Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:19

Ирандын ядролук программасы боюнча сүйлөшүүлөр болот


Нью-Йоркто май айында Бириккен улуттар уюмунда ядролук куралдын жайылышына жол бербөө боюнча келишим талкууланат. Ирандын ядролук маселелер боюнча сүйлөшүү тобунун жетекчилеринин бири Аббас Аракчинин билдирүүсүнө караганда, Ирандын ядролук программасы мына ошол сүйлөшүүлөрдүн расмий эмес бөлүгүндө каралат.

Иран жана ири алты мамлекеттин өкүлдөрү апрель айында Венада сүйлөшүүлөрдүн үчүнчү бөлүгүн өткөрүшкөн. Батыш өлкөлөрү Иран уранды байытуусун токтотушун талап кылса, Иран өз кезегинде санкцияларды жокко чыгарууга аракеттенип келет. Тараптар алты айлык мөөнөт менен убактылуу келишимге жетишкен. Анын натыйжасында АКШ жана Батыш өлкөлөрү Ирандын тоңдурулган активдерин алууга мүмкүнчүлүк бере баштады. (AiT)

XS
SM
MD
LG