Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Июнь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:20

Клинтон менен Трамп телетаймашка даярданууда


Теле таймашка даярдык. Хофстра университети, 25-сентябрь, 2016-жыл.
Теле таймашка даярдык. Хофстра университети, 25-сентябрь, 2016-жыл.

АКШда бүгүн президенттикке талапкерлердин алгачкы телетаймашы өткөнү турат.

Бир жарым саатка созулуучу эрөөл Ак үйгө умтулгандар үчүн шайлоочулар алдында өз беделин көтөрүп, тескерисинче атаандашыныкын түшүрүүнүн эң жакшы мүмкүнчүлүгү катары каралууда. Жергиликтүү убакыт боюнча кечинде өтүүчү телетаймашка он миллиондогон адам байкоо салары күтүлүүдө.

Шайлоонун чоң жарышына түшкөндөн бери жактоочулары менен жолугушууларында, башка трибуналарда бири-биринин дарегине ачуу сөздөрдү аябаган Клинтон жана Трамп, ошентип, бүгүн биринчи ирет көзмө-көз беттешмекчи.

АКШдагы президенттик өнөктүктүн финалдык бөлүгүндө салтка айлангандай, бир жарым сааттан үч ирет өтүүчү телетаймаштын алгачкысы Нью-Йорктогу Хофстра университетинде болгону турат.

Баяндамачылар мурда кийин саясий кызматта иштебеген Дональд Трамп, баштапкы баскычтагы ички партиялык көп тараптуу дебаттар учурунда атаандаштарына капыстан эле кыргыйдай тийүү ыкмасын колдонгонун, тигил же бул маселелерди узагыраак сөз кылууну талап кылган эки тараптуу талкууларда тажрыйбасы жоктугун, бирок теледеги шоу программаларга катышуу жагынан чебер экенине көңүл бурушууда.

Ал эми мурдагы биринчи айым, сенатор жана мамлекеттик катчы Хиллари Клинтон эки тараптуу саясий дебаттарды буга чейин басып өткөн.

Телетаймаш өтүүчү жер. Хофстра университети. 25-сентяьбь, 2016-жыл.
Телетаймаш өтүүчү жер. Хофстра университети. 25-сентяьбь, 2016-жыл.

2008-жылы талапкер кезинде теледен азыркы президент Барак Обама менен таймашса, бул шайлоодо ички партиялык жарыштагы негизги атаандашы сенатор Берни Сандерс менен айтышкан.

- Менимче, бул (телетаймаш) Клинтон үчүн чындап эле экономиканы оңдой турган, экономиканы өйдөдөгү бир ууч топ үчүн эмес, баары үчүн иштей тургандай кыла турган саясатты жана өзүнүн ушул багыттагы ойлорун чечмелеп бере турган учур. Бирок, Клинтон көйгөйгө кабылат. Себеби, Трамп кепке-сөзгө келбей эле мунун баарын калп деп жатат. Андыктан, Клинтондо эки милдет турат. Биринчиси, дебатты оң нукка буруу, ошол эле учурда Трамп баарын алдын-үстүн кылып салышына жол бербөө, - дейт Клинтондун шайлоо штабынын башчысы Жон Подеста.

Быйылкы телетаймаштын аудиториясы адаттагыдан чоң, 70 миллиондон 90 миллионго чейин адам көрөт деп күтүлүүдө.

Бул 1980-жылы демократтардын талапкери Жимми Картер менен республикачыл Рональд Рейган теледен таймашкан учурдагы аудиториянын көрсөткүчүнө бери дегенде жетүү же басып өтүү болот.

Клинтон менен Трамп.
Клинтон менен Трамп.

Салыштырсак, 2012-жылы азыркы президент Барак Обама менен анын атаандашы Митт Ромнинин таймашын, Nielsen деген рейтинг компаниянын эсебине караганда, 46,2 миллион адам көргөн.

Андыктан, тараза ташында шайлоочуларды өзүнө тартуу маселеси тургандыктан эки талапкердин шайлоо штабдары алдыдагы дебатка өз тактикаларын даярдашты:

- Дональд Трамп даярданууда. Америкалыктардын чакан да, чоң да топторуна сүйлөп, өз кайрылууларын коомчулуктун кеңири катмарына кантип жеткирип жатканына силер күбө болуудасыңар. Коомдук пикирдеги ири өзгөрүүлөр мына ушундан улам жүрүп жатат. Коомдук пикир бүгүн жана эки же бир апта мурда кандай эле? Өтө чоң жылыш болууда. Мен Америка коомчулугу чындап эле ойгонуп жатканын сезүүдөмүн, - деди кабарчыларга Трамптын шайлоо штабындагы кеңешчилердин бири Майкл Флин.

Телетаймашка көз салуучу журналисттер үчүн медиа борбор. 24-сентябрь, 2016-жыл.
Телетаймашка көз салуучу журналисттер үчүн медиа борбор. 24-сентябрь, 2016-жыл.

Айткандай эле телетаймаш коомдук пикирди сурамжылоонун соңку жыйынтыктары боюнча Клинтондун Трамптан сезилерлик ажырымы азайган кезде өтүүдө.

Reuters/Ipsos сурамжылоосу Клинтон Трамптан азыр өлкө боюнча 4% гана алдыда турарын көргөзгөн. Ушул эле сурамжылоого тартылган америкалыктардын жарымы теледебат алардын чечим кабыл алуусуна жардам берерин айтышкан.

  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG