Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:44

Египетте саясий бийлик алмашты, экс-президент Мурси аскерий жетекчиликтин чечими менен кызматтан кетүүгө мажбур болду, өлкөнү башкарууга убактылуу президент дайындалды, техникалык өкмөт курулат. Бийликтен кулаган консервативдүү исламчыл «Мусулман агайындар» кыймылынын өкүлү Мухаммед Мурси туура бир жыл мурун демократиялык жол менен шайланган.

Египетте эмне болду? Аскерий кутум, мамлекеттик төңкөрүш же ыңкылаптын экинчи толкунубу? Демократиялык шайлоо менен бийликке келген президентти аскерий ультиматум коюу аркылуу бийликтен кетирүү – мамлекеттик конституциялык түзүлүшкө кандай таасир этет? Египеттин аскерий жетекчилигинин чечимин демократиялык алкакта кандай баалоого болот?

Талкуунун катышуучулары: көп жылдар бою Жакынкы Чыгышта аскерий тилмеч болуп иштеген, чөлкөм боюнча адис Алимжан Таңырыков, Анкара университетинин коомдук илимдер институтунун теология боюнча докторанты Медербек Кадыров жана саясат таануу боюнча илимдин доктору, Борбор Азиядагы Америка университетинин окутуучусу Эмилбек Жураев.

А.Таңырыков: Египеттеги окуяны эл аралык коомчулукта мамлекеттик жетекчилер менен саясий серепчилер дагы аскерий төңкөрүш деп баалап жатышат. Мен бул пикирге кошулам. Демократиялык шайлоо аркылуу бийликке келген Мухаммед Мурси армиянын катышуусу менен бийликтен ажыратылды. Мурсинин демократиялык шайлоо менен бийликке келгени бир гана жагы.

Исламчыл күчтөр Египетте сыноодон өттү. Алар бийликке келип, мамлекетти башкарууга жөндөмү жок экендиги билинди

Экинчи жагынан "Мусулман агайындар" бийликке келгенден кийин консервативдүү саясатын жүргүзө берип, өлкөнүн экономикалык, социалдык, маданий-диний жетишкендиктерин төмөн түшүрүп жиберди. Ал эми египеттик жаштардын эркин болобуз, сөз эркиндиги болот деген үмүт-мүдөөсү ишке ашпай калды. Бул жаштардын көтөрүлүшү. Исламчыл партия экономикалык, социалдык саясат жүргүзүү, өлкөнү башкарууда жөндөмсүздүгүн көрсөттү.

"Азаттык": Египетте армиянын элди колдоп, өлкөнүн саясий жетекчилигин 48 саат ичинде бийликтен оодарып түшкөнү Египеттин кол тийгис делген конституциялык түзүлүшүнө канчалык шек келтирди?

Э.Жураев: Кырдаал бир топ опурталдуу болуп турат. Египеттин армиясы Түркиянын армиясындай тамыры өтө терең кеткен институт болуп саналат. Армиянын, аскерий күчтөрдүн саясатка кийлигишип, конституциялык түзүлүштү аскерий жол менен оңдоого аракети өтө татаал жана кооптуу жол.

Египеттеги бийлик алмашуу бул Мурсинин өлкөнү жакшы башкара албагандыгынан гана болду деген пикирге көп эле кошула бербес элем. Демократиянын стандарттары ак кайсы жерде ар түрдүүчө бааланып, ошого жараша таасири бар. Маселен АКШда 52% добуш менен уткан президенттин саясий салмагы менен Египетте ошончо эле көрсөткүч менен жеңишке жеткен лидердин таасири башкача болот. Египетте 52% бул бир топ туруксуз, ал тургай кооптуу жеңиш болуп эсептелет.

Дагы бир таңкалычтуу нерсе "Араб жазына" дуушар болгон өлкөлөрдөгү демократиялык шартта өткөн шайлоолордо диний идеологияны карманган партиялар жеңишке ээ болуп жатышат. Бул басымдуу калк ошол партияларга ыктап тургандыгынан кабар берет. Анан ал идеология жакпаган коомдун дагы бир бөлүгү шайлоодон бир-эки жыл өтүп-өтпөй бийликти күч менен алмаштырганы - бул мыйзамдын негизинде түзүлгөн, башкаруу институттары бекем болгон конституциялык режимди орнотууну такыр жокко чыгарат.


Демократия, саясий ислам, Конституция

Э.Жураев: Мухаммед Мурси бир жыл мурун "Мусулман агайындар" кыймылынын колдоосу менен президентикке келип, андан кийин дагы аларга таянганга аргасыз болду. Буга чейинки өлкөнүн 30 жылдык тарыхында бийликтин негизги күчү - күчтүү аскерий система болду.

Демократия жана конституциялык түзүлүш. Шайлоо аркылуу келген бийлик легитимдүүлүгүн сактап кала алабы? Ал бийликти жүргүзүүгө ким көзөмөлдүк кылат?

Бир жагынан демократия деп атабыз - Мурси чыныгы демократиялык жол менен бийликке келди. Экинчи жагынан конституциялык түзүлүштү сүйлөп жатабыз. Бул эки түшүнүктүн тең татаал жери - шайлоо аркылуу бийликке келгенден кийин, ошол бийлик легитимдүүлүгүн сактап кала алабы? Кайсы саясий күчтөр ошол бийликти жүргүзүүгө көзөмөлдүк кылат? Өлкөнүн укмуштай Конституциясы болсо дагы, ал өлкөнүн саясий турмушунда кандай күчкө ээ? Бул демократиялуу мамлекетте айныксыз шарт болушу керек. Кыргызстанда деле биз ушул эрежеге түшө албай жүрөбүз. Жыл сайын бир нерсени өзгөртөбүз: бул мыйзам жарабайт, тиги киши жакпайт деген сыяктуу. Биз канчалык өзгөртө берген сайын, мыйзам үстөмдүгүнө, Конституцияга шек келтирип жатабыз.

"Азаттык": Сириянын президенти Башар Асад «Египеттеги төңкөрүш – саясий исламдын жеңилиши болду» деп айтты. Египеттеги соңку окуя исламчыл күчтөрдүн демократиялык процесстерге кошулуп, демократиялык баалуулуктарды таануусуна ажырымды жаратпайбы?

М.Кадыров: Бириккен Араб Эмираттары менен Сауд Арабия Египеттеги аскерий төңкөрүштү колдоду. "Мусулман агайындар" ошол эле Сирияда Башар ал-Асадга каршы күрөшүп жүргөн козголоңчулардын арасында дагы бар. Деги эле "Араб жазы" деп аталган Араб өлкөлөрүндөгү революциялык чынжырдын аркасында "Мусулман агайындар" негизги күч катары турат.

Армия чечкиндүү туруп, жараянды аягына чыгарбаса, жарандык согуш Египетте башталышы мүмкүн

Египетте башынан "Мусулман агайындарды" колдоп жүргөн консервативдик маанайдагы "Нур" партиясы соңку кезде "Мусулман агайындарды" колдобой койду. Буга Мурсинин Иран менен мамилесин оңдоого аракет кылганы себеп болду. 1979-жылы Ирандагы Ислам революциясынан кийин ошол кезде качкан Ирандын мурунку президенти Египеттен башпаанек алган. Ошондон кийин эки өлкө ортосунда эч кандай дипломатиялык байланыш болгон эмес. Жогоруда белгиленгендей, консервативдик исламчыл саясатчылардын экономикалык программасынын жоктугу өлкөнү кризиске кептеди. Египеттеги исламчыл маанайдагы саясий топтор өз ара бөлүнүп кеткен.


А.Таңырыков: Тунисте, Ливияда, Египетте исламчылар демократиялык жол менен бийликке келди. Түркия исламисттик башкаруунун жолуна өтүп жатат. Стамбулдун Таксим аянтындагы жана Каирдин Тахрир аянтындагы дүрбөлөңдөрдү бир көз караш менен кароо керек. Таксимде чыккан жаштар дагы "бул Тахрир аянты, биз аягына чейин турабыз, биз демократияны кайра алып келебиз" деп турушпадыбы.

"Араб жазына" дуушар болгон башка мамлекеттердиги экономикалык, социалдык жана саясий абал начарлап, эл өзү жапырт көтөрүлө турган болсо Египеттегидей төңкөрүш болуусу мүмкүн. Ошол эле учурда Египеттен башка мамлекеттерде армия анчалык чоң күчтүү эмес, маселен Ливия менен Тунисте армия деген жок. Ал эми монархия мамлекеттерде армия падыша менен эмирлердин кол алдында турат.

Египетке Мубарактан кийин Мурси эмес, Манделадай жол башчы керек эле

Исламчыл күчтөр Египетте сыноодон өттү. Алардын бийликке келип, мамлекетти башкарууга жөндөмү жок экендиги билинди. Ошон үчүн Башар Асад сүйүнүп атат, Египетте кырдаал калбына келгенден кийин Башар Асад египеттик аскерий күчтөрдөн жардам алуусу мүмкүн. Экинчи жагынан Египетте саясий абал начарлай баштайт. "Мусулман агайындар" өч алууну көздөгөн кекчил адамдар, алар ачык же жашыруун түрдө каршылык көрсөтүшөт. Булар канча жылдап, жашыруун күрөш жүргүзүп келип, Хосни Мубарактын тушунда парламенттен бир орун алышкан. Эгерде египет армиясы чечкиндүү туруп, жараянды аягына чыгарбаса, жарандык согуш Египетте башталышы мүмкүн.

"Азаттык": Египетте стабилдүүлүк менен биримдик, толеранттуулук кандай болот?

М.Кадыров: Кабарларда айтылгандай, "Мусулман агайындардын" өкүлдөрү аскерий жайларды бутага алып, полицияга каршы ок атуучу куралдарды колдоно баштаптыр. Андыктан армия жалпы кырдаалды өз көзөмөлүнө алуусу керек. Жакынкы Чыгыш боюнча аналитиктер дагы Египетте жарандык согуш чыгып кетүүсү мүмкүн деген кооптонууларын билдирүүдө.

"Азаттык": Талкуунун коноктору белгилегендей, Египетте күч менен бийликтин алмашуусу – демократиялык баалуулуктар менен мамлекеттик институттардын ролу жана саясатташкан ислам аралашкан татаал жараяндын бир мисалын көрсөттү. Таанымал журналист Фарид Закария «Бир жагынан египеттиктер репрессивдүү диктаторлук режимдин, экинчи жагынан демократиялык жол менен бийликке келген авторитардык лидердин курмандыгы болушту. Египеттиктерге Мубарактан кийин Мурси эмес, Манделадай жол башчы керек эле» деген пикирин айтты.
  • 16x9 Image

    Гүлайым Ашакеева

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, веб-редактор. Кыргыз улуттук университетин, Коста Рикадагы Улуттар Уюмунун университетин аяктаган.

  • 16x9 Image

    Аида Касымалиева

    Азаттык+ телепрограммасынын алып баруучусу, продюсери (2005-2009), Москвадагы кабарчысы (2011). 2012-жылы "Москвада калган ый" даректүү тасмасы "Бир дүйнө" кинофестивалында "Ачылыш" наамына татыган. Бишкек гуманитардык университетинин журналистика бөлүмүн 2005-жылы аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG