Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 07:55

Мас кылып, баш оорутпаган арак


Ашыкча арак-шарап ичкендин эртеси күнү баш оорутпаган алкоголдук ичимдик. Өз электростанциясы бар автомобиль. Чытырманда жол таба алган робот. 414 аяктуу курт.

Жеке электростанциясы бар автомобиль

1-16-октябрда Париждеги автосалондо Toyota компаниясы FCV Plus автомобилин көрсөттү. Paris motor show дүйнөдөгү эң чоң жана абройлуу автожарменке деп эсептелет. Суутек менен жүрчү автомобиль үчүн жаңы концепцияда жасалган автоунаанын ичинде электростанциясы бар. Аны үйүңүзгө жана башка автомобилге, ошондой эле жергиликтүү электр түйүнүнө ток берчү аккумулятор-булак катары колдонсо болот. Ал электр түйүндөрүндөгү жүктү жеңилдеткенге көмөктөшөт. Автомобилдин арткы орундугунун астында суутек толтурулган баллону жана генератору бар. Зарыл болгондо сырткы булактан да суутекти алып жага алат.

FCV Plus концепциясынын жаралышындагы башкы идея экологияга зыянсыз отун менен жүрчү автомобилди жасоо болду. Аны айдабаган учурда электр өндүрчү инфраструктуранын бир бөлүгүнө айланат. Ошентип, FCV Plus экологияны коргогондон сырткары электр түйүндөрүндөгү жүктү жеңилдеткенге көмөктөшөт. Берегидей көп функционалдуу экенине карабай жапондор жасаган жаңы автомобиль кадимки жеңил машинеден айрымаланбайт. Анын узундугу 3.8 метр, туурасы 1.75 метр, бийиктиги 1.54 метр. Андыктан салону кадимки седандыкындай эле кенен, ыңгайлуу жана шаарда мингенге идеалдуу экенин компаниянын өкүлдөрү айтышат.

Toyota компаниясы жаңы концепциядагы автомобилди өндүрүшкө коюп, кеңири сатыкка чыгууга ашып барса 15 жылдай убакыт керек. Ага чейин Toyota химиялык энергияны электр кубатына айлантчу отун элементи жана суутек менен иштеген 30 миң даана гибриддик автомобилди базарга чыгарат. Азыр чоң компаниялар, анын ичинде Toyota өзү аккумулятор менен иштеген автомобилди чыгарууга ыңгайлашкан. 2014-жылы декабрда Жапонияда, кийин башка өлкөлөрдө сатыла баштаган Toyota Mirai бул автомобилдердин эң көрүнүктүүсү саналат. АКШда Toyota Mirai 57 миң доллар турат.

Жолун тазалай билген робот

Жолундагы тоскоолдуктарды манипулятор колдору менен жылдырып, өз жолун ачып алчу робот. Golem Krang деп аталган робот беттеген багытындагы объектин чоңдугун/көлөмүн билүү үчүн аны колдору менен кармап, түртүп көрөт. Робот ар бир жолу затты кармап көргөндө кийинки аракетинин моделин түзөт. Ушинтип роботтун башкаруу системасы объект жөнүндө улам тийиштүү маалыматты алып отуруп, колдорунун жардамы менен затты жылдырып, өзүнө жол ачып алат. Акылдуу робот заттарды жылдырууну пландоочу Navigation Among Movable Obstacle (NAMO) жана объекттерди жылдырчу Physis-Based Reinforcement Learning (PBRL) системалары менен камсыздалган. Golem Krang роботу Түштүк Кореянын Тэджан шаарында 9-14-октябрда өткөн акылдуу роботтор жана системалар боюнча эл аралык конференцияда көргөзүлдү. Аны жасалма интеллектерди түзүүчү Британиядагы Google DeepMind компаниясынын изилдөөчүсү Йонатан Шольц (Jonathan Scholz) менен АКШнын Жоржия технологиялык университетиндеги (Georgia Tech) коллегалары сунуш кылышты.


Бейтааныш чөйрөдө багытын табуу же аракеттенүү үчүн Golem Krang роботу алты видеокамера жана объекттерди ордунан жылдыруунун эрежелери менен жабдылган. Андан тышкары затты кыймылдатып жатканда маалымат базасындагы технологиялык тажрыйбаны жана алгоритмдерди пайдаланат.

Азыркы көпчүлүк роботтор жолундагы заттарды ордунан жылдырып, андан кыйгап өтө албай калганда кыймылын токтотот, же көрүнгөн тарапты сүзгүлөп, алгоритми жок аракет жасай баштайт.

414 аяктуу курт

Калифорниядагы Секвоя улуттук паркындагы мармар кемерде 414 аяктуу табылды. Өңү агыш, жип сыяктуу, узундугу 2 см бул курт көп аяктуулардын буга чейин белгисиз түрү. Аны биологдор Illacme tobini деп аташты. Азырынча анын эркеги гана табылгандыктан, окумуштуулар курттун ургаачысы кандай болорун билишпейт. 414 аяктуу куртту биолог Жан Крейча (Jean Krejca) 2006-жылы таап, анализ үчүн көп аяктуулар боюнча адистер Виргиния политехникалык университетине Павел Марек (Paul Marek, Virginia Tech) менен Хэмпден-Сидней колледжинин окумуштуусу Уильям Шерге (William Shear, Hampden-Sydney College, Virginia) жиберет.

Изилдөөчүлөр көп узабай Illacme түркүмүндөгү көп аяктуу куртту табышканын түшүнүшөт. Буга окшон курттар Lange Cave кемеринен 240 км алыстагы үңкүрдөн табылат. Бул 750 аяктуу курт Illacme plenipes деп аталат жана ал дүйнөдөгү эң көп аяктуу курт саналат. Ошондон кийин Гранд-Каньон улуттук паркынын кемерлер боюнча адиси Бен Тобин (Ben Tobin) жаңы экспедиция уюштуруп, Калифорниянын Сьерра-Невада тоо кыркаларнын этегиндеги 63 жайды аңтара тинтип, эчтеке табышкан эмес.

Жаңы жандык Юкка тоосундагы Ланге мармар кемесинде табылган жалгыз үлгүсү Illacme tobini менен гана белгилүү. Көзү жок 414 аяктуу курт грибоктор менен азыктанары, анын тогузунчу жана онунчу жуп буттары сперманы ургаачысына берчү энек (жыныс органы) - gonopods катары кызмат кылары 20-октябрда ZooKeys online журналында жарыяланган макалада баяндалат. Illacme tobini кемерлерде гана жашайбы же кадимки көп аяктуу курттар сыяктуу шагыл таштуу жерлерде жашайбы азырынча белгисиз.

Ал эми Illacme plenipes алгач 1928-жылы табылган. Ошон үчүн Illacte tobini андан берки 90 жылда табылган экинчи Illacme көп аяктуу курту. Береги экөө көп аяктуу курттардын Siphonorhinidae түркүмүнө кирет. Окумуштууларга бул түркүмдөгү 12 гана жандык белгилүү. Анын Illacme түрү Түндүк Америкада гана жашаса, башка түрлөрү Вьетнам, Түштүк Африка, Индия, Индонезия жана Мадакаскарда бар. (Булагы: http://www.livescience.com, http://zookeys.pensoft.net)

Мас кылып, баш оорутпаган арак

Ашыкча арак ичкендин эртеси күнү баш оорутуп, баш жаздырбаган синтетикалык алкоголдук ичимдикти alcosynth затынын негизинде британ психиатры Дэвид Натт (David Nutt) жасады. Ал Лондондогу Империялык колледждин (The Imperial College) нейропсихофармакология боюнча профессору, британ өкмөтүнүн наркосаясат боюнча мурдагы кеңешчиси. Жаңы ичимдик даамы жагынан кадимки алкоголдук ичимдиктен айрымаланбайт, бирок жүрөккө жана боорго арактай зыяндуу эмес. Аны ичкенде ооз кургап, баш айланбайт жана эртеси баш оорубайт. Аlcosynth синтетикалык ичимдиги организмге жакшы сиңет, аны ичкенде адам айыктырууга татаал жана өмүргө кооптуу боор, жүрөк оорууларына кабылбайт деп түшүндүргөн Натт Британиядагы Адам Смит институ (Adam Smith Institute) жарыялаган макалада.

АКШнын Ооруларды көзөмөлдөө жана алдын алуу борборунун (Centers for Disease Control and Prevention) маалыматы боюнча Кошмо Штаттарда жыл сайын ичимдиктин кесепетинен 88 миң адам жайран болот жана алкоголду ашыкча ичкендин айынан козголгон оорулардан 16,3 млн адам дарыланууга мажбур. 2006-жылы алкоголдук ичимдиктерди ашыкча ичүү америкалык салык төлөөчүлөр үчүн 223.5 млрд доллар турган.

Alcohol Concern уюмунун маалымдашынча Британияда аракты ашыкча ичкен чылым чегүү менен семиздиктен кийинки адамдын ден соолугуна жана өмүрүнө коркунучтуу дарт саналат. 2014-жылы 8697 британ жараны алкоголдун айынан өлгөн. Англияда тогуз миллиондон ашык адам арак-шарапты күнүмдүк нормадан көп ичет. (Британияда кабыл алынган жобого ылайык күнүмдүк лимит эркек жана аялдар үчүн 50 грамм арак же 175 грамм шарап).

Профессор Наттын эсебинде дүйнөдө жыл сайын алкоголь төрт миллион адамдын өмүрүн жалмайт. Аlcosynth алкоголго караганда 100 эсе коопсуз. Себеби аракеч калориясыз алкосинтезди алкоголдук ичимдикке салыштырганда алда канча аз ичет. Аlcosynth ичимдиги сатыкка 2050-жылы чыгарыла баштайт.

XS
SM
MD
LG