Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:36

Авиакырсык: экипаждын төртүнчү мүчөсүнүн сөөгү табылганы кабарланууда


Авиакырсык.
Авиакырсык.

Чүйдөгү учак кыйраган жерден дагы бир жасат табылды. Ал экипаждын төртүнчү мүчөсүнүн сөөгү болушу ыктымал. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлагандай, бүгүн саат 10:15те учактын ичинен табылган сөөктүн тек-жайын тактоо жүрүп жатат.

Акыркы маалыматтарга ылайык, апааттан набыт болгондор саны 38ге жетти. Куткаруу-тазалоо иштери уланууда.

16-январда Гонконг-Стамбул багытында бараткан жүк учагы май куюу үчүн “Манас” аэропортуна конууга аракет кылганда Дача айылына кулап түшкөн. Набыт болгондордун төртөө экипаж мүчөлөрү, калганы айыл тургундары. (SE)

XS
SM
MD
LG