Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:40

Кыргызстан бактылуу өлкөлөрдүн тизмесинде


Алайкуу
Алайкуу

Development Solutions Network жана Колумбия университетинин Жер институту дүйнө өлкөлөрүнүн бактылуулук индекси боюнча иликтөөсүн жарыялады. Анда Кыргызстан тизменин ортосунан орун алса, кээ бир бай мамлекеттер алдыңкы орунга илинбей калышты.

Изилдөөчүлөр бир нече темалар аркылуу дүйнөнүн 157 өлкөсүнүн ичиндеги элдин маанайын билгенге аракет кылышкан.

Ага ылайык, элдин кирешеси, бейпилдик көрсөткүчтөрү, жашоо узактыгы, чечим кабыл алуу эркиндиги, социалдык коргоо абалы жана бийлик менен бизнесте коррупциянын жоктугуна ишенүү даражасы боюнча сурамжылоо жүргүзүлгөн.

Натыйжада, алдыңкы ондукка Дания, Швейцария, Исландия, Норвегия, Финляндия, Канада, Голландия, Жаңы Зеландия, Австралия жана Швеция кирген.

Байлыгы булардан ашса ашкан, кем калбаган АКШ 13, Британия 23, Франция 32, Италия 50-орунга илинген. Изилдөөнүн жетекчилеринин бири, БУУнун баш катчысы Пан Ги Мундун атайын кеңешчиси, профессор Жеффри Сакс муну мындайча чечмелейт:

- АКШ боюнча маселе түшүнүктүү. Ал акыркы элүү жылда мурдагыдан да кыйла байыды. Анткен менен ашкере бактылуу боло алган жок. Акчанын артынан түшкөн коом туура эмес максатты көздөйт. Кээ бир бай коомчулуктун социалдык маңызы начарлоодо, өкмөткө болгон ишеним төмөндөөдө.

Ошол эле учурда тышкы терс таасирлер, кризис, катуу жер титирөөгө карабай Ирландия, Исландия жана Жапония эли маанайын түшүрбөй, деми тайган эмес.

Ал эми террористтик топтор элге коркунуч туудуруп, өкмөт менен оппозициянын, экстремисттик топтордун кагылышуусу жүргөн Сирия, Ооганстан жана Африкадагы сегиз өлкө эң бактысыз мамлекеттер катарына кошулган.

- Жакынкы Чыгыштагы ызы-чуу өкүм сүрүп жаткан чөлкөм акыркы орундарга илингени анык. Андагы чатактар бакубатчылык, бейпилдик деңгээлин эбегейсиз түшүрөт. Муну түшүнүү үчүн атайын дипломдун деле кереги жок, - деди Жеффри Сакс.

Кыргызстан бул эсепте 85-орунду ээлеген. Коңшулардан Казакстан 54, Өзбекстан 49, Тажикстан болсо 100-тизмеге коюлган. Орусия 56-орунда.

Постоветтик өлкөлөрдөн Украина эң бактысыз деп табылып, 123-орунду ээледи.

Улуттар уюму 20-мартты Бакыт, жер күнү деп жарыялаган. Баяндама мына ошол күндү утурлай төрт жылдан бери жасалып келет.

XS
SM
MD
LG