Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:51

ТАЖИКСТАН: ПРЕЗИДЕНТТИН “КАЗА БОЛГОН” КАЙНИСИ ТИРИЛДИ


Мындан бир айдай мурда Тажикстанда жергиликтүү коммерциялык банктын башчысына байланыштуу калк арасын ар түрдүү каңшаар кептер аралап кеткен эле. Айрымдар анын “кайып болуп кеткенин” айтышса, кай бирөөлөр банкирди жакындары оор жарадар кылып, ошонун айынан ооруканада каза болгон деп ишенип калышкан болчу. Өткөн аптада өкмөттүк телеканал “жоголгон” банкир --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/politics/ky/2008/05/97EC80BC-B77A-4FCF-BD13-7F5443370456.asp чоң жыйындардын биринде президент менен чогуу отурганын көрсөттү.

“Ориенбанктын” башчысы Хасан Садуллоев улуттук масштабдагы бараат чыккан бараандуу саясатчы, коомдук же маданий ишмер деле эмес. Аны көпчүлүк негизинен президент Эмомали Рахмондун бир тууган кайниси катары гана билишет.

Өткөн айдын башталышында ал өзүнүн жээни Рустам Рахмон - президенттин уулу- менен чатакташып, атыша кеткенби, же башка бирдеме болгонбу, айтор, желкесине ок тийип, аны шашылыш Германияга жөнөтүп, ошо жерде ооруканада каза болгону тууралуу бир катар маалымат каражаттары кабарлап чыккан эле. Банктын жетекчилиги да муну не төгүндөп, не ырастап берген эмес. Натыйжада калк ичинде президенттин үй-бүлөсү, анын жакын туугандары дүнүйө бөлүшө албай, катуу араздашып калыптыр деген кайбат-каңшаарлар жайылып кетти.

Өткөн аптада Садуллоевди президент Эмомали Рахмон менен чоң жыйында чогуу отурган жеринен өкмөттүк телеканал көрсөткөн соң уу-дуу сөз ого бетер күчөдү. Теледен көрсөтүлгөн Хасан эмей эле, анын түгөйү Хусейн экенин, Хасан жаратынан айыгып чыккыча коммерциялык банкка Хусейн баш-көз болуп турарын көрүп тургандан бетер айрым көз карандысыз басылмалар жазып чыгышты.

Эл аралык мамилелер боюнча институттун башчысы Шокиржон Хакимов бул ызы-чууга байланыштуу бийликтердин, биринчи кезекте “Ориенбанктын” маалымат саясатын сынга алды. “Хасан Садуллоевдин басма сөз кызматы тандап алган “унчукпас” азыркы коомдун талаптарына таптакыр туура келбейт,- деп билдирди ал “Азаттыктын” кабарчысына. – Анын үстүнө бул зыян гана алып келет, анткени демилгени башка маалымат булактары колго алып, президенттин үй-бүлөсүнө, анын жакындарына байланышкан бир катар жашыруун сырлар ашкере болуп кетти. Алардын көбү, арийне, негизсиз болушу мүмкүн. Бирок эми элдин пикирин өзгөрткөнгө кеч болуп калды”.

Эл арасындагы “узун кулактар” болсо Хасан жана Хусейн Садуллоевдердин саясатта, финансы чөйрөсүндө таасири күч алып баратат, буга президент Рахмондун үй-бүлөсү кооптоно баштады, ошондон улам таяке-жээндер ортосунда ыр-чыр көбөйдү дешет. Бу сөздөрдүн канчасы ырас, канчасы калп экенин айтуу кыйын. Бирок Садуллоевдер чын эле коммерциялык банктан тышкары он үч ишканага, алардын ичинде бир нече пахта заводуна, тамак-аш фирмаларына ээлик кылышат.

XS
SM
MD
LG