Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:04

Каримовдун кыз-күйөөсүнүн базары текшерүүгө алындыбы?


"Абу Сахий" базары
"Абу Сахий" базары

Өзбекстандын биринчи президентинин кичүү кызы Лола Каримованын жана анын күйөөсү Тимур Тилляевдин адвокаты “Азаттыктын” өзбек кызматы менен маегинде “Абу Сахий” базарында тинтүү жүрүп жатат деген маалыматты четке какты.

Ага чейин Uzmetronom.com. интернет басылмасы коопсуздук органында иштеген булагына таянып, базарда тинтүү жүрүп жатканын биринчи болуп кабарлаган.

“Текшерүү жергиликтүү элдин дооматынан кийин жүрүүдө. Базар ээлери салыктан качкан жана чет элдик валюталар колдонулган. “Абу Сахийдин ээси Тимур Тилляев болуп чыкты. Бир нече жыл мурда ал бажы жыйымы үчүн жеңилдик алган. Жеңилдик товардын номенклатурасы үчүн эмес, салмагы боюнча жүргөн”, - деп жазган Uzmetronom.com.

Бирок Тилляевдердин кызыкчылыгын коргогон адвокат “Азаттыктын” өзбек кызматына “Бул маалымат жалган. Эч кандай текшерүү жүргөн жок” деп билдирди.

Ал арада Uzmetronom.com жазган маалыматты орусиялык басылмалар көчүрүп басууга үлгүргөн.

Лола Каримова күйөөсү Тимур Тилляев менен
Лола Каримова күйөөсү Тимур Тилляев менен

Мындан тышкары Орусиянын мамлекеттик Sputnik мултимедия кызматы Өзбекстандагы укук коргоо органдарындагы булактарына таянып, «текшерүү бир нече жылдан бери топтолгон маалыматтын негизинде» жүргөнүн кабарлаган.

Sputnikтин маалымдашынча, текшерүү иштеринин таасири карапайым сатуучулар менен кардарларга тийген эмес.

Sputnik басылмасынын булагы текшерүү “акча алмаштыруу жаатында мыйзам бузууга жол берилип, товарлар бажы мыйзамын бузуу менен салык төлөмдөрү жок сатылганы” үчүн жүргөн.

«Абу Сахийдин» администрациясынын атын атоону каалабаган өкүлү "Азаттыктын" өзбек кызматына салык кызматы базардын финансылык-чарбалык ишин текшерип жатканын билдирген. Бирок анын айтымында, текшерүү ММК жазгандай 8-сентябрда эмес, 9-сентябрдын таңында башталган.

“Абу Сахийге” барган “Азаттыктын” кабарчысы базар мурдагыдай эле режимде иштеп жатканын көргөн.

Ташкенттеги “Абу Сахий” базары Ислам Каримовдун кичүү кызы Лола Каримованын күйөөсү Тимур Тилляевге таандык.

Базардын текшерүүгө алынганы тууралуу маалымат биринчи жолу 2013-жылы, Ислам Каримовдун эки кызы Гүлнара менен Лоланын чатагы ММКга жазылгандан кийин чыккан. Бирок ага карабастан базар иштеп келген.

Бул жылкы маалымат Ислам Каримов өлгөндөн кийин алты күн өткөндө чыгып отурат. Өзбек салтынын талабына карабай Тимур Тилляев Өзбекстанга келип, кайнатасына топурак салган жок.

Тилляевдин үй-бүлөсүнүн адвокаты бул темага байланыштуу суроого жооп берүүдөн баш тартты.

XS
SM
MD
LG