Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 21:01

Шавкат Мирзиёев Өзбекстандын президентинин милдетин аткара баштагандан бери бир топ кадрдык алмашуулар болду. Анын ишинде коңшу мамлекеттер менен мамилесин жакшыртууну көздөп жаткандай ишарат да байкалууда.

8-сентябрда парламент премьер-министр Шавкат Мирзиёевди президенттин милдетин аткаруучу деп тааныган. 4-декабрга белгиленген шайлоодо Мирзиёев президент болору айгине болууда.​

Мирзиёевдин кадрдык жүрүштөрү

Ислам Каримов дүйнө салгандан кийин Өзбекстанда бир караганда өзгөрүү болбогондой, бир караганда көп нерсе өзгөрүп жаткандай сезилет.

Бирок, Expert Working Group аттуу көз карандысыз өзбек укук коргоо уюмунун жетекчиси Сухроб Исмоилов Мирзиёев карапайым эл үчүн баары бир мурдагыдай эле болот деген ойдо:

- Мирзиёев жакшы натыйжа бере турган реформаларды жасай баштады деп ойлобойм. Шайлоого үч ай бар экенине карабастан ал эмитен эле өзүн президент сезүүдө.

Мисалы, 13-сентябрда Мирзиёев премьер-министрдин жана билим берүү министринин бирден орун басарларын алмаштырып, премьердин дагы эки орун басарынын ыйгарым укуктарын кеңейтти.

16-сентябрда кичи мекени Жизакка барар алдында облус прокурору кызматтан алынып, барган соң бир нече аткаминер ордунан шыпырылды. Ал ошондой эле бир кездери өзү беш жылча иштеген Ташкенттин Улукбек районунда кадрларды алмаштырды.

24-сентябрда Суркандарыя облусунда бир күндө беш аким кызматынан кол жууп, алардын ордуна башкалар келди.

Убактылуу президент бир катар адамдарды бийликке кайра алып келди. Алардын бири - Абдулла Арипов. Ал эгемендиктин алгачкы жылдары телекоммуникация бизнеси менен алектенип, 2002-жылы телекоммуникация министринин орун басарлыгына келген. 2012-жылы орусиялык MTS компаниясы жана президенттин тун кызы Гүлнара Каримова аралашкан коррупциялык жаңжал учурунда кызматынан алынган. Мирзиёев Ариповду жаштар саясаты, маданият, маалымат системалары жана коммуникация жагын тейлеген вице-премьерликке отургузду.

Мирзиёев президенттин милдетин аткара баштаганда Интерпол уюшкан кылмыштуу топтун лидери делген Гафур Рахимовду издөөнү токтотту. 2012-жылы АКШ “Рахимов өзбек уюшкан кылмыш топторунун лидерлеринин бири, Борбор Азияда маңзат соодасы менен шугулданат” деп, каржылык санкция салган. Гүлнара Каримовага бизнестерин тарттырып ийип, Өзбекстандан 2010-жылы чыгып кеткен Рахимов эми кайра кайтып келет деген сөздөр бар.

Шавкат Мирзиёев кадрларын алмаштырып, бийликтин турумун чыңдап жатканына карабастан, чочулай турган жөнү бар экенин “Азаттыктын” өзбек кызматынын жетекчиси Алишер Сиддик ортого салды:

- Бул маалымат тактала элек - бирок, ал аймактан-аймакка сапар тартканда мурдагы президенттин күзөт кызматын эмес, өзүнүн күзөтчүлөрүн жанына алып жүргөнү айтылууда. Алар Орусиядан тандалып келген дешет.

Тышкы саясаттагы иштер

Муну кубаттаган International Crisis Group уюмунун Борбор Азия боюнча мурдагы директору Дэвид Льюис “көшөгө артындагы иштин баары болжолдонгондой чечилерине жетиштүү ишеним жок” дейт.

Тажик президенти Эмомали Рахмон менен Өзбекстандын тышкы иштер министри Абдулазиз Камилов.

Тажик президенти Эмомали Рахмон менен Өзбекстандын тышкы иштер министри Абдулазиз Камилов.

Ал эми тышкы саясатта Өзбекстан коңшулары менен ымаласын көзгө көрүнөрлүк оңдоп жибербесе да, жаман жагына оодарып алуудан сактанып тургандай. “Азаттыктын” Борбор Азия боюнча талдоочусу Брюс Панниер буга Кыргызстан-Өзбекстан ортосунда чыңалуу жараткан Үңкүр-Тоо кырдаалы тынч чечилгенин мисал келтирет:

- Үңкүр-Тоо абалы коопсуз болуп калганы жагымдуу болду. Бирок бул маселеге ал жеке өзү канчалык аралашканын билбейбиз. Ошентсе да, өзбек милиционерлери чыгып кеткенден кийин өзбекстандык маалымат каражаттары чек араны тактоо боюнча сүйлөшүүлөр башталганын жазышты.

Азыркы жетекчинин Тажикстанга карата саясаты кандай экенин билбейбиз. Бирок, тажиктердин Рогун ГЭСи мурдатан талаштын уюткусу болуп келген. Эгер Рогун курулса, Өзбекстан суудан куржалак калат деген Каримовдун саясаты эмес беле. Ал өзгөрүлбөйт деп ойлойм. Анткени, алар бул саясатты он жыл бою элдин аң-сезимине сиңирип келишкен.

Деген менен 29-сентябрда өзбек тышкы иштер министри Абдулазиз Камилов Дүйшөмбүдө тажик президенти Эмомали Рахмон менен жолугушту.

Анда достук, кызматташтыкты арттыруу сыяктуу демейдеги жылуу сөздөр менен катар аймактык коопсуздук маселеси, суу-энергетика тармагында келечекте конструктивдүү иш-аракет жүргүзүү талкууланганы айтылды.

1-октябрда болсо Өзбекстан көп жылдык салкын мамиледен кийин биринчи жолу Кыргызстанга эшигин ачты. Өздөрүнүн чакыруусу менен барган кыргыз делегациясын коңшулар болуп көрбөгөндөй жылуу кабыл алды.

Алар меймандарды Анжиянды түрө кыдыртып, ыр-бий, дасторкон толо дүйүм тамактар менен коноктоду. Сапардын соңунда тараптар эки өлкөнүн мамилесин жөнгө салчу меморандумга кол коюшту.

Кыргыз тарапты Өзбекстандын премьер-министринин орун басары Адхам Икрамов башында турган расмий өкүлдөр тосуп, коноктоду.

Журналист Алишер Сиддик Мирзиёев коңшу Кыргызстан, Тажикстан менен ымаланы жакшыртууну көздөрүн, анткени ага суу керектигин белгилейт.

Алдыда шайлоо

Өзбекстанда президенттик шайлоо 4-декабрга белгиленген. Укук коргоочу Сухроб Исмоилов Каримов учурундагы шайлоого даярдык менен азыркынын айырмасы жок дейт.

Шайлоодо талапкерлигин койгондор.

Шайлоодо талапкерлигин койгондор.

Талапкерлерди катталган төрт саясий партия гана көрсөтө алышат. Алардын баары президентке ык тарткандар. “Адолат” партиясы Нариман Умаровду, Элдик демократиялык партия – Хотамжон Кетмоновду көрсөттү. Бул кишилер өткөн 2015-жылкы шайлоодо Ислам Каримовго “оппонент” болушкан. Умаров 2,05 жана Кетмонов 2,92 пайыздан добуш жыйнашкан. “Милли Тикланиш” партиясы Сарвар Отамурадовду көрсөттү, ал эми Каримовдун сүйүктүү партиясы Шавкат Мирзиёевди алдыга сүрөөдө.

Алишер Сиддик алдыдагы президенттик шайлоону жөн гана “кожо көрсүн” үчүн деп баалайт. Эксперт Дэвид Льюис аны советтик доордо боло келген, элдин пикири камтылышы керек болгон гана жөрөлгө деп эсептейт.

  • 16x9 Image

    Мухаммедали Токтакунов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин журналисти, 2011-2014-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. Кыргыз улуттук университетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG