиндеги интерактивдүү картаны бул жерден көрүңүз.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG