Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:36

Швецариялык банк Викиликстин негиздөөчүсүнүн банк эсебин жапты


Швецариялык Почта банкынын кабарына ылайык, Викиликстин негиздөөчүсү Жулиан Ассанждын банк эсеби ал жашаган жери тууралуу «тескери маалымат» бергендиги үчүн жабылды. ПостФинанс банкы Швецариянын резиденттерине же Швецариянын жарандарына гана кызмат көрсөтөт. Викиликс сайты АКШнын дипломатиялык жашыруун кат-кабарларын жарыялап, Вашингтонду нааразы кылды жана хакерлердин чабуулдарынан улам, америкалык серверлерде жайгашкан өзүнүн башкы интернет сайты жабылып калды. ПейПал, Амазон жана башка сайттар Викиликске кызмат көрсөтүүдөн баш тартышты. Британияда жашырынып жүрөт деп шектелген Асанжды Швециянын соту сексуалдык кылмыш боюнча издеп жатат.

XS
SM
MD
LG