Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:12

АКШда бөбөктөр үчүн смартфон жасалды


АКШда кичинекейлер үчүн смартфон жасалса, Израил жасалма боор жасаганга жетишти, жаңылыкка маш жандар жадакалса тырмак боёгуч жасаганга жетишти.

Америкалык YIP YAP компаниясы биринчи жолу бөбөктөр үчүн мобилдик телефон жасады. Пипскуэк (Pispqueak) деп аталган бул чөнтөк телефон 8 жашка чейинки кичинекейлерге арналган.

Компания жүргүзгөн изилдөө боюнча көпчүлүк үй-бүлөлөрдө балдар ата-энелеринин смартфонун ойногонду жакшы көрөрү белгилүү болгон.

Андан соң ишкана бөбөктөр үчүн атайын смартфон жасоого киришкен. Ал чоңдордукундай эле бардык функциялар менен жабдылган. Андыктан мындан ары кичинекейлер чоңдордун телефондорун талашпай эле пипскуэк менен ойносо болот.

Бөбөктөрдүн колфону музыка жана видео көрүүгө да ыңгайлаштырылган жана алар балдар үчүн сынбай турган бышык материалдан жасалган. Андан сырткары алар менен кадимкидей эле бирөөгө чалса болот.

Ишкананын адистери бөбөктөр үчүн смартфондор эмки жылдан баштап сатыкка чыгарын ишендирүүдө.

Резюмедеги шрифтке карап адамдын мүнөзүн аныктайт

Германиядагы bewerbung-service.de порталындагы маалыматка ылайык, өлкөдөгү чоң ишканаларда башкаруучу кызматтарга адам издегенде резюмедеги шрифтке чейин көңүл буруп, атайын графологдор менен кеңешип, адамдын кошумча мүнөздөрүн аныкташат. Мурда графологдор кол жазмадан тамгалардын узун, кыска түз же кыйшык жазылганына карап адамдын катаал, терең ойлонгон же мүнөзүн бат өзгөрткөн деп аныктап койчу экен.

Немис графологу Хелмут Плоогдун айтымында, азыркы заманда деле компьютерден терилген тексттердин шрифтине карап терген адамдын ким экенин билип алса болот. Жоон шрифтти тандагандар мактанчаак, өзүн өзгөчө көргөзгүсү келгендер болсо, кыры чыккан тамгалар менен жазгандар катаал, башкарганды жакшы көргөн адамдар экен. Ал эми майда тамганы тандагандар жөнөкөй жана жупунураак болушат экен.

Ошондой эле адамдын мүнөзүн документке коюлган колунан да билип алса болот экен. Мисалы, эгер чийме толкун болуп жазылса ал адамдын дипломат, мунасалуу экенин билдирет. Ал эми узун чийме менен коюлган кол адамдын алысты көрө билген, тыкандыгын көрсөтөт.

Израилде адамдын боорун жасап чыгышты

Германиялык жана израилдик окумуштуулар адамдын клеткасынан боорду өндүрүп чыгуу концепциясын жарыялашты. Nature Biotechnology илимий журналында айтылгандай, Hebrew университетинин лабораториясында гепатоцит клеткаларынан кадимки адамдын боорун өндүрүп алса болору далилденди.

Буга чейин бир канча жолу боорду өндүрүү методдору колдонулганы менен, көпчүлүк учурда өнүгүү процессинде жасалма боор метаболисттик функциясын жоготуп келген.

Изилдөөнү жетектеген профессор Намиастын (Nahmias) айтымында, жаңы ыкма менен боорду өндүрүп алууда ал метаболисттик кызматын жоготпойт жана биологиялык жасалма органды өндүрүүгө ар кайсы этностогу адамдардын клеткалары колдонулган. Андыктан, келечекте жасалма боорду бейтаптын канынын группасы же ДНКсына карабай эле трансплатация кылса болот.

Андан сырткары окумуштуунун белгилешинче, бул ыкма көптөгөн боордун уулануусу жана рак клеткаларга айланып кетүүсү сыяктуу изилдөөлөрдү жеңилдетет.

Маникюр жасаган робот

АКШда тырмакты боёочу робот аппарат пайда болду. Маалыматтарга ылайык, Preemadonna компаниясынын жумушчусу манжанын тырмагын ар кандай түскө бойогон атайын компьютерлештирилген роботтун прототибин жасап чыккан.

Nailbot деп аталган машине-робот смартфондун жардамы менен манжа тырмактарды ар кандай түскө боёп бере алат. Анын ичинде атайын лак менен толтурулган кутучалар бар жана ар кандай фигуралар жана сүрөттөр менен боёлгон эскиздер сакталган. Тырмагын боёгусу келген айым салонго барып отурбай эле, Nailbot аппаратынан каалаган сүрөт менен кыска убакыттын ичинде маникюр жасатып алса болот.

Эксперттердин айтымында, бул “акылдуу” аппарат толук кандуу маникюрдун кызматын сунуштай албаганы менен, аз акча менен кыска убакытта тырмакка лак сүртүү үчүн ыңгайлуу робот.

Учурда компания Nailbotтун кичирейтилген версиясын жасоонун үстүндө иштөөдө.

XS
SM
MD
LG