Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:52

Аунг Сан Су Чи 18 айга үй камагына өкүм кылынды


Мьянма соту оппозиция лидери Аунг Сан Су Чини 18 айга үй камагына өкүм кылды. Адегенде Су Чи 3 жылга абакка кесилген, бирок өлкөнүн аскерий режиминин башчысы анын өкүмүн өзгөрттү. Май айында америкалык бир киши Су Чинин үйүнө сүзүп барууга аракеттенгенден кийин ал үй камагынын шарттарын бузгандыгы үчүн күнөөлөнгөн. Нобель сыйлыгынын ээси Су Чи 14 жылдан бери үй камагында кармалып келди. 1990-жылы Мьянманын аскерий хунтасы ал жетектеген Улуттук Лиганын шайлоодогу жеңишин таануудан баш тарткан. Европа биримдиги Су Чиге чыгарылган өкүмдү айыптап, анын бошотулушун талап кылды. Шаркет Мьянма режимине каршы чара колдоноорун эскертти.

XS
SM
MD
LG