Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:33
ХХ кылым сөздүн кайсы бир маанисинде аялдардын кылымы болду десек да болоор эле. Себеби аялдар теңдиги, кыз-келиндердин жарандык жана саясий укуктары, гендерлик баланс сыяктуу талуун маселелер ушул кылымда зор деңгээлге чыкты. Кыз-келиндердин эл аралык күнү, баатыр энелер, саясаттан баштап космоско чейин аралашкан аялзаты - ХХ кылымдын сыймыктана турган тарыхый барактарынан эмей эмне.


ХХ жүз жылдыкта аялдардын арасынан бир катар мыкты саясий лидерлер чыкты. Индира Ганди, Беназир Бхутто, Корасон Акино, Шейх Хасина… Ошолордун ичинде Англиянын үч жолку премьер-министри, “Жаасы катуу леди” атка конгон Маргарет Тетчер, албетте, өзгөчө орунду ээлейт.

Эмне үчүн өзгөчө? - деген суроо туулат. Биринчиден, Уинстон Черчиллден кийин үч жолу Англиянын өкмөт башчысы болгон саясатчы жалгыз гана Маргарет Тетчер экенин эстен чыгарбоо керек. Экинчиден, ошол эле Уинстон Черчиллден кийинки Британиянын эл аралык кадыр-баркын абдан бийик көтөрүп, ошол Черчилл сыяктуу дүйнөнүн тагдырын калчаган бирден-бир англис саясатчысы да ушул Тетчер айым эмей ким. Аялдан башкача катуулугу, айтканынан кайтпаган өжөрлүгү, мамлекеттин кызыкчылыгын баарынан өйдө койгон, ал үчүн бир да кесиптешин же партиялашын аяп да, боор ооруп да койбогон таш боор адаты үчүн аны англичандар ‘Iron lаdy’ деген атка кондурган. Советтик гезит-журналдар аны эч качан жактырбаса да, балким жек көрсө да “железная леди”, башкача айтканда "жаасы катуу айым Маргарет Тетчер" деп жазып жүрүштү.

Үчүнчүдөн, каалайызбы, жокпу бирок “кансыз согуш” жылдарында эбегейсиз зор жана күч-кубаттуу коммунисттик империя эсептелген Советтер Союзун ар тарабынан алсыратып, акыры талкалап тынган, НАТОго каршылаш аскерий блок эсептелген Варшава келишимин жокко чыгарган батыш лидерлеринин бири да ушул Маргарет Тетчер экенин кантип танабыз. Мен бул жерде аны макташ же жакташ үчүн эмес, болгон фактыны айтып атам.

Лорддор палатасында 45 мүнөт сүйлөгөн “Биз Советтер Союзун кантип талкаладык” деген сөзү да бар. “СССРдин ордунда 15 миллион калк жашаса - жетет” деп айткан да Маргарет Тетчер болгон… Кыскасы, Уинстон Черчилл тарыхка дүйнөлүк экинчи согуштун жеңүүчүлөрүнүн бири катары кирсе, Тетчер андан да кем эмес мааниге ээ “кансыз согуштун” жеңүүчүлөрүнүн бири катары тарыхта аты калды.

Ырас, Тетчер эң биринчи кезекте англис саясатчысы. Ал эми англичандар үчүн эң биринчи приоритет - Британиянын улуттук кызыкчылыктары экендиги жакшы белгилүү. Ошондуктан дүйнөлүк экинчи согуштан кийин экиге бөлүнүп калган Германияны бириктирүү идеясы пайда болгондо Тетчер ага араң дегенде макул болгон, анткени бул өлкө менен Британиянын мамилеси эч качан жакшы болгон эмес жана Гитлер баштаган дүйнөлүк экинчи согуш, ошол согуштун катастрофалык сабактары, айрыкча фашисттик самолеттер күлүн асманга сапырган Лондон - эч качан унутууга болбой турган сабактар эле.

Бирок Тетчер Түндүк Атлантика шериктештигин жан дили менен жактаган лидер болгондуктан, Советтер Союзу баштаган коммунисттик блокту кандай болсо да жеңүү, геосаясий күч катары жок кылуу ошол Батыш мамлекеттеринин негизги максаты катары саналгандыктан эки Германияны бир мамлекетке кошууга макулдугун берген. Эки Германияны бир мамлекетке кошуу эле эмес, азыркы Европа шериктештигин түзүү идеясы да Маргарет Тетчер катуу жактаган идеялардын биринен экенин белгилей кетели.

Эми “жаасы катуу лединин” биографиясына келели. Атасы чакан бакалея дүкөнүн кармаган катардагы жеке ишкер экен. Болгону эки кызы болгондуктан, экөөнү тең колунан келишинче жакшы тарбиялап, эң мыкты билим берип, айрыкча бала кезинен саясатка катуу кызыккан Мэггиге чоң үмүт менен караган, деп жазышат Тетчердин биографтары. Бирок атасы ошондо эле кызынын бала туруп катуулугун байкап, “баарына ыраазымын, бир эле каалоом - боорукерликти, мээримдүүлүктү унутпа” деген экен. Бирок кызы - болочок премьер-министр, болгондо да үч жолку премьер-министр - боорукерликти башкача түшүнчү экен: мамлекеттик иште таштан катуу болуп, элди оңой оокатка эмес, эмгекчил турмушка, тырышчаактыкка, башка калктардан тың да, чың да болушуна кам көргөн экен Маргарет Тетчер.

Тетчер айым жубай тандаганда да жүрөгү менен эмес, акылы менен тандаган дешет анын биографтары. Ал гана эмес тун кызы Кэррол Тетчер да апасы тууралуу китеп жазып, китебинде апасын эч качан сыр чечишип, аял катары, эне катары ички турмушун ортого салбаган катуу инсан, калбаат эне катары сүрөттөйт.

Жогоруда Маргарет Тетчерди сөз кылып жатып, Уинстон Черчиллдин атын атаган элек. Ушул жерден бир нерсени баса белгилеп кетишибиз керек - Тетчер айым өзүн эч качан Черчилл менен катар койбогонун өзү биринчи байкатыптыр. Мындан бир нече ай мурун британ өкмөтүнө тапшырган керээз кагазында кокус жаза тайып, каза болуп кетсе, кандай кылып узатуунун жол-жобосун төкпөй-чачпай жазып, бирок сөөгүн Вестминистердин атактуу залында бир гана күн кармоону сураныптыр. Лондондун үстүнөн да аскерий учактарды учуруп, аскерлердин маршын уюштурбоону эскертиптир.

Эске сала кетели: Черчиллдин сөөгү ошол Вестминистердин залында бир күн эмес, бир жума турган. Миңдеген адамдар коштошуп, сөөгүн жерге берээрде шаардын үстүнөн аскерий учактардын бүтүндөй эскадрильясы учуп өткөнү тарыхтан делгилүү.

Демек Тетчер айым өзүнүн Англия тарыхындагы ордун абдан жакшы билет жана ал орун - сыйлуу орун, бул мамлекеттин тарыхынан эч бир айрып караганга болбой турган абдан маанилүү орун экенине эч бир шектенбейт.

Айтор өз колу менен жазган керээзинде да жаасы катуу леди Маргарет Тетчер кадимки катуу мүнөзүн дагы бир жолу билгизип, дагы бир жолу Британия тарыхындагы өзүнө таандык ордун баса белгилеп коюптур…

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG