Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:15

Экономика: Өз көмөчүнө күл тартуу күчөдү


Эл аралык соодада Дүйнөлүк соода уюмунун эрежеси менен ойнойбуз деген өлкөлөр саны арткан учурда протекционисттик чаралар күчөгөнү айтылууда.

Эл аралык соодада Дүйнөлүк соода уюмунун эрежеси менен ойнойбуз деген өлкөлөр саны арткан учурда протекционисттик чаралар күчөгөнү айтылууда.

Дүйнө өлкөлөрү улуттук экономикасын тышкы атаандаштыктан коргоо аргасында соодада протекционисттик чараларды күчөттү.

Мындай тыянак Евробиримдик Чоң жыйырманын ушул айдагы саммитин утурлай жарыялаган баяндамада айтылат.

Өндүрүшү кубаттуурак өлкөнүн өзү өндүргөн товарынын эл аралык базардагы атаандаштыгын арттыруу же ички базарын чет элдик товарлардын агымынан тосуу үчүн коргоочу чараларга баруусу адаттагы көрүнүш.

Бирок дүйнөлүк экономика барган сайын глобалдашып, мамлекеттердин экономика менен соодадагы алыш-бериши кыйма-чийме болуп, эл аралык соодада бир – Дүйнөлүк соода уюмунун эрежеси менен ойнойбуз деген өлкөлөр саны арткан учурда протекционисттик чаралардын күчөгөнү сөз менен иштин дал келбөөсү катары кабылданып жатат.

Жаңылыш жана саясий кадам

Баш кеңсеси Лондондо жайгашкан – “Economist Intelligence Unit” иликтөө уюмунун талдоочусу Дэвид Далтон (David Dalton) “Азаттык” радиосунун кабарчысы менен маегинде белгилегендей, ар өлкөнүн өз көмөчүнө күл тартуусу азыр ансыз деле кризисте турган дүйнөлүк экономиканы өргө сүйрөбөстөн, кайра артка тарткандык жана тарыхтын сабактарынан жаңылыш жыйынтык чыгаргандык:

- Узак мөөнөттөн алганда бул жакшы деле нерсе эмес. Кыска мөөнөттүү популисттик чарадан ары кете албайт. Бул - абдан жаман жараян. 1930-жылдардагы Улуу депрессиядан туура эмес сабак алгандык. Анда соодадагы протекционизм баарын кургуйга кулаткан. Ошондогу кризистин башкы себеби болгон. Адамдар, албетте, азыр эң биринчи кезекте өзүн карагысы келүүдө. Бирок экономикалар ич ара байланышып калган учурда өзүңдү башкаларга жардам берүү аркылуу гана сактап калууң мүмкүн. Азыр баары бири-бирине ушунчалык байланышып калды. Андыктан соодада протекционисттик чараларга барганың, өзүңдү - өзүң атканың, узак мөөнөттүү кызыкчылыктарыңа каршы чыкканың.

Евробиримдиктин аткаруучу органы - Еврокомиссия өткөн аптада жарыялаган иликтөөгө караганда, дүйнө мамлекеттери акыркы сегиз айда эле соода жаатында 123 жаңы чектөө киргизген. Бул мурдагыдан 25% көптүк кылат.

Ал эми 2008-жылкы кризистен бери киргизилген соода чектөөлөрүнүн саны 500дөн ашат.

Мындай кадамга барган өлкөлөрдүн көпчүлүгү Дүйнөлүк соода уюмуна мүчө, же ага кирүү алдында тургандар жана дүйнөнүн Улуттук дүң өндүрүшүнүн 80 пайыздан ашуунун берген Чоң жыйырманын тобундагы мамлекеттер.

Лондондогу “Economist Intelligence Unit” иликтөө уюмунун талдоочусу Дэвид Далтондун пикиринде, соода чектөөлөрүнө барып жаткан өлкөлөр жогорудагыдай кадамы Дүйнөлүк соода уюмунун эрежелерине каршы келерин билсе деле, муну аргасыздан, ички саясий кысымдардан улам жасоодо:

- Жалпы картина мындай болуп турат: Дүйнө өлкөлөрү ал көргөн чаралар Дүйнөлүк соода уюмунун стандарттары боюнча мыйзамсыз деп каралган күндө деле өз бизнестерин тышкы таасирден коргоо жолдорун издөөдө. Экономикалык кысымга кабылган жарандарын коргоо үчүн атайын чараларга барууга ар бир өлкө укуктуу да.

