Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:50

Мурат Салихов - таанылбаган тагдыр


Мурат Салихов, Кыргыз ССР Эл комиссарлар советинин төрагасы. 1937-жыл

Мурат Салихов, Кыргыз ССР Эл комиссарлар советинин төрагасы. 1937-жыл

Сталиндик репрессиянын курмандыгы Кыргыз ССР Борбордук аткаруу комитетинин төрагасынын кызматын аткарган Мурат Салиховдун белгисиз өмүр жолу.

Аты-жөнү да айрым китептерде жаңылыш жазылып жүрөт. Мисалы, 2003-жылы чыккан «Кыргыз тарыхы» энциклопедиясында: "Салихов Мурат (туурасы Салыков) – мамлекеттик жана саясий ишмер. 1905-жылы азыркы Баткен облусунун Баткен районундагы Рават кыштагында туулган. 1923-жылы Кокон педтехникумун, 1925-жылы Ташкендеги агартуу институтун бүткөн. 1925-27-жылдары Ош округдук комитеттин үгүт-насаат бөлүмүнүн башчысы. 1929-30-жылдары Өзгөн райондук аткаруу комитетинин, Ош округдук элге билим берүү бөлүмүнүн, Ош округдук аткомунун төрагасы. 1930-37-жылдарда партиялык кызматтарда. 1937-жылы Кыргыз Эл комиссарлар советинин төрагасы. 1938-жылы Кыргыз ССР Жогорку Советинин Борбордук аткаруу комитетинин төрагасы. Ак жеринен айыпталып, 1938-жылы атылып кеткен".

Мурат Салихов, Кыргыз ССР Борбордук аткаруу комитетинин төрагасынын милдетин аткаруучу. Архивдик материал.

Мурат Салихов, Кыргыз ССР Борбордук аткаруу комитетинин төрагасынын милдетин аткаруучу. Архивдик материал.

Жогорудагы маалымат толуктоого муктаж. Анткени кээ бир тарыхый булактар Мурат Салиховду унутта калтырса, экинчилери жогоруда келтирилген маалымат менен чектелет.


Мурат Салихов 1930-31-жылдары Кызыл-Кыя райком партиясында катчы. 1931-жылы Ташкенге Марксизм-ленинизм институтуна жиберилип, аны бүткөндөн кийин 1933-жылы Ысык-Көлдөгү №54-жылкы заводуна саясий бөлүмдүн башчысы болуп жөнөтүлөт. (Кийинки жылы Бүткүл союздук большевиктер компартиясы - ВКП (б) нын XVII съездине делегат болуп шайланат. Бул курултайдын делегаттарынын үчтөн экисинен көбү «чоң террордун» жылдары репрессияга дуушар болот. Ошон үчүн бул съезд - "атылып кеткен жеңүүчүлөрдүн съезди" деп да аталып келет.)

Мурат Салихов 1935-36-жылдары Түп райондук партия комитетинин секретары, андан кийин партиянын Ошрайком комитетинин 1-секретары. 1937-жылдын 4-апрелинен тарта Кыргызобкомунун айыл чарба бөлүмүнүн башчысы. Ошол эле жылы 5-сентябрда Эл комиссарлар советинин төрагасы Баялы Исакеев камалат.

Анын ордуна үч күндөн кийин Борбордук аткаруу комитети - БАКтын президуму Мурат Салиховду төрага кылып бекитет. Келерки жылы 28-февралда Кыргызстан Борбордук аткаруу комитетинин VII сессиясы Салиховду Эл комиссарлар советинин төрагалыгынан бошотуп, республикалык БАКтын төрагасынын милдетин аткаруучу кылып бекитет. Ал себеби 1938-жылдын 17-январында СССР Жогорку Советинин Президиумунун төрагасы Михаил Калининдин орун басары болуп шайланган эле.

"Ата Бейит" көрүстөнүндөгү жазуу.

"Ата Бейит" көрүстөнүндөгү жазуу.

Мурат Салиховдун мындай кызматтык көтөрүлүшүн мыйзамдуу көрүнүш десе болот. Анткени ал 1931-жылдан тарта Кыргызобкомунун мүчөсү, ал эми 1937-жылы Кыргыз ССР большевиктер Компартиясынын I съездинде партиянын БКсынын бюро мүчөсү болуп шайланган.

Профессор Зайнидин Курманов ошол катаал мезгилде сталиндик система бийликке «куп» деп кол куушуруп турган жетекчилерди тарбиялоо үчүн дембе-дем эл душмандарын тазалоо өнөктүктүгүн жүргүзүп турганын белгилейт:

- Ал кезде Кыргызстан союздук республика болуп калган. Ошон үчүн Мурат Салихов статус боюнча бүткүл союздук староста Михаил Калининдин орун басары болуп шайланган.

Оболу орусча интернатта окуп, андан кийин техникум жана эки институтту бүткөн Салихов билимдүүлүгү жагынан санаса эки колдун манжасы жетчү кыргыз жетекчилердин бири болчу. Ага жашынан эле кыргыздардын көкөйүн кескен курч маселелерди, анын ичинде “өзгөчө бөлүмдөрдүн” карапайым калкты коркуткан аракеттерин, балдарды мектептен качырбай окутуу зарылчылыгын, кыргыз кадрларды кызматка тартуу тууралуу “Эркин Тоо” гезитине басылган 1924-25-жылдардагы макалалары, ал эми орус тилин билүүнүн пайдасы жөнүндө 1938-жылы камалар алдында “Советская Киргизия” гезитинде жарыяланган макаласы далил.

Ал 1938-жылы апрелде СССР Жогорку Советинин Президиумунун төрагасы Калининге жазган катында СССРдин гербиндеги “Пролетарии всех стран соединяйтесь” деген чакырык кыргызча “Bүткүl dүjno proletarlarь, birikkile” деп жаңылыш которулуп жазылганын, себеби Кыргыз ССРинин Конституциясында “Bardьк olkolordүn proletarlarь birikkile” деп туура жазылганын айтып, гербдеги жазууну оңдоо керек экенине көңүл бурат. Мына ушул каттын негизинде СССРдин гербиндеги жазуу өзгөртүлөт.

Борбордук аткаруу комитетинин 1927-37-жылдардагы төрагасы Абдыкадыр Орозбеков 1938-жылы 28-майда эл душманы деп атылып кеткен эле. Бул тегирменге Мурат Салихов да түшөт. Ал 1938-жылы 12-майда камакка алынып, 5-ноябрда атылат. Ага «Кыргыз ССРинин аймагында иш жүргүзгөн Социал-Туран партиясы совет бийлигин кулатып, Кыргызстанды куралдын күчү менен СССРден бөлүп кетүүнү өзүнө максат кылып койгон. Салихов чек арага жакын райондордо эрегишчил отряддарды түзгөн; жооптуу кызматтарда иштеп жүрүп, эл чарбасы менен эл агартуу тармагында бузукулук кылган» деген айып тагылат.

Ушундан үч күндөн кийин 8-ноябрда М. Салихов, Кыргыз ССР Эл комиссарлар советинин төрагасы Б. Исакеев жана Эл агартуу комиссары К. Камбаров Бишкектеги НКВДнын өзүндө же эл ичинде айтылып жүргөндөй «көк зоонун» жер төлөсүндө атылат.

"Ата Бейит"- куугунтук курмандыктарына коюлган эстелик

"Ата Бейит"- куугунтук курмандыктарына коюлган эстелик

Сталиндик бийлик эмне үчүн журтка төбөсү көрүнгөн, башкаруу тажрыйбасы жакшы телчиккен көй кашка азаматтарды четинен өлүмгө айдаган?

"Ал кишилер эмне үчүн атылган? Сталиндик режим улуттук кадрларга каршы саясат жүргүзгөн. Бийликке макул эмес бардык адамдар атууга кетип жаткан. Репрессиянын саясий максаты - элди коркутуп-үркүтүп, Москва айткан сөздү ойлонбой аткарчу роботторду тарбиялоо керек болчу. Анткени биринчи топтогу жетекчилер эркин заманда өсүшкөндүктөн, андай адамдардын бийликке кереги жок болгон. Ошон үчүн И. Арабаев, А. Сыдыков, Т. Жолдошев, Э. Эсенаманов эң биринчи болуп атылып кетишкен. Ошон үчүн “чоң тазалоо” жүргүзүлгөн", дейт профессор Зайнидин Курманов.

Мурат Салиховдун азан чакырып коюлган аты Мардан. Фамилиясы XX кылымдын башындагы кабыл алынган эрежеге жараша Мухаммед-Салихов же Масалихов болуп жазылган. Анан кантип өзгөрүп кетти?


Бүзайнап Кожоева - Мурат Салиховдун тун уулу Кубаттын зайыбы. Бүзайнап эже тарых мугалими. Азыр пенсияда. Ош шаарында жашайт. Анын айтышынча, тестиер Мардан 1919-жылы Кокон шаарында жатак мектепте окуп жүргөндө Орусиядан келген мугалимдердин бири сенин фамилияңда эки сөздү кайталоонун зарылдыгы жок деп ошондой эле классташтарынын шылдыңынан куткаруу үчүн атын Мурат, фамилиясын Салихов кылып өзгөртүүнү сунуш кылат. Муну Мардандын бир тууган агасы Садык да макул көрөт.

Ошентип Мардан Мухаммед-Салихов же Масалихов 14 жашында Мурат Салихов болуп калат. Ушундай эле маалымат Мурат Салиховдун кызы, азыр арабыздан өтүп кеткен Атыркүл Салихованын 2004-жылы Алматыдан орус-кыргыз тилдеринде чыккан «Разоренное гнездо соколя» ("Буюккан жылдыз") деген автобиографиялык китебинде да келтирилет.

Мурат Салихов атылып кеткенден кийин аялы Ажар «жер чийген чачтарын» кесип, белди бекем бууп, балдарын алып, ошол кездеги Лейлек волосуна барат. «Аңгектен качсаң дөңгөккө» болуп, күйөөсүнүн журтуна Ажар батпайт.

«Лейлекке барса, туугандары аларды мурдагыдай кабыл алышпайт, - дейт Бүзайнап эже. - Ошондо кайненем баласы менен кызын ээрчитип алып, Ош шаарына Тагаев деген жакын туугандарыныкына келет. Эл душманы Мурат Салиховдун бала-чакасына баш паанек беришүүдө дешип, Тагаевди түрмөгө отургузушат. Ал: «Бул менин бир тууган карындашым. Кантип карындашымды көчөгө таштап коём» - деп жатып, камоодон кутулат».

Мына ушундан кийин Ажар Салихова фамилиясын Арапбаева кылып өзгөртүп, эки чүрпөсү менен Өзбекстандагы туугандары тарапка из жашырганы кетет. Ал жактан кайра келип Жалал-Абадда, кийин1942-жылы Ошто туруп калат. Билимдүү Ажар (Ал 1933-жылы Ташкендеги Борбор Азиянын кызыл университетинде бир жылдык курсту бүткөн) фабрикада бир жылча иштейт да 1943-жылы Аравандагы «Жаңы Араван» мектебине мугалим болуп орношот.


Ажар Арапбаева Араван жеринде иштеп жүргөндө тагдырдын экинчи соккусуна кабылат. Ал Бишкекте соттордун эшигин кагып, «адилеттик издеп жүргөндө» таанып калган Жумагулов деген прокурор Араванга которулуп келип калат жана трактористтер мектебинде окуп жүргөн 13 жаштагы Кубатты «чээнден чыккан бейбаш» деген жалаа менен балдар колониясына айдап жиберет. Ал Бишкекте сот кеңсесинде апасын ээрчип жүргөн сегиз жаштагы Кубаттын колундагы «азык-түлүк карточкасын» көрө коюп, «Эл душмандарын багууга мамлекет милдеттүү эмес» деп, аны колунан жулуп алган экен.

Кубат Салихов, Кызыл-Кыя шаарындагы ФЗОдо окуп жүргөн кезде.

Кубат Салихов, Кызыл-Кыя шаарындагы ФЗОдо окуп жүргөн кезде.

"Анан Кубатты чыккынчынын баласы дешип, Ташкендеги балдар колониясына айдап жиберишет, - деп улантты сөздү Бүзайнап Салихова. - Ошондо кайын энем Тажик ССРинин юстиция министри болуп иштеп жаткан кайын агасы Дастан Салиховго кат жазып, Кубатты балдар колониясына алып кеткенин кабарлайт. Кайнагам Ташкенге барып, Кубатты колониядан чыгарып келет. Кайнагамды Кыргыз ССРинин эл душманы делип, кызматтан алынган Эл комиссарлар советинин төрагасынын (туурасы Жогорку аткаруу комитетинин төрагасы) бир тууганы, анын баласын алып келди дешип, кызматтан кетиришет. Ошондон кийин Дастан Салихов Тажикстандын Шураб шаардык аткаруу комитетинин төрагасы болуп иштеп калат. Кубат кенде иштеп жүрөт. Андан качып Кызыл-Кыяга келип, индустриалдык училищеге кирет.

Окуу жайдын директору Кузьмич деген киши өзү, аялы да Ата Мекендик урушка катышкан экен. Жатаканада кандайдыр бир мушташ болсо же чечендер менен уруш чыкса, ким баштады десе эле, чогуу окуган балдар Кубатты көрсөтүшөт. Кузьмичтин аялы безилдейт экен: "Не трогай его. Он будет человеком" (Ага тийбегиле. Ал адам болот) деп. Кубат училищени бүтүп, Карагандыга индустриалдык техникумга окуганы кетет».

Кубат Салихов Кызыл-Кыяда фабрика-заводдорго жумушчуларды даярдоо мектеби - ФЗОну бүтүп, бир аз мезгил көмүр кенинде иштейт. Андан соң Карагандыдагы индустриалдык техникумду, кийинчерээк институтту аяктайт. Апасы Ажар 1945-жылы каза болот. Карындашы Атыркүл Аравандагы жетим балдар үйүнө тегин жашыруу үчүн Садыкова деген фамилия менен томолой жетим катары тапшырылат.

Техникумда жалаң бешке окуган Кубат жолдомо менен Ленинграддын четиндеги «Трудовые резервы» санаторийнине жөнөтүлөт. Ленинград менен Москваны кыдырып келет.

Алдыңкы окуучу Атыркүл Салихова бүткүл союздук «Артек» пионер лагерине барат. Бишкектеги Медицина институтунда окуп жүрүп, чогуу окуган казак жигитке турмушка чыгып, жубайлар Алматыга көчүп кетишет.

Кубат Салихов студенттик күндөлүгүндө Ташкенде колонияда жүргөндө көргөн азап-тозоктору жөнүндө минтип эскерет: "Биз узун, муздак барак тамда жашадык. Биздин отрядда мен курдуу алтымыш бала болду. Алардын көбү жетим, ууру-кески, алтурсун балдар айткандай, адам өлтүргөндөр, анан он чакты оңбогурлар же мага окшогон эл душмандарынын балдары. Бизди оор жумуштарды жасатчу, ажаатканаларды тазалатчу жана дайыма келтектечү. «Эл душмандарынын» балдарын эч ким коргочу эмес. Алтурсун күзөтчүлөр балдарды бизге каршы көкүтчү.

Ант берем! Мен мындан ары эч качан өткөн жашоом жөнүндө эскерип жазбайм. Өзүм жөнүндө жакын досторума да айтпайм. Досум Бориске атам жана апам жөнүндө эч нерсе айтпадым. Ал менин жетим экенимди, Фрунзеде доктурлук кесипке окуган карындашым бар экенин гана билет. Бул да ал үчүн өтө эле көп (маалымат)».

Кубат Салихов техникумду бүтүп келгенден кийин кесиби боюнча иштеп жүрүп, Ош шаар аткаруу комитетинин төрага орун басарына чейин көтөрүлөт. Бишкекте №5-кесиптик-техникалык окуу жайды жетектеп жүрүп, 1978-жылы көз жумат.

Бишкектин ортолугундагы Кыргызстандын мурдагы жетекчилеринин айкелдери турган аллеяда Мурат Салиховдун эстелиги коюлуш керекпи?

«Ар бир адамдын өз салымы бар. Ошону баалап туруп эстелик койсок эмнеге болбосун? Анын үстүнө бардык аталар өз ажалынан өлбөй, атылып кетишпедиби! Ошон үчүн ал адамдарды сыйлаш керек», - деди профессор Зайнидин Курманов.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG