Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:42

«ГК-ЧП? ЖО-ОК, БИЛБЕЙМ!»


1991-жылдын 19-августунда СССРди сактап калуунун акыркы амал-аргасы, Өзгөчө кырдаалдар боюнча мамлекеттик комитеттин – ГКЧП бийликти тартып алуу, башкарууну колго алуу аракети оңунан чыкпай калган. Коммунисттик империяны сактап калуунун ошол натыйжасыз аракетинен соң союз курамындагы республикалар өз алдынча эгемендигин жарыялай башташкан.

СССРдин биринчи жана акыркы президенти Михаил Горбачевдун «кайра куруу», социалисттик башкаруууну реформалоо аракети өзү менен чогуу иштешкен коммунист төбөлдөрдүн көбүнө жакпай, аны кызматтан четтетүү, бийликти алуу аракеттери ГКЧПга чейин эле жасала баштаган. СССРдин вице-президенти Геннадий Янаев жетектеген өзгөчө кырдаалдар боюнча мамлекеттик комитеттин арабөк аракети да ишке ашпай, ага тийиштиги бар адамдар сот жообуна тартылып, бирок да бирөөнөн башкасы мунапыска туш келип камактан бошотулган.

«Кечээки көргөн бүгүн жок» демекчи, коммунисттик система урап, СССР ордуна эгемен өлкөлөрдүн желеги желбиреп, ортодогу 16 жыл ичинде оголе чоң тарыхый өзгөрүүлөр болуп өттү. Бирок да коммунисттик идея, идеалды туу туткан, социалзимдин ГКЧПдан кийин ойрон болгонуна кейигенин жашырбай келаткандар деле биртоп. Кыргызстан коммунисттери партиясынын жетекчиси Клара Ажыбекова эртеби-кечпи адамзат социализмге келет, анткени ал карапайым калктын камын ойлогон заман, дейт.

- Мен ойлойм, ГКЧП абдан туура болгон. Бирок биздин эл, Совет эли абдан алданды да. Биз өзүбүз бекер талкалаганбыз да өзүбүздүн чоң Мекенибизди.

Кыргызстан коммунисттик партиясынын саясий кеңеш мүчөсү Орозбек Дүйшеевдин ырасташынча, социализмден ажыраган Кыргызстан эли жыргап кеткен жери жок. Калк бай-кедейге бөлүнүп, ортодогу карама-каршылык күчөгөндөн-күчөп баратат.

- Капиталисттик система бүгүнкү күндө элди экиге бөлүп салды. Байлар-кедейлер. Карама-каршылыктар абдан күчөдү. Эл менен бийликтин ортосундагы карама-каршылык.

Айтса, Кыргызстан демократиялык кыймылы август төңкөрүшүнө биринчилерден болуп каршы чыккан. КДК жетекчилеринин бири Казат Акматов андан берки коом турмушундагы өзгөрүүлөр тууралуу бир пикир айтуу кыйын, деген пикирде. Өткөөл мезгилдин, саясий-экономикалык чайналуунун кыйлага созулуп кетишинин объективдүү себеп-жөнү бар.

- Бизде азыр экономикабыз, саясатыбыз, маданиятыбыз, идеологиябыз – баары тең аралашып ботко болуп, жакшы өнүм бере албай турган кез азыр. Бирок бул доордун да жакшы жактары көп. Ошол жакшы жактары улам барган сайын ачылат деген ишенимдебиз азыр. Андан башка жол болушу мүмкүн эмес. Тарых деген өзү кандай процесс болуп атса да өсүш бере берет. Биздин ошол чайналып атышыбыздын өзүндө да баары бир өсүш бар.

Убакыт өткөн сайын коммунисттик империянын кулашына себепкер болгон окуянын изи өчүп, унутулуп баратат. Бишкек шаар тургуну Лаура Биялиева ал тууралуу бир кезде уккан, бирок азыр эстей албайт.

- Уккам, бирок, билбейм.

Ушундай эле жооптуу Жылдыз аттуу кыз да узатты. Бирок да анын азыркы заман, социализм тууралуу өзүнчө түшүнүгү бар.

- Жок, мен андайларды билбейм. Мурдагы эле заман калса болмок. Эми ал убакта эл эртеңки күнү эмне болорун ошол күнү билчү. Азыр болсо бизде андай жок болуп жатпайбы.

Дагы бир шаардык Нурбек ГКЧП дегенди биринчи ирет угуп отурганын, андай татаал суроого жооп бере албастыгын жашырган жок.

- ГК-ЧП? Жо-ок, билбейм.

19-августтагы оңунан чыкпай калган төңкөрүштөн аз өтпөй 24-августта Украина, үч күндөн кийин Молдова, айдын аягында болсо Кыргызстан өз алдынчалыгын жарыялаган. Жыл соңуна чейин уланган бул тизмени 12-декабрда Орусия, 16-декабрда Казакстан толуктаган. Мурдагы союздук республикалардын текши баары өз алдынча, эгемен өлкө болуп алышкандан кийин СССР президенти М.Горбачев да кызматынан баш тарткан.

XS
SM
MD
LG