Маселен 2010-жылды эле эстесек, Чыгыш Европада дан азыктарынын түшүмү начар болгондо буудай экспортуна тыюу салынган. Мындай чаралар Дүйнөлүк соода уюму тарабынан мыйзамсыз деп каралган күндө деле өлкөдөгү баанын төмөн кармалышы муну саясий жактан актап койот. Үйдөгү бизнести коргоо, ички саясий колдоого ээ болуу - мындай чаралардын адаттагы жүйөөсү.

Евробиримдиктин иликтөөсүнө караганда, Чоң жыйырманын тобуна кирген мамлекеттер арасында акыркы үч жарым жылда сооданы чектөө жагынан Аргентина 119 чара киргизип, көч башына чыккан.

Кыргызстандын соода өнөктөрү да жөн турган жок

Кыргызстандын негизги соода өнөктөрү ичинен 86 чектөө киргизген Орусия, 30 чектөө киргизген Кытай да көч башында. Ал эми коңшу Казакстан өз бизнесин коргоо максатында 17 чектөө кабыл алган.

Өзүнчө Бажы союзун түзгөн үч өлкө ичинен Орусия Дүйнөлүк соода уюмуна мүчө, Беларус менен Казакстан азырынча кошула элек.

Орусия менен Казакстан бюджеттик кирешесинин негизги булагы – мунайга болгон экспорттук салыкты көбөйткөндөн тышкары Бажы союзунун алкагында, айыл чарба жана тамак-аш продукцияларына импорттук салыктарды көтөргөн.

Казакстан буга кошумча бюджеттик каражатка дары-дармек сатып алууга келгенде, жергиликтүү өндүрүшчүлөр жараса, аларга артыкчылык берүү чечимин кабыл алган.

Кыргызстан болсо мурдагыдай эле импорттун эсебинен жашоодо.

Улуттук статкомитеттин эсебине караганда, быйылкы жылдын төрт айында импорттун көлөмү 36% жогорулап, 1,5 миллиард долларга жакындап барды.

Ошол эле учурда экспорт дээрлик 14% төмөндөп, 500 миллион доллардын тегерегинде болду.

Экономист жана банк адиси Акылбек Жумабаевдин пикиринде, жалпысынан бул - экономикадагы терс тенденциянын белгиси:

- Бул чоң көрсөткүч да. Демек төрт айда биздин өндүрүш өнүкпөй эле, бирок элдин керектөөсү көбөйдү. Өз жаныбызды, өзүбүз бага албасак, башка бирөөлөрдүкүн сатып алууга туура келет да. Өз өндүрүшүбүздү көбөйтсөк, башка мамлекеттерге экспорт кылсак, мамлекетибиздин деңгээли жогорураак болот эле да.

Ички өндүрүштү коргоо үчүн айыл чарбасында жана башка тармактарда протекционисттик чараларга баруу керек деген чакырыктар Кыргызстанда да утур-утур айтылып калат.

Импортту чектөө - керектөөчүлөргө зыяндуу

Бирок ички өндүрүштүк база азырынча мындайга даяр эместигин жүйөө тарткан талдоочулар бул таңкыстыкка, кымбатчылыкка, акыр аягында катардагы керектөөчүлөрдүн зыян тартуусуна гана алып келерин айтышат.

Бишкектеги Эркин базар институтунун талдоочусу Азиз Иса:

- Эгер биз бир жарым миллиард долларга импорттук товар сатып алып жатсак, демек акча бар. Болбосо сатып алалмак эмеспиз да. Кыргызстанда аз эле нерсе өндүрүлгөндүктөн, экономикабыздын ачык болгону абдан маанилүү. Эркин соода жана глобалдашуудан улам ар бир өлкө сапаттуу жана арзаныраак чыгара турган товарына адистешти, эмгектин эл аралык бөлүшүүсү жүрдү. Учурдагы дүйнөлүк тенденцияны алсак, бул - убактылуу көрүнүш деп эсептейм. Протекционисттик чаралар опурталдуу. Сооданы токтотуп, жумушсуздуктун өсүшүнө, бул өз кезегинде социалдык чыңалууга алып келет.

Дүйнөнүн Улуттук дүң өндүрүшүнүн 80 пайыздан ашуунун берген Чоң жыйырманын саммити келерки аптанын соңунда Мексикада өткөнү жатат.

Аны утурлай иликтөөсүн жарыялаган Евробиримдик өз тарабынан аталган саммитте протекционизмге каршы күрөшүү, бул жаатта мурда берилген убадаларды орундоо маселесин көтөрөрү күтүлүүдө.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG