“Хан-Бүргө” деп аталган ишкана төө буурчакты тазалап, сорттоп жана таңгактап, экспортко чыгарат. Ишкана “Айыл банктын” каржылоосу жана ишкердин жеке салымы менен 2016-жылы курула баштаган. Алгачкы иши 18-февралда башталды. Бул тууралуу Жаш ишкерлер бирлигинин Таластагы өкүлчүлүгү маалымдады.
Таласта жылына 90 миң тоннанын тегерегинде төө буурчак өндүрүлүп, негизинен экспортко кетет, башкы импортер өлкө Түркия.
2016-жылы 50 миңден ашык гектарга төө буурчак эгилген.(ZKo)