Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:34

Өзбекстанда ооруканаларда бош орун калбады


Өзбекстан.
Өзбекстан.

Өзбекстанда 10-июлдан тарта 1-августка чейин карантин чаралары кескин күчөтүлөрү жарыяланды. Мындан ары жол кыймылы чектелип, аш-тойлорго тыюу салынат. Ал эми буюм-тайым базарлары жабылат. 

Өкмөттүн алдындагы атайын комиссия парктар жана эс алуу жайларынын, буюм-тайым базарларынын, ири дүкөндөрдүн жана спорттук залдардын ишине тыюу салды.

Өлкө боюнча ар бир адам социалдык аралыкты сактоо, беткап тагынуу жана антисептикалык каражаттарды колдонууга милдеттендирилди.

"Мамлекеттик мекеме-ишканалардын кызматкерлери мүмкүн болушунча аралыктан иштөөгө которулушу керек. Мекемелерде жыйналыштарды өткөрүүгө тыюу салынды. Мындан ары ар кандай жыйындары видео байланыш аркылуу гана өтөт. Аймактар арасында жүргүнчүлөрдү ташууга болбойт, айыл чарба иштерине чегерилгендер гана жүрө алат. Той-тамашаларды жана маданий иш-чараларды өткөрүүгө тыюу салынат. 65 жаштан өткөн адамдар айыл аралап, коомдук жайларда жүрбөшү керек".

Өкмөттүн алдындагы атайын комиссиянын чечими менен мектепке чейинки мекемелер менчигинин түрүнө карабай жабылары айтылды. Санаторий, пансионаттар, балдар лагери, мейманкана жана башка эс алуучу жайлардын ишмердүүлүгү токтотулмакчы. Ал эми эл аралык аэропорттордун жана жүк ташуучу автоунаалардын ишмердүүлүгү тууралуу төмөнкү чектөөлөр киргизилди:

"Эл аралык аэропорттор каттамдарды кабыл алууну кыскартат. Эл аралык каттамда оор жүк ташуучу автоунаа айдаган айдоочулар коронавирус илдетине тест тапшырууга милдеттүү. Ири фирмалардын буюртмасы менен өндүрүш жана курулуш материалдарын ташыган айдоочулардын каттамына уруксат берилет".

Өзбекстан негизи карантиндик чектөөлөрду 15-марттан тарта этап-этабы менен киргизе баштаган. Аймактар аралык каттамдарды токтоткон, 65 жаштан жогоруларга сыртка чыгууга тыюу салган чектөөлөр 15-майга чейин созулган.

8-майдан тарта коронавирустун таралышына жараша аймактарды кызыл, сары жана жашыл түстөргө бөлгөн. Мисалы, кызыл жарыяланган аймактарга кирип-чыгууга толук тыюу салынган. Жашыл аймакта ээн-эркин басууга уруксат берилет.

Президент Шавкат Мирзиёев карантиндик чаралардын жеңилдешин эл туура эмес түшүнгөнүн, анын айынан илдетке чалдыккандар көбөйгөнүн белгиледи.

"Чектөөлөрдүн азайышын эл туура эмес түшүнүп, бейкапар жүрө башташты. Оору ошондуктан көбөйүп кетти".

7-июлда Саламаттык сактоо министрлиги чет өлкө өндүрүшүнөн чыккан он беш "Тез жардам" машинасын сатып келгенин кабарлады.

Бирок ошол эле күнү илдетке каршы күрөш боюнча республикалык штабдын өкүлү Хабибулла Акилов Өзбекстан коронавируска каршы күрөшүүгө керектүү ресурстарын түгөткөнүн ачык айтты.

"Оорунун белгилери байкалбаган бейтаптарга үйүндө дарыланууга уруксат бергенибизге карабай коронавируска чалдыккандарды дарылоочу ооруканалар толду. Орун жетишсиздигинен улам өз убагында дарылана албай калган бейтаптар өлө баштады. Күн сайын 20 миң адамдан тест алынып жатат. Лабораториялар үлгүрбөй калды. Мурда тесттин жыйынтыгы 5-6 саатта чыкса, азыр эки үч-күн күндө араң чыгарып атышат. Мындай боло берсе, адамдар бири-бирине жуктура беришет. Азыр күнүнө коронавирустун 300-350 жаңы учуру катталып жатат. Кокус күнүнө миңдей учур катталса, башаламандык болот".

Акилов мына ушундай аргументтерге таянып, бийликти кайрадан карантин киргизүүгө көндүргөнүн кошумчалады.

Саламаттык сактоо министри Алишер Шадманов коронавирус жаңы тарай баштаган апрель айында 16 миң орун даяр экенин, 20 миң бейтапка жете турган дары-дармек камдалганын жарыялаган. Андан сырткары коронавируска чалдыккандар үчүн дагы 10 миң орундуу оорукана куруларын убада кылган.

2020-жылдын 9-июлуна карата Өзбекстанда коронавируска чалдыккандардын саны 11 миңге жакындады. Анын ичинен 6811 адам айыгып чыкса, 41 бейтап бул илдеттен каза болду.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG