Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:37

Сталин: бейнеге сүртүмдөр


Дүйнөдө Иосиф Сталин тууралуу ондогон китептер, жүздөгөн макалалар жана илимий изилдөөлөр жазылды, бирок Сталин тууралуу азыркыга чейин бир да турукташып калган илимий пикир же тарыхый тыянак жок. Мактагандар да, сындагандар да, ал гана эмес Гитлер менен катар койгондор да толтура.


please wait

No media source currently available

0:00 0:06:23 0:00
Түз линк


Сталин каза болгондон бери дээрлик алтымыш жыл өтсө да, ошондон бери карай уланып келаткан талаш мындан кийин да токтой турган түрү жок. Мунун чынында да жүйөлүү себеби бар: Иосиф Сталиндин жасаган иштеринин арасында улуу жетишкендиктер да, бирок адамдын жүрөгүн титиреткен кылмыштар да, ойдон чыгарылган, болгондо да Сталин өзү ойлоп тапкан жана колдоп-буттаган мифтер, советтик пропаганда атайлап тараткан легендалар да, ошону менен бирге калыстык менен айтылган анализдер да толтура. Анын үстүнө Сталин бийлик башында турган 30 жыл ичинде мурунку СССРде бир нече муун өсүп-чоңойду, сталинизм каны-жанына сиңип калган миллиондогон адамдар, мекендештер азыр да четтен чыгат. Ошону менен бирге кийинки эркин заманда, демократия учурунда туулуп-өскөн муун да азыр көп нерсеге көзү жетип, өткөн тарыхтын дурусу менен бурушун түшүнүп калган кези го.

Баса суроо туулат: сталинизм деген эмне? Сталинизм, деп жооп берет Гумбольдт университетинин профессору Йорга Баберовски, “жек көрүү менен душман издөө цивилизациясы”. Ал эми жөнөкөй тил менен айтсак, сталинизм - бул кандайдыр бир идеяны же саясий максатты жүзөгө ашыруу үчүн адам баласын, эл менен журтту каражат катары, курал катары же курулуш материалы катары пайдалануу болуп эсептелет. Бул аныктаманы берген англис тарыхчысы Саймон Монтефиори. Мисал келтирели. 1933-жылкы баш-аягы 7 миллион киши кырылган ачарчылыкты Сталин коллективдештирүүнү кабыл албай, колхоздор менен артелдерге иштегиси келбеген дыйкандардын белин омкоруп, төрт амалын түгөтүш үчүн атайын уюштурганы азыр изилдөөчүлөр арасында эч бир талаш туудурбаган маселе. Областтардан, губерниялардан келген толуп аткан өтүнүч менен суранычтарга карабастан, эгиндин болгон запасын Сталин чет өлкөгө экспортко жөнөттүргөн, натыйжада миллиондогон эл жегенге наны жок калган. Ачарчылык тууралуу дүйнө билбесин деген Сталин чет өлкөлөрдөн гуманитардык жардам да суратпай койгон. Ырас акыры баары Сталин ойлогондой болгон, кызылы түгөнгөн дыйкандар аргасыз колхоздорго бириккен, бирок Украина менен Казакстанда баш-аягы 7 миллионго жакын киши ачкадан өлгөн.

Дүйнөлүк экинчи согуштун учурунда аскерлерди тирүү тосмо катары пайдалануу, деле адам деген нерсени эч качан аябоо мисалдары жүздөп саналат. Ошолордун эң атактуусу - курал-жарактардын, ок-дарынын аздыгынан артка чегинген бечара советтик жоокерлерди суроо-сопкуту жок атып салуу жөнүндөгү Сталиндин атактуу буйругу болуп эсептелет. Ал эми согуш жаңы башталганда ар бир экинчи аскерде гана мылтык болгондугу жакшы белгилүү. Эч кандай даярдык көрбөй туруп аскерлерди чабуулга айдоо, жамгырдай жааган немистердин огуна салып берүү мисалдары дүйнөлүк экинчи согуштун тарыхында өтө көп кездешет.

