Ош облусунда түрдүү кылмыштарга шектелген 12 адам колго түштү. Аларды 10у Орусия жана Тажикстандын күч органдары издеп жаткан кишилер.
Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы 1-декабрда кабарлады. Маалыматка караганда, шектүүлөр уурулук жана талап-тоноо боюнча издөөгө алынган эле.