Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:37

Талас: шаардык кеңештеги оюндар


3-февралда Талас шаардык кеңешинин жыйыны төртүнчү жолу үзгүлтүккө учурады. Бул жолу да кворум жок өтпөй калган сессиянын эми качан болоору азырынча белгисиз.

Талас шаардык кеңешинин кечки саат бешке белгиленген жыйыны ушуну менен төртүнчү жолу өтпөй калды.

Чогулуш уюштурулган шаардык мэриянын имаратындагы жыйындар залына бир дагы фракциянын өкүлү келген жок. Мунун себебин "Кыргызстан", "Мекеним Кыргызстан" жана "Айкөл" фракциялары айткысы келбесе, КСДП сессияга белгиленген мөөнөттөн эрте барганын, ал эми "Республика-Ата Журт" саат бештен кийин жыйынга чогулганын айтууда.

Анткен менен шаардык кеңештин жооптуу катчысы Айгүл Сариева бир дагы эл өкүлү тизмеге катталбаганын "Азаттыкка" билдирди. Ошентип, кворум жок деген негизде Талас шаардык кеңешинин төрагасын шайлоо белгисиз мөөнөткө калды.

Шылтоосу көп шаардык кеңеш

Мыйзамга ылайык, БШК жергиликтүү кеңешке шайлоонун жыйынтыгын расмий билдирген күндөн тарта эки аптанын ичинде кеңештин сессиясы белгиленет. Ага ылайык, 18-январда өткөн Таластагы жыйынга 16 гана депутат келип, бийликчил эки партиянын өкүлдөрү катышкан эмес.

23-январга калган шайлоодо жалпысынан үч маселе: кеңештин регламентин аныктоо, төрага жана анын орун басарларын шайлоо каралмак. Бул күнү депутаттар "Талас ынтымагы" деп аталган коалиция түзүү боюнча макулдашуу болгонун да жарыялап, анын алкагында КСДП менен "Кыргызстан" фракциялары оппозицияда калары кабарланган.

Таласта төрага шайлоо создукту

Таласта төрага шайлоо создукту

Талас шаардык кеңешинин айрым депутаттары басым болуп жатканын айтып чыгышты.

Буга кошумча "Республика - Ата Журт", "Мекеним Кыргызстан" жана "Айкөл" партиялары төрагалыкка Аскар Шабдановдун талапкерлигин көрсөтсө, калган экөө Адылбек Жусупбековду төрага катары көрөөрүн айтып чыккан. Бирок шайлоо учурунда "Республика - Ата Журттун" үч депутаты чукул иштери чыгып калганын айтып, жыйынды кийинкиге калтырууну өтүнгөн.

Төрага шайлоо фракция жетекчилеринин макулдашуусу менен 2-февралга белгиленип, ага да депутаттар толук катышкан эмес. Бул көрүнүштү жергиликтүү активист Бектур Медетов мындайча баалады:

- Эки айдан бери булар соодалашуу менен алек. Анткени депутаттардын көпчүлүгү жеке ишкерлер жана коммерциялык банктардын жетекчилери. Ишкерлер өз кызыкчылыгы үчүн иштейт. Маселен, мэриянын балансындагы жерлерди жеке менчикке өткөрүү же салык төлөбөй коёбуз деген сыяктуу куру кызыкчылык үчүн жүргөндөрү айдан ачык белгилүү. Намысы болсо тарап кетиши керек.

Медетов: "Бийлик кийлигишүүдө"

Буга чейин "Талас ынтымагы" коалициясы түзүлө турганын жарыялаган үч партия алардын биригүүсүнө облус жетекчиси кийлигишип жатканын айтып чыккан. Төрага шайлоонун создуктурулушунун дагы бир себеби президенттик шайлоо алдында позициясын бекемдеп алууну көздөгөн бийликчил партиялардын оппозицияда калуу коркунучу менен байланыштуу болгонун, мунун айынан партия иштерине өкмөттүн облустагы өкүлү түздөн-түз кийлигишип жатканын айтат активист Бектур Медетов.

- Сессия болоордун алдында же сессия күнү бийликтин партиясы облустук администрацияга кирип, төртүнчү кабатка чыгып-түшүп жатканын көрүп жатабыз. Сөзсүз кийлигишүү болуп жатат.

Облус жетекчиси Дайыр Кенекеевдин жагдай боюнча пикирин билүү мүмкүн болгон жок. Алгач башка жумуштары бар экенин айтып комментарий бербеген жетекчи экинчи жолкусунда "мен кайра өзүм чалам" деген жооп менен чектелип, бирок чалган жок.

Адистердин айтымында, төрага шайлоо улам кийинкиге калып жатканы мыйзамдарга каршы келбейт. Бирок былтыр ушул маалда мындай көрүнүштү жөнгө салууну шарттаган демилге Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан көтөрүлүп, колдоо таппай калганын БШКнын мурдагы мүчөсү Ишенбай Кадырбеков айтып берди.

- Өз учурунда ушул жергиликтүү кеңештин шайлоолору боюнча мыйзам жазылган болчу. Ал азыр кайда экенин билбейм. Мыйзам долбоорунда эгерде эки жолу төрага же мэр шайланбаса, депутаттар кийинки шайлоого катышуу укугунан ажырай турганы көрсөтүлгөн. Кийинчерээк кайсы бир партия президентке кайрылып, президенттик аппараттан "силер Баш мыйзамга каршы чечим кабыл алдыңар, демилгеңерди жокко чыгаргыла" деген.

"Азаттыктын" ишенимдүү булактары билдиргендей, кийинки коалиция КСДП, РАЖ, «Кыргызстан» жана «Мекеним Кыргызстан» фракцияларынан куралышы мүмкүн. Ага ылайык, төрагалыкка талапкерлер да өзгөргөнү кабарланууда.

2016-жылдын 11-декабрындагы шайлоодо Талас шаардык кеңешине беш партия өткөн. 31 депутатка 11-январда мандат берилген.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG