Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:16

Прага: мусулмандарды коргогон акция


Полициянын аракеттерине нааразы болгон Чехиядагы мусулмандар Ички иштер министрлигинин алдында акция өткөрүүдө. 25-апрел, 2014-жыл
Полициянын аракеттерине нааразы болгон Чехиядагы мусулмандар Ички иштер министрлигинин алдында акция өткөрүүдө. 25-апрел, 2014-жыл

Миңдеген чехтер бүгүн, 9-январда Чехиядагы мусулмандарды колдоо максатындагы массалык демонстрация өткөргөнү жатышат.

«Акмакчылыкка каршы кебаб» деп аталган өнөктүк өлкөдөгү аз сандагы мусулмандарды колдоо максатында жарыяланды.

«Акмакчылыкка каршы кебаб» жергиликтүү популист саясатчынын исламга асылган чырлуу билдирүүлөрүнө жооп катары социалдык тармактар аркылуу уюштурулуп жаткан өнөктүктөрдүн бири гана.

200 орундуу чех парламентинде 14 орунга ээ болгон "Түз демократиянын шооласы» деп аталган партиянын башчысы Томио Окамура өткөн аптада өзүнүн "Фейсбуктагы" барагында чехтердин «демократиялык жашоосун» радикал исламдан сактоо тууралуу 14 беренеден турган хартиясын жарыялаган эле.

Томио Окамура
Томио Окамура

Окамура анда Чехияда мусулмандарга карата меймандостуктун «чеги бар» экендигин эскертип, чехтерди мечиттердин жанынан ит, чочколорду бастырууга чакырган. Ал ошондой эле мусулманча мал союуну «канкордук» катары сүрөттөп, деги эле «адал» этке тыюу салууну сунуш эткен. Алтургай «Биз сатып алган ар бир кебаб паранжыны көздөй ташталган кадам болот» деп ырастаган.

​Окамура мындан тышкары өлкөдө радикал исламчылар иш алып барып жаткандыгын айгинелеген документтерди көргөндүгүн айтып, айрым компаниялар алардын ишин каржылап жаткан болушу мүмкүн деп шектенгенин жашырган эмес.

«Томио үчүн кебаб» деп аталган "Фейсбуктагы" өнөктүктүн уюштуруучулары Окамуранын айткандары күлкү келээрлик экендигин жазып, анын өзүн шакаба чеккен ар кыл сүрөттөрдү жарыялашууда.

Чехиядагы мусулмандар. Прага
Чехиядагы мусулмандар. Прага

Муслим - Прага шаарында адал эт саткан дүкөндүн ээси. Ал да тамашага чалып, Окамуранын өзүнө окшогон мусулман чет элдиктерге асылганына мындайча жооп берди:

– Мен ага белекке күзгү жиберет элем. Чет элдиктерге асылгандан мурда биринчи өзүнүн кейпин күзгүдөн карабайбы.

Токиодо туулган Окамуранын энеси чех, атасы кореялык жапон жараны болгон. Өз биографиясында Окамура кичинекей кезинде аны балдар таза кандуу жапон эмес деп көп кордошконун жазган. Ушул киши бүгүн ашынган улутчулдук туруму менен чех саясатындагы чырлуу каарманга айланганына бир топ болуп калды. Мурда ал Чехиядагы лөлү же цыган улутундагыларды аларды Индияга жибериш керек деген эле. Лөлүлөрдүн түбү Индиядан деп саналат.

7-январдагы Франциядагы сатиралык журналга кол салууда 12 киши, анын ичинде сегиз журналист өлтүрүлгөн окуядан кийин социалдык медиянын Окамурага каршы тамаша-чыны аралаш «чабуулга» өтүшү орунсуз көрүнүшү мүмкүн. Бирок бүгүнкү акциянын уюштуруучулары Окамурага окшогон саясатчыларга Париж трагедиясынан саясий упай топтобоону эскертишти.

Праганын көчөсүндө ар ким ар нерсени айтышы мүмкүн. Мисалы, 77 жаштагы Ярмила "Азаттыктын" кабарчысына Окамураны чыңырган чындыкты айткан акылман саясатчы деп мүнөздөдү. Ал эми 30 жаштагы Мартин мусулмандар менен чатагы жок экенин, алтургай кебапты «эң бир даамдуу тамак» деп билээрин айтты.

Прага
Прага

Мусулмандар Чех жумуриятында 10 миллион калктын бир пайызына да жетпейт. Алардын бири Муслим Прагада 20 жылдан бери жашайт, адал эт сатып жүрүп, жакында шаардын борборунда адал тамак сатуучу ашкана ачты. Убагында Москвада 20 жыл күн көргөн Муслим Россиядан айырмаланып, чех жергесинде эч кандай кыйынчылык көрбөгөнүн айтат:

– Чехтердин президенти исламга каршы экендигин жашырбайт. Бирок өкмөт, полиция мага эч кандай кыйынчылык келтирбейт. Мен чечен, мусулман болгонум үчүн мага эч ким бут тоспойт. Көчөдө мага бирөө бирдеме дебейт.

Европадагы мусулман тургундардын картасын бул жерден көрсө болот.

XS
SM
MD
LG