Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 11:56

Электрди үнөмдөгөн "акылдуу" айнек


Сингапурдук окумуштуулар адам генине жараша либералдык же консервативдик көз карашта болушу мүмкүн экенин айтып чыкты.

Өлкөдөгү улуттук университеттин изилдөөчүлөрү түбү Хань уруусунан болгон 2000ге жакын кытай студентти саясий көз карашын аныктоо үчүн сурамжылоого алган. Андан соң окумуштуулар жогорудагы студенттердин канында DRD4 гени болуп-болбогонун аныктап чыкканда, студенттердин саясий көз карашы алардын гени менен кайсы бир деңгээлде байланышы бар экени аныкталган.

Сурамжылоого катышкандардын ичинен DRD4 гени бар студенттердин көбү эркиндикти сүйгөн либералдык көз карашта болуп чыкса, ал эми тескерисинче канында жогорудагы ген болбогон студенттер консервативдик көз карашта экени далилденген.

Изилдөөнү жетектеген профессор Эбстэйндин айтымында, азыркы калыптанган теория боюнча адамдын саясий көз карашы социалдык чөйрөдөн жана тарбиядан келип чыгат. Деген менен, жогорудагы изилдөө көрсөткөндөй, адам кайсы саясий багытты жактырары генетикалык деңгээлде да калыптанышы мүмкүн экенин унутпаш керек.

"Акылдуу" айнектер

Жаңы чыккан "акылдуу" айнектердин жардамы менен имараттын ичин жылытууга же салкындатууга болот.

Американын Техас университетинин окумуштуулары айнекке жаңы материалды кошуу менен айнек аркылуу күндүн нурунун өтүүсүн азайтса же көбөйтсө боло турганын аныктап чыгышты.

Аталган окуу жайдын химия жана инженерия факультетинин профессорунун айтымында, айнек аркылуу бөлмө ичиндеги температураны контролдоо буга чейин болгон эмес. Атайын даярдалган жаш окумуштуулар көп жылдык изилдөөдөн кийин айнекти эки жактуу электрохромдук материал менен жасаганда ал оптикалык функцияга ээ болорун аныктаган.

Жогорудагы материалдан жасалган айнек жайында күндүн нурун чектеп, бөлмөнүн ичин салкыныраак кармаганга жардам берсе, кышында атайын жылуулук берүүчү нурларды көбүрөөк өткөрүп, үйдүн ичин жылытканга шартө түзөт.

Эксперттердин айтымында, "акылдуу" айнектер үйдүн ичин толук жылытып же салкындатып бере албаса да, ага кеткен энергияны бир кыйла азайтканга жардам берет.

Лондондон Нью-Йоркко бир саатта

Маалыматтарга ылайык, ушул жумада Airbus компаниясы гипер үндүү жаңы учакты патенттеди.

Бул жаны типтеги учак үндүн ылдамдыгынан төрт жарым эсе тез уча алат. Башкача айтканда, азыркы учактардан 3-4 эсе тез учат.

Адистердин айтымында, бул жаңы учак жасалып чыкса, Лондондон Нью-Йорк шаарына учуп баруу үчүн болгону бир эле саат убакыт керек болот. Учурда бул эки шаардын аралыгын багындыруу үчүн учактарга жети саат талап кылынат экен.

Буга чейин Concorde аттуу француз жана британиялык компания жасаган тез ылдамдыкта учуучу самолеттор колдонулуп көрүлгөн. Бирок 1998-жылы Парижден учкан Concorde учагы Тынч океандын үстүндө кырсыкка учурагандан кийин бул учакты жасоого тыюу салынган.

XS
SM
MD
LG