Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 05:37

Доминик Стросс-Кан: Төрдөн - абакка


Эл аралык валюта корунун төрагасы Доминик Стросс-Кан сот залында, Нью-Йорк шаары, 16-май 2011-жыл
Эл аралык валюта корунун төрагасы Доминик Стросс-Кан сот залында, Нью-Йорк шаары, 16-май 2011-жыл

АКШ соту Эл аралык валюта корунун жетекчиси, франциялык Доминик Стросс-Канды 1 миллион доллар күрөөгө коё берүү өтүнүчүн чекте какты.

Ал азыр Рикерс айленд түрмөсүндө кармалууда. 62 жаштагы Стросс-Кан Нью-Йорк шаарындагы мейманканалардын биринде бөлмөлөрдү жыйнаган аялды зордуктоого аракеттенген деп айыпталууда. Саясатчы эмки жылы Францияда социалисттердин атынан президенттикке ат салышат деп күтүлүп жаткан.

Дүйнөдөгү ири финансылык институттардын бирин башкарып, глобалдуу экономикалык кризис учурунда бир топ жетишкендиктер үчүн алкышка арзыган, Франциянын эмки мамлекет башчысы болууга кудуреттүү деп айтылып жүргөн адам бул түндү Нью-Йорктогу абакта өткөрдү.

62 жаштагы Доминик Стросс-Кан “Софител” мейманканасында бөлмөлөрдү тазалаган аялга сексуалдык ыдык көргөзгөн деп айыпталууда.

Судья Мелисса Жэксон адвокаттардын Стросс-Канды 1 миллион долларга коё берүү өтүнүчүн чекте какты. Нью-Йорктун прокуратурасы ал бай жана таасирдүү адам болгондуктан, АКШдан качышы мүмкүн деп эсептейт. Анын үстүнө Стросс-Кан ишембиде Францияга жуп учаар алдында аэропортто кармалган.

Прокурор эки өлкө ортосунда экстрадиция тууралуу келишим жок экенин да эске сала кетти. Франциянын маалымат каражаттары сөз атактуу режиссер Роман Поланскинин иши тууралуу жүрүп жатат деп боолголошот. АКШда түрмөгө кесилген режиссерду Париж дале болсо ал өлкөгө өткөрбөй келатат.

Эми Стросс-Кандын ишин ушул жума күнү чоң жюри карайт. Күнөөсү далилденсе, ал 25 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.

Айта кетчү жагдай, Стросс-Кан мындан бир нече жыл мурун да кол астында иштеген аялга сексуалдык жактан асылган деп чоң жаңжалга кириптер болгон. Анда валюта корунун жетекчиси сөгүш менен эле кутулган.

Анын камакка алынышы Франциянын социалисттер партиясы, алардын тарапкерлери үчүн жер титирөөдөй эле болду.

Полиция чарчаган, сакалы алынбаган кишинин колдоруна кишен салып, сот залына алып бараткан сүрөттөрдү көргөндөр шок абалында калганын айтышат.

Алардын бири Франциянын социалисттик партиясынын төрайымы Мартин Обри: “Ал жаш аялды урматташ керек, ошол эле маалда күнөөсү далилдене элек адамды да урматташ керек деп ойлойм. Ошол сүрөттөрдү көргөндө шок болдум. Тилекке жараша бизде, Францияда 2000-жылы кабыл алынган мыйзамга ылайык, колуна кишен салынган адамдын сүрөттөрүн көргөзүүгө болбойт. Соттоло элек адамды кемисинтүүгө, аброюна шек келтирүүгө тыюу салынган”, - деди.

Обри партиялаштарын эмки жылы өтө турган президенттик шайлоо алдында “биригүүгө жана саясий күрөшкө даяр болууга” үндөдү. 24 жылдан бери жогорку кызмат үчүн жарышта утулуп келаткан социалисттердин ички партиялык шайлоосу июл айына белгиленген. Шейшембиде Обри партиянын калган жетекчилери менен чогулуп, шайлоого катыша турган кадыр-барктуу саясатчылардын тизмесин аныктамак.

Стросс-Кан өз талапкерлигин жарыялай элек болсо да, элдик сурамжылоолор аны фаворит катары атап келишти. Баса, элдин пикирин сурап билүүлөргө ылайык, президент Николя Саркози экинчи, ашынган оңчулдардын лидери Марин Лө Пен үчүнчү орунга коюлган.

Ал аралыкта франциялык жазуучу Тициан Банон да Стросс-Кандын үстүнөн сотко арызданышы мүмкүн деген маалымат тарады. Ал 2002-жылы саясатчыдан интервью алууга барган жеринен сексуалдык зомбулукка туш болгонун Банондун апасы франциялык телеканалга айтып берди.

Ал эми Эл аралык валюта корунун жетекчилер кеңеши дүйшөмбүдө жыйын өктөрүп, төраганын ишине жакындан байкоо салынаарын билдирди. Жетекчинин кызматын азырынча анын орун басары аткарып турмакчы.

Эски континенттин өкүлү катары Стросс-Кан финансылык жактан кысталган бир катар европалык өлкөлөргө жардам берүү долбоорлорунун сүрөөнчүсү болуп келген. Байкоочулар аны өзгөчө Греция жоктойт деп ырасташат. Стросс-Кан Грециянын социалист премьер-министри Георгес Папандреу менен дос мамиледе болчу. Жеке мамилелер былтыр майда өлкөнүн экономикасын куткаруу планын кабыл алууда чоң роль ойногон, - деди Афины өкмөтүнүн расмий өкүлү.

Еврокомиссиянын төрагсы Жозе Мануэл Баррозо Стросс-Канды алмаштырууга туура келе турган болсо, Европа өз талапкерин көргөзүүгө даяр деп билдирди.

XS
SM
MD
LG