Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 20:04

"Акылдуу" үйлөрдүн дооруна аз калдыбы?


Иллюстрация
Иллюстрация

"Мерседестин" жарым робот унаалары пайда болду. Ал эми "Самсунг" компаниясы "акылдуу" үйдү жасоонун үстүндө иштөөдө.

Штутгарт шаарындагы "Даймлер" машине чыгаруучу компаниясы жарым автономдуу жүк ташуучу унааны биринчи жолу даңгыр жолдо айдап, