Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:14

АКШ президенттигине талапкерлердин алгачкы теледебаты өттү


АКШ президенттигине талапкерлердин үч теледебатынын алгачкысы өттү. Шейшембиге караган түнү Нью-Йорктогу Хофстра университетинде демократтардан талапкер Хиллари Клинтон менен Республикачылар партиясынын өкүлү Доналд Трамп бир жарым саат бою беттешип, негизинен өлкө экономикасына жана тышкы саясатына байланыштуу маселелерди козгошту.

90 миллион адам көргөн бул теледебат алгач атаандаштардын жакшы сөздөрү менен башталды, бирок бирин-бири айыптоолор, катуу сындоолор да болду.

Клинтон Трампты калпты жакшы көргөн адам деп атап, жеңишке жетүү үчүн "акылдан адашкан" иштерге да барышы ыктымал, орус президенти Владимир Путинди колдоп жатат жана АКШга каршы киберчабуулдарга тиешеси бар деп айыптады.

Трамп Клинтонду "Сиз өз реалдуулугуңузда жашаган адамсыз, кооз сүйлөйсүз, бирок ишиңизден пайда жок" деп сындады.

68 жаштагы Хиллари Клинтон буга чейин АКШнын мамлекеттик катчысы болгон.

Доналд Трамп 70 жашта. Ал өлкөдөгү эң бай бизнесмендердин бири, мурда теледеги реалити-шоулардын жылдызы болчу.

АКШда президенттик шайлоо 8-ноябрда өтөт. (RK)

XS
SM
MD
LG