Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:10

Коко Шанель жана ХХ кылым


Менин стилим көпчүлүккө жакпай баратканда, чыгармачылыгым эмес, доор алмашканын байкадым. Коко Шанель


Ар бир замандын ар башкача белгиси, символдору, заман дидарын ачкан стили, модасы болот эмеспи. Адамзат тарыхындагы эң эле белгилүү стилдер деп рококо стилин, бароккону, королева Виктория заманындагы стилди д.у.с. айтабыз. Ал эми өткөн ХХ кылымдын эң эле таанымал модасын, кийим-кече стилин, үй интерьерин, эң таанымал атыр жытын же жыпарын, албетте, Коко Шанель жасады деп айтсак эч бир жаңылбайбыз.

Коко Шанел - легенда
please wait

No media source currently available

0:00 0:05:39 0:00
Түз линк


Коко Шанель - адам катары да, аялзаты катары, дизайнер катары да жаткан бир легенда. “Шанель” дегенде биз бүтүндөй бир жашоо стилин, ХХ жүз жылдыктагы Европа аристократиясын, атактуу №5 атыр жытты, аялдардын бели кымча кара көйнөгүн жана ошол кара көйнөккө жарашкан ак шуруну, колтукка кыскан кичинекей сумканы элестетебиз. Бир карасаң майда-чүйдө эле нерселер сыяктанат, бирок кайталап айта кетели, ошол майда-барат сыяктуу көрүнгөн нерселер чынында да ХХ кылымын адамдарынын кебете-келишими, эң эле кенен таралган кийим стили, модасындагы негизги багыты, тенденциясы болгонун тарых көрсөттү. Азыркы тапта “Шанель” - бүт дүйнөгө таралган мода индустриясы, зор индустрия, миллиарддаган доллар пайда тапкан өндүрүш, жалаң эле Коко Шанелдин эмес, бүтүндөй Франциянын атын чыгарган атактуу бренд.

1883-жылы жөнөкөй кир жуугучтун үй-бүлөсүндө туулуп, жетимчиликтин айынан монастырда чоңойгон, эптеп бутка туруш үчүн ырдап да, бийлеп да көргөн, акыры стилист, дизайнер катары зор карьера жасаган Шанель айым тууралуу бир канча кинофильмдер тартылды, чыгармалар жазылды. Анын аябагандай көктүгү, тырышчаактыгы, ишкер катары чоң таланты, изденгичтиги, аялзаты катары ажары менен сулуулугу ага ийгилик да алып келди, атактуу, даңктуу да кылды.

ХХ кылымдагы Европанын ак сөөктөр чөйрөсүндө эң эле таанымал айым, саясатчылар менен бизнесмендер алдынан туура өтпөгөн леди - Коко Шанель болду. Ошон үчүн кимдир-бирөө “мадам Шанелдин негизги стили - ал өзү” деп бекеринен айтпаса керек. Эгер Шанелдин ойлоп тапкан буюмдары, стили, кийим-кечелери ХХ кылымдын эң эле таанымал соода маркасына айланса, Шанель өзү да бир сөз менен айтып бүткүс чоң тема болду. Ошондуктан бир жолу “мен стиль ойлоп тапкан деле жокмун, мен өзүм аралашып жүргөн чөйрөлөр үчүн гана кийим-кече, интерьер, буюм-тайымдарды жасадым” деген экен мадам Шанель. Деле анын биографиясы, жүргөн-турганы, беш жолу турмушка чыкканы, айткан сөздөрү, доордун табитин, оош-кыйыштарын чагылдырган аялдык насили, эркиндикти, көз карандысыздыкты биринчи орунга койгон жашоо образы - бул да ХХ унутулгус бир элестеринин бири десек туура болот го.

Коко Шанель Уинстон Черчиль менен достошуп, герцог Вестминистерский менен ысык ымалада болуп, атактуу саясатчыларды, Голливуддун мыкты деген артисттеринин кийиндирди; мода индустриясынын атактуу брендине айланган Шанель тунук акыл-парасаты, терең ой жүгүртүүсү, таамай айткан афоризмдери менен да ХХ жүз жылдыктын тарыхына кирди. ”Жыйырма жаш куракта табият тартуулаган өң-түс менен элге чыгабыз, отузубузда жашаган жашообузга жараша келбет-кебете күтөбүз, элүүдөн ашкан соң жүзүбүз жасаган эмгегибиз менен сулууланат” деп айткан дал ушул Шанель болгонун эскерте кетели.

Коко Шанель кийим дизайнери катары карьерасын шляпа жасоодон баштаган. Парижде эң биринчи шляпа магазинин 1910-жылы ачып, ошондон баштап анын аты-жөнү бүткүл Францияга таралган. Кийин ал жасаган буюмдардын түрлөрү аябагандай кеңейген. Шанелдин дизайн жылдызы катары, модалуу кийимдерди тиккен стилист катары даңкы Дүйнөлүк экинчи согуш башталаарда катуу чыккан экен. Бирок анын төртүнчү күйөөсү улуту боюнча немис болуп, фашисттик Германияда кызмат кылган адам болгондуктан француздар Коко Шанелди “чыккынчысың” деп бир кур түрмөгө да салган. Бул жылдар ал үчүн абдан оор жылдар болуп, Парижге он жылдан кийин, башкача айтканда 1953-жылы гана кайтып келген.

1960-70-жылдардагы экономикалык өсүш Шанелдин мода империясына, бизнесине абдан жагымдуу шарт түздү. Ошол кездерде №5 атыр, Шанелдин көйнөктөрү менен сумкалары, сааттары, аялдар үчүн тигилген сырт кийимдери, шарфтары менен жоолуктары массалык түрдө чыгарыла баштады. Коко Шанелдин фирмаларынан чыккан буюмдар дүйнөнүн эң эле кымбат, эң эле атактуу деген магазиндеринде сатылып, “Шанель” деген соода маркасы Франциянын экономикасынын күчтүү локомотивдеринин бирине айланды.

“Мени мода жасаган дизайнер дегендерге эч качан кошулбас элем, - деген экен Коко Шанель. - Мен мода эмес, стиль ойлоп табам, себеби мода деген келет-кетет, ал эми стиль деген нерсе узакка убакытка чейин эскирбей турган нерсе”.

Чындыгында да ХХ кылымда нечен модалар алмашты, тарых өзгөрдү, бирок Коко Шанелдин стили азыр да сакталып калды. Ал ойлоп тапкан стиль ХХ кылымдагы кыз-келиндердин негизги стили, анын парфюмериясы - Франциянын дагы бир таанымал символу, мактанычы болуп калганын айтсак жетиштүү го. Албетте, Коко Шанель француз модасынын жападан жалгыз өкүлү эмес. Шанель менен катар Кристиан Диор, Пьер Карден, Луи Виттон сыяктуу дизайндын титандары чыкты.

Бирок ошол титандардын арасында да Коко Шанель - чыныгы легенда, ишкердик менен искусствону, сулуулук менен адамдык нарк-насилди эриш-аркак алып жүргөн аялзаты, ХХ кылымдын дагы бир таанымал символу.

XS
SM
MD
LG