Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 07:12

Париждеги чабуул ИМди талкалоону тездете албайт


Париждин символу болгон Эйфел мунарасын күч түзүмүнүн кызматкерлери кайтарууда. 14-ноябрь, 2015-жыл

Париждин символу болгон Эйфел мунарасын күч түзүмүнүн кызматкерлери кайтарууда. 14-ноябрь, 2015-жыл

Париждеги кан төгүүдөн кийин анын Европанын саясий социалдык турмушуна тийүүчү ыктымал кесепеттери, террордук чабуул үчүн жоопкерчилик алган “Ислам мамлекети” тобу менен күрөштүн мындан аркы нугуна олуттуу таасир тийгизе алар- албасы талкууланууда.

Париж окуяларынын ыктымал кесепеттерин, саясий жана социалдык таасирлерин талдаган баяндамачылар менен эксперттер биринчи “Ислам мамлекети” тобунун Европанын жүрөк толтосуна кол салуусу эски континенттин жана Франциянын тарыхы үчүн өтө сезимтал учурда жасалганына көңүл бурушту.

Чабуул ошондой эле Европа мигранттар кризисинин кап ортосуна келгенде, ошол “Ислам мамлекети” тобунан качкан жүз миңдеген мусулмандарды бөлүп-жайгаштыруу аргасын издеп жаткан кезде жасалып отурат.

Качкындардын Экинчи Дүйнөлүк согуштан берки эң ири толкунуна карата коомдук пикир ансыз да олку-солку болуп турган кезде Париж окуялары Европада антимиграциялык маанайды күчөттү.

Эски континенттеги мусулман азчылыктын келечеги боюнча суроолорду да жаратты.

Чехиянын президенти Милош Земан

Чехиянын президенти Милош Земан

Мигранттарга каршы ойлорун чех президенти Милош Земан, венгер премьер-министри Виктор Орбан сыяктуу бийликте турган айрым жетекчилер ачык эле айтып, араб жигиттерди Европага агылгандан көрө курал алып, өз мекенин террорчулардан бошотуу үчүн күрөшүүгө чакырса, айрым улутчул кыймылдар менен саясатчылардын туруму мурдагыдан чыңдалды.

Бирок ошол эле учурда Евробиримдиктин лидерлери Париждеги чабуулдар менен качкындарды өз ара байланыштырбоо зарылдыгын айтып, түшүндүрүүгө аракеттенишүүдө.

Демократиячыл жана либералдык маанайдагы саясатчылар оңчул жана консерватор саясатчылардын мусулмандарга карата айткан сөздөрүн айыптап чыккан учурлар да кездешти.

Париждеги терактты уюштургандарды кармоо операциясы. 18-ноябрь

Күч бирдикте чакырыктары

Француз борборундагы чабуулдар “Ислам мамлекети” тобуна каршы буга чейин аба соккуларын жасап жаткан Франциянын өзүнүн жана башка өлкөлөрдүн бийликтерин эми кандай чара көрүү керек деген диллемага да кептегендей болду.

Француз президенти Франсуа Олланд 18-ноябрда сүйлөгөн учурунда алар тараптан маселени мындайча койду:

Франсуа Олланд

Франсуа Олланд

​- Эмоция да, кыжырдануу да эбегейсиз болуп турат. Биздин ар бирибиз теракттын курмандыктары үчүн жаныбыз ачыган сезимдебиз. Ошол эле учурда бул кылмышты жасагандарды нейтралдаштырууга суроо-талап жаралып турат. Мен мамлекеттер бирдей кызыкчылыкка, бирдей идеяга жана сөзсүз эле бирдей союздаштарга ээ боло албасын жакшы түшүнөм. Бирок бүгүн картага коюлуп жаткан маселе – өлкөлөрдүн бирине аз, башкаларына көбүрөөк эмес, бүткүл дүйнөгө коркунуч туудурган армияны жок кылуу.

Француз президенти Франсуа Олланд бул жерде “Ислам мамлекети” тобун жок кылуу, талкалоо жөнүндө айтып жатат.

Бирок ИМ тобу кандай жолдор менен талкаланат, бул азырынча анык эмес.

Белгилүүсү буга ИМ тобуна каршы АКШ баштаган коалициянын лоялдуу мүчөсү болуп келген Франция өз тарабынан Сириядагы аба соккуларын күчөттү жана эми курамына Орусия да кошулган кеңири коалиция куроону демилгеледи.

БУУнун Коопсуздук кеңешин бул ишке Сирия менен Иракта “Ислам мамлекети” тобуна каршы согуш жүргүзүүгө жөндөмдүү өлкөлөрдүн баарын тартууга, ИМ тобунун террордук актыларын алдын алуу, басуу боюнча иштерди координациялоону күчөтүүгө чакырып, резолюция долбоорун сунуш кылды.

Орусия Сирияда аба соккуларын өз алдынча баштаган кезде француз өкмөтү да каршылыгын билдирип, Москванын түпкү максаты мында “Ислам мамлекети” тобун жеңүү эмес, президент Асадды бийликте кармоо деген ойлорго кошулган.

Москва болсо Париж чабуулдарынан кийин эми “Батыштагы өнөктөштөр ИМ тобуна каршы нукура коалиция курагысы келсе, Сирия президенти Башар Асад бийликтен кетиши керек деген шартын четке ташташы керек деген турумун айтып чыкты.

Орус тышкы иштер министри Сергей Лавров мындай дейт:

- Биздин батыштык кесиптештерибиздин (франциялык) турумундагы өзгөрүү, тилекке каршы бул үрөй учурган террордук чабуулдун куну менен келди, бул өзгөрүү биздин батыштык башка өнөктөштөрүбүздүн турумунда да байкалат деп күтөбүз. Эми “Ислам мамлекети” жана ага окшош террордук топтор менен нукура күрөштү, Башар Асаддын тагдыры аныкталганда гана болот деген турум четке чыгат деп күтөбүз. Азыр менимче, “Ислам мамлекети” тобу деп аталгандардын террорчуларына каршы күрөштө биригүү үчүн алдын ала шарт коюу кабыл алынгыс экендигинде эч шек жок. Биздин жалпы максатыбыз - Ислам мамлекети” тобу чын эле мамлекет болуп кетишине жол бербөө.

Орусия БУУнун Коопсуздук кеңешине Париж чабуулдарына чейин эле өз резолюция долбоорун сунуш кылган.

Бирок анда ИМ тобуна каршы күрөштү Сириянын өкмөтү менен координациялоо сунушу айтылгандыктан, Батыш өлкөлөрү муну Асаддын бийлигин мыйзамдаштыруу катары көрүшкөндүктөн ага каршы чыгышкан эле.

БУУдагы айрым дипломаттар Франция сунуш кылган резолюция долбоорунда ИМ тобуна каршы күрөштө Коопсуздук кеңешине мүчө өлкөлөр орток пикирге келе ала турган өңүттөрүнө көңүл бурулгандыктан ал кабыл алынат деп болжолдошууда.

АКШ-Орусия коалициясы күтүлбөйт

Бир катар баяндамчылар менен талдоочулардын пикиринде, Париждеги террордук чабуулдар АКШ администрациясы “Ислам мамлекети” тобу туудурган коркунучтарды кайра бир сыйра баалап, бул экстремисттик топко каршы аскерий чараларды күчөтүүгө түртөт.

Анткен менен бул америкалык жана эл аралык күчтөрдүн кургактан операциясы өңдүү олуттуу бурулушка чейин жетпейт.

Кургактан аскер киргизүү мүмкүнчүлүгүн президент Барак Обама соңку ирет Париж чабуулдарынан кийин дагы бир ирет четке кагып, мындай кадам "катачылык" болорун белгиледи.

АКШдагы Жорж Вашингтон университетинин саясий илимдер жана эл аралык иштер боюнча профессору Стив Байдл (Stephen Biddle) "Азаттык" менен маегинде кызыкчылыктар кагылышынан улам Батыш менен Орусиянын ИМ тобуна каршы согуштагы кызматташуу деңгээлинде азырынча чукул бурулуш күтүлбөсүнө токтолду.

Байдл: Менимче, “Ислам мамлекети” тобу глобалдык жамаатка коркунуч туудурган опурталдуу оюнчу, андан арылсак турмуш жакшыраак болот деген пикирге баары эле макул. Глобалдык жамаат макулдаша албай жаткан нерсе – ар кимиси кам көргөн максаттарды ишке ашыруудагы приоритеттер. Биз (АКШ) мисалы “Ислам мамлекети” тобун талкалоо жөнүндө сөз кылып жатсак, Орусия Башар Асад бийликте калышы үчүн көп нерсе жасоодо. Ал эми аймактагы Түркия, Сауд Арабия, Иран сыяктуу оюнчулар да “Ислам мамлекети” тобуна караганда, Асаддын тагдырына көбүрөөк камтама. Чөлкөмдөгү күрттөр болсо көз карандысыз мамлекетке ээ болуу келечегине көбүрөөк тынчызданышат. Ооба мен алдыда айткандай, “Ислам мамлекети” тобу жаман оюнчу дегенге баары макул. Ошол эле учурда алар кам көргөн экинчи маселе да бар. Азырынча мына ошол башка нерселер приоритетке чыгып кетүүдө.

“Азаттык”: Демек, сиз АКШ менен Орусия ортосунда “Ислам мамлекети” тобуна каршы биргелешкен коалиция болот деп күтпөйсүз?

Стив Байдл

Стив Байдл

Байдл: Жок күткөн жокмун. Анткени, биз жана Орусия тирешип турган бир нече чөйрө бар да. Бул тизмеде Крым, Украина, Балтиканын келечеги сыяктуу маселелер эле эмес, Сириянын өзү дагы бар. Орусия Асад, Сирия режими боюнча көз карашын өзгөртпөгөнү анык. Ушул эле маселелер боюнча биз дагы көз карашыбызды алмаштырган жокпуз. Булар эки өлкө үчүн тең приоритет маселелер жана алар боюнча турум түп-тамырынан өзгөрмөйүнчө, “Ислам мамлекети” тобуна биз каалагандай таасир тийгизе аларыбыз кыйын болот.

Жогорудагыларга кошумча АКШ менен Орусия “Ислам мамлекети” тобуна каршы согушту жүргүзүүдө эмнеге артыкчылык берет деген да жөнөкөй суроо бар. Мисалы, Орусия АКШга караганда аскерий чара учурунда кошумча талкалануулар, жөн-жай тургундар арасындагы кошумча жоготуулардын деңгээли кыйла жогору болушу менен келишип жатат. “Ислам мамлекети” тобуна каршы согушка байланыштуу АКШ менен Орусия, Орусия менен Франция ортосунда иш жүзүндө альянс түзүлүүсү үчүн урушту кантип жүргүзүү боюнча макулдашуу керек. Мисалы көптөгөн америкалыктар Орусиянын методдору кырдаалды жакшыртканга караганда, тескерисинче начарлатты деген ишенимде. Согуш жүргүзүүдөгү приоритеттерден тышкары, аны жүргүзүүнүн жолдору боюнча пикир келишпестиктер реалдуу кызматташтыкты бир топ кыйындатууда.

“Азаттык”: Ал эми Орусия менен Франциянын “Ислам мамлекети” тобуна каршы кызматташтыгы кантет?

Байдл: Алардын (Орусия менен Франция) алака-катышында деле кандайдыр бир деңгээлде чыңалуу бар. Биз менен Орусия ортосундагы пикир келишпестиктерге карата Францияныкы, албетте, азыраак. Анткен менен Франция да Сирия президенти Башар Асад бийликтен кетиши керек деген позицияда. Франция да Орусияга караганда “Ислам мамлекети” тобуна каршы согуш жүргүзүүдө жөн-жай тургундар арасындагы жоготууларга көбүрөөк тынчызданат. АКШ менен Орусия, Орусия менен Франция ортосундагы ажырымдын айырмачылыгы анын ченеминде эле.

“Азаттык”: Чоң жыйырманын быйылкы саммити Париждеги террордук чабуулдардын артынан өтүп, ага чогулган лидерлер чалгын маалыматтар менен алмашууну жакшыртууну, террорчулардын каржы булактарын кыркууну убада кылбадыбы. “Ислам мамлекети” тобу кирешени кайдан алып жатат, мунай аткезчилигинен элеби же башка булактардан дагыбы?

Байдл: “Ислам мамлекети” тобунда кирешенин булагы көп. Анын ичинде мыйзамсыз аткезчилик дагы бар, бирок муну менен эле чектелбейт. Чек ара боюндагы мунай контрабандасын толук тыйып койгон учурда деле “Ислам мамлекети” тобунун алар көзөмөлдөгөн аймактын экономикасынан салык жыйноосун токтото албайсыз. Алардын карамагындагы аймактарда миллиондогон киши жашап, кийинип, ичинүүдө, турмуш-тиричиликке керектүү башка нерселерди колдонуп жатат. Демек, “Ислам мамлекети” тобу бул экономикадан салык алууда. Эгер, эл аралык коомчулук террордук уюм киреше таап жаткан аткезчиликти токтото алса, мисалы мунайды мыйзамсыз ташууну, албетте жакшы болмок. Бирок бул чара “Ислам мамлекети” тобун банкрот абалына кептебейт. Аткезчилик оодага бөгөт коюунун өзү кыйын иш. Анткени, “Ислам мамлекети” тобу мунайды базар баасынан өтө арзан сатууда. Мындай жагдай, алардын соода өнөктөрүн бул ишмердикке көз жуумп коюуга түртүп жатат. Себеби, мунайды арзан алууга аларда дагы кызыкчылык бар. Эгер, АКШ, Орусия, Франция ортосунда бул жаатта кызматташтык жүрсө, балким Түркия сындуу өлкөлөргө чек арасын жабуу үчүн кысымды натыйжалуу көргөзө алмакпыз. Бирок муну жасаган күндө деле “Ислам мамлекети” тобу жакын арада талкаланып кетпейт, болгону аларга зыян гана тиет.

“Азаттык”: Бирок Чоң жыйырманын лидерлери убада кылгандай, кандайдыр бир деңгээлде аны каржы булактарынан ажыратуу мүмкүнбү? Эмне үчүн бул иш азыркыга чейин жасалбай келди?

Байдл: “Ислам мамлекети” тобу көзөмөлдөгөн, ал салык жыйнаган аймактардагы экономиканы кыскартуу үчүн аба соккулардын бутасын өзгөртүү жолу бар. Каржы булактарын, кирешени кырка турган бул ишти жасай алабыз. Бирок канчалык деңгээлде деген суроо чыгат. Менимче, мунун туура жообу белгилүү бир чекте гана. Анткени, бул иш эң биринчи кезекте “Ислам мамлекети” тобу көзөмөлдөгөн аймактардагы элди жакырлантат. Мисалы, баары токтотууну каалаган мунай контрабандасы да ошол аймакта жашаган элге киреше алып келүүдө, экономиканын бир бөлүгү, экономиканы болсо реалдуу адамдар жасайт. Алардын көбү “Ислам мамлекети” тобунун согушкерлери же террорчулары эмес, бирок Раккада (Сирия), Мосулда ( Ирак), Рамадиде (Ирак) же башка аймактарда жашоого мажбур карапайым адамдар. Эгер биз “Ислам мамлекети” тобуна каршы күрөштүн экономикалык стратегиясында эффективдүүлүктү көргөзсөк, экономиканы кыскартуу менен ошол аймакта жашаган элди жакырлантабыз. Бул өзү согуш учурундагы нормалдуу көрүнүш. Мамлекеттер бири-бири менен согушканда, адатта согушту колдоо кубатын азайтуу үчүн экономиканы бутага алышчу. Ошон үчүн согуш гуманитардык кризисти, адамга трагедияны алып келет.

Менимче, АКШ алдыда “Ислам мамлекети” тобунун кирешесин азайтуу боюнча аракеттерди күчөтөрү анык. Бирок бул эмнени туюндурарын да билип коюшубуз керек. “Ислам мамлекети” тобунун киреше алган булактарына абадан жапырт сокку ургандын ордуна, анын чеги гана көбөйчүдөй.

Сирия менен Иракта “Ислам мамлекети” тобуна каршы буга чейин муну өтө агрессивдүү жасоого барбаганыбыздын себеби – бейкүнөө жөн-жай тургундарга да зыян тийгизерибизди билгенибизден улам.

Виртуалдык армиянын азгырыгы

Париж чабуулдарынан кийин талдоочулар көңүл бурган дагы бир маселе санариптик же интернет майдандагы күрөштө азыр “Ислам мамлекети” тобунун үстөмдүк кылып жатканы болду.

Баш кеңсеси Нью-Йоркто жайгашкан аналитикалык уюм – Тышкы байланыштар боюнча кеңештин эксперттеринин эсебине караганда, Париждеги террордук чабуулдардан кийинки алгачкы 24 саатта интернеттеги Твиттер социалдык түйүнүндөгү 46 миң даректен, ИМ тобунун атынан видео, сүрөт, аудио, жаңылык, теологиялык жазуулар таратылган.

Тышкы байланыштар боюнча кеңештин эксперттеринин пикиринде, интернет майданындагы күрөштө дүйнөлүк коомчулук "Ислам мамлекети" тобуна уттурууда.

"Ислам мамлекети" тобу пропагандалык видеолорун такай таратып турат.

"Ислам мамлекети" тобу пропагандалык видеолорун такай таратып турат.

Андыктан, санариптик театрда ыкчам жана кубаттуу аракеттер болбосо, аба соккулары убактылуу гана жеңиш алып келип, атүгүл ИМ тобунун өз катарын толуктоо аракетинин натыйжалуулугун арттыра алат.

Париждеги чабуулдардан кийин Нью-Йорктогу талкууда Тышкы байланыштар боюнча эл аралык кеңештин талдоочусу Фарах Пандит (Farah Pandith) буларга токтолду:

- Санариптик уруш талаасындагы платформадан экстремисттердин идеяларын алуу мүмкүнчүлүгү дээрлик бир миллиард мусулманда бар. Демек, жаап салгыдай эч кандай чек ара жок. Сиз идеаларды кулпулап сала албайсыз. Анын үстүнө бул иденттүүлүк кризисине кабылган жаштар үчүн психологиялык жана эмоционалдык учур жаратууда. Алар өз катарын мына ушул жол менен толуктап, утушка ээ болууда. “Ислам мамлекети” тобунун виртуалдык армиясынын абдан чоңдугу да өзүнчө көйгөй. Эгер биз алардын санариптик мейкиндиктеги азгырыгын токтото алсак, бул оюнду түп-тамырынан бери өзгөртөт. “Ислам мамлекети” тобу дүйнө боюнча түрдүү жергиликтүү террордук топторду шыктандырып, аларды өзүнө азгырып, тартып жатканын да эстен чыгарбайлы. Бул дагы менимче маанилүү маселе. Андыктан, биз аскерий менен катар аскерий эмес күрөштү да жүргүзүүбүз керек. Биз муну жасай элекпиз. Санариптик уруш талаасында "Ислам мамлекети" тобу бизге каршы күрөшкөндөй, аларга каршы күрөшкөн армия болушу керек.

Талдоочунун көз карашында, “Ислам мамлекети” тобунун интернеттеги, социалдык медианын бардык платформаларындагы идеологиялык азгырыгын азайтып, басуу ишине өкмөттөрдүн колдоосу менен бейөкмөт уюмдар, жеке сектор, филантроптор да тартылышы керек.

Экстремизмге каршы эл аралык долбоорлорду ири компаниялар каржылап, ИМ тобунукуна каршы иделогия, альтернативдүү мазмун жаралышы, мындай иш өзгөчө мусулман өлкөлөрүндө жүргүзүлүүсү абзел.

  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG