Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:05

Жеки Чан уулунун азабын тартууда


18-24-август, эларалык басма сөзгө баяндама.

Жеки Чандын уулун өлүм жазасы күтөбү?

Атактуу кытайлык актер Жеки Чандын 32 жаштагы уулу Бээжиндин чок ортосундагы батиринен маңзат менен полицияга кармалды. Текшерүү учурунда анын жанында 23 жаштагы тайвандык актер досу Кэй Ко болгон. "Экөөнүн тең канынан марихуана табылды" деп жазат China Daily гезити.

"Окуя болгондон бир нече күн өткөндөн кийин Жеки Чан Кытайдын Weibo аттуу социалдык тармагына уулун карай албай, ушундай жаман жолго түшкөнүнө өзүн айыптап, баласынын кийинки тагдырына аябай сарсанаа болуп, жубайы да азап чегип атканын жазды. “Жаштар менин Жеки уулумдун тагдырын көрүп, жаман адаттардан алыс болсо экен деп тилейм”, - дейт Жеки Чан. Ал 2009-жылы эле Кытайдын маңзат колдонууга каршы ардактуу элчиси болуп дайындалган эле. Кенже Жеки Чандын батиринен 100 грамм маңзат табылган. Акыркы кезде Кытай полициясы атактуулардын үйүн тез-тез аңтарып, маңзат колдонгондордун бетин ачууда. Кытайда маңзат менен колго түшкөндөр көпчүлүк учурда өлүм жазасына тартылат. Ушул жылдын башында эле кытайлык актерлордун баары маңзатка каршы петицияга кол коюшкан эле" деп жазат China Daily.

Тони Блэр Назарбаевдин сөзүн оңдоду

The Telegraph гезитинин акыркы санында Британиянын мурдагы премьер-министри, азыр казак ажосу Нурсултан Назарбаевге кеңешчи болуп иштеп жаткан Тони Блэр Нурсултан Назарбаевдин Кэмбридж Академиясында сүйлөй турган сөзүндө ага каршы чыгып, Жаңы-Өзөн акциясында курман болгондорго карата пикирин жазып берген кат жарыяланды.

Жылына миллиондогон фунт-стэрлинг акы алып, Тони Блэр Назарбаевге 2011-жылдан бери иштөөдө.
Жылына миллиондогон фунт-стэрлинг акы алып, Тони Блэр Назарбаевге 2011-жылдан бери иштөөдө.

"Тони Блэр Назарбаевге кеңешчи болуп 2011-жылдан бери иштөөдө. Бул кызматы үчүн миллиондогон фунт-стерлинг алып келет. Ал Назарбаевге: “Урматтуу президент, Кэмбридж Академиясында сүйлөй турган сөзүңүзгө бир абзац кошкум келет”, - деп 500дөй сөз кошуп Назарбаевдин 2012-жылдагы Кэмбридж сапарындагы кадыр-баркын оңдоп, Казакстанды кан төкпөгөн, өнүккөн өлкө катары көрсөткөн" деп жазат The Telegraph. Ал эми укук коргоочу Human Rights Watch уюмунун Европа жана Борбор Азия боюнча директору Хю Уиллиямсон: “Тони Блэр сыяктуу саясатчы Казакстандын авторитардык лидеринен акча алып иштегени уят иш, анан калса Казакстандагы адам укуктарын билбей туруп ага сөз жазып бергени да жеке пайдасын көздөгөндүк”, - деп баа берди аталган гезитке.

Кыргызстанды Монреалда “Курманжан Датка” таанытууда

"Курманжан Датка" тасмасын тартуу учуру, август 2013-жыл
"Курманжан Датка" тасмасын тартуу учуру, август 2013-жыл

"Торонтолук продюсер “Курманжан Датка” тасмасына карата жылуу пикирлерин айтууда" деп кабарлайт Канаданын белдүү басылмаларынын бири The Monreal Gazette. Нив Фишмен аттуу продюсер: “Тасманы көрүп чыккандан кийин аябай жылуу пикирде калдым. Кыргызстандык киночулардын өнөрүнө, кооз жаратылышка жана басып өткөн тарыхына баа бердим. Тасманы 1,5 миллион долларга тартылды деп атай алгыдай эмеспиз. Анын көркөмдүк касиетинен улам бюджети мындан жыйырма эсеге көп го деп ойлогом”, - деп жазган. Аталган гезитке “Курманжан Датканын” продюсери Садык Шер-Нияз да интервью берген.

Армияга эмес, жихадга жөнөгөндөр

"Улуу Британия жихадчыларды экспорттоочу өлкөгө айланууда. Акыркы үч жылда эле 1500 британдык мусулман халифат үчүн күрөшкө кетип, 560 мусулман гана Британ армиясында кызмат өтөөдө. Өкмөт менен мусулман коомчулугу чукул чара көрбөсө кырдаал курчушу ыктымал" деп жазат The Times гезити. Америкалык журналист Жеймс Фоули британдык мусулман тарабынан башы алынгандан кийин парламентте кызуу талкуу болгон. The Times гезитиндеги макалада авторлор "Британиянын Ирак менен Ооганстандагы согуштук операциядагы орду жана Сириядагы Асаддын режимине көз жумгандыктан мусулмандардын жихадга чыгуу каалоосу артууда" деп жазышкан. Лейборчулардын Бирмингемден чыккан мусулман депутаты Халид Махмуд өкмөт коопсуздук жана күч органдарына мусулмандарды тартуу менен алардын сыртка жихадга аттануусун ооздуктай алат деген сунушун айтты. Жыл сайын Британиядан 1500дөй киши Жакынкы Чыгышка согушууга аттанып, Европага жихадчыларды эң көп жиберген өлкө Англия болуп калууда дейт аталган басылма.

Москвада Американын символу жабылды

Москва, Пушкин аянтында жабылган "Макдональдс"
Москва, Пушкин аянтында жабылган "Макдональдс"

The New York Times гезити Москвадагы Американын “Макдональдс” соода түйүндөрү жабылып калганын анализдеген Дэвид Хершенхорндун блог-макаласын чыгарды. "Орусияда “Макдональдс” тез татым тармагынын 437 рестораны бар. Анда 37 миңдей киши эмгектенип, азык-түлүктүн 85 процентин жергиликтүү базардан алышат. 2011-жылы аталган компания Орусиядагы эң мыкты иш берүүчү деп табылган. Бирок Кремл бул тармакты иш берүүчү катары эмес, Америка менен Ангела Меркелге каршы саясий курал катары кароодо. Канчалык москвалыктар “Макдональдсты” жакшы көрбөсүн геосаясаттын бороону баары бир аны алып тынды" деп жазат Дэвид Хершенхорн The New York Times гезитинде.

  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

XS
SM
MD
LG