Айтор кандайдыр бир стратегиялык, же идеологиялык маселени ишке ашыруу үчүн адам деген нерсени эсеби жок курмандыкка чалуу Иосиф Сталиндин жетекчи катары, аскербашчы катары негизги ыкмасы, саясий көз карашы, терең ишеними болгон. Бул же тигил максатка жетүү үчүн канча киши мерт болуп кетиши мүмкүн деген суроо Сталин үчүн эч качан баш ооруткан маселе болгон эмес. Натыйжада ар бир өлгөн немис жоокерине 8 ден 10го чейин советтик жоокер туура келген.

Ѳзүнүн аты коюлган шаарды, башкача айтканда Сталинградды коргоо үчүн 500 миң кишини өлүмгө кириптер кылган, ал эми Киев шаарын октябрь майрамына карата бошотобуз деп эч кандай олуттуу даярдыксыз чабуул жасап, натыйжада 1943-жылы 15 миң аскер жөн эле жерден немистердин жамгырдай жааган огунун астында калган.

Ырас согуш деген согуш, бирок Иосиф Сталиндин согуштан башка убактагы ар кандай буйруктарынан, репрессияларынан, саясий компанияларынан бейажал каза тапкандарды санай келсе, баш-аягы 20 дан 25 миллионго жакын адам болот, деп жазат жогоруда аты аталган Саймон Монтефиори.

Албетте бул сыяктуу фактылардын баарын санай берсек, Сталинди жамандаган гана фактыларга кайрылып, ал эми өзүн “бардык мезгилдердин жана улуттардын улуу көсөмү” деп санаган, генералиссимус деген наамды өзүнө өзү ыйгарган жана СССРди 30 жыл бою башкарган лидерге бир жактуу карагандай таасир калышы мүмкүн.

Жок, Сталиндин доорунда СССРди мамлекет катары дүйнөгө таанытуу үчүн көп иштер жасалды. Эң негизгиси - өлкөнү индустриализациялоо жумушу ишке ашырылды, Европадан элүү жыл кеч болсо да электрификация иши башталды, мамлекет атом бомбасына ээ болду, муну эч бир танууга болбойт. СССР Чыгыш Германияны ээлеп, Рейхстагга биринчи туу сайды, Чыгыш Европа коммунисттик системага өттү, ал эми Батыш Германияны, Батыш Берлинди, Батыш Европаны союздаштар, башкача айтканда Америка менен Англия фашисттерден бошотту.

Бирок баары бир жалаң камчынын күчү, коркутуунун, аңдуунун жолу менен жашаган коммунисттик система тарых алдында өзүн актаган жок. Бир да кишини мыйзамсыз кырбай, тескерисинче элге эркиндиктерди көп берген мамлекеттер, менчикти мамлекеттен ажыратып, демократияны курган, либералдык экономиканы орноткон өлкөлөр советтик тоталитардык системаны бардык жагынан басып өттү, элүү жылдан жүз жылга чейин артта калтырды. Акыр аяганда СССР эч кандай согушсуз, тыштан келген кол салуусуз өзүнөн өзү кулап түштү; бул системанын жаңылануусу зарыл экендигин мойнуна алган коммунисттер өздөрү партиялык билеттерин таштап, басып кетишти. Ошентип азыркы учурда Сталиндик системаны сактап калган бир гана Түндүк Корея калды.

Акырында айта турган дагы бир нерсе, Сталин тууралуу Батыш изилдөөчүлөрүнүн арасында да бирдей пикир жок, бирок Сталин менен Гитлерди катар коюу аракеттери көп кездешүүдө. 2010-жылы Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюму Сталин менен Гитлерди чогуу айыптаган резолюция кабыл алды. Тимоти Шнайдердин “Канга жуулган жер. Гитлер менен Сталиндин ортосунда калган Европа” деген китеби ошолордун бири гана.

Эмне дейбиз, Сталинди мактап да, жактап да кереги жок го. Генаралиссимустун дүйнө тарыхындагы ордун эч ким өчүрө да, кемите да албайт. Болгону чындыкты жашырбай айтып, тарыхый фактыларды гана эске сала жүрүшүбүз керек.

Ал эми факты деген өгүздөй өжөр, сууга салса чөкпөгөн, отко салса күйбөгөн улуу нерсе. Калганын эл-журт өзү таразалап алат.

XS
SM
MD
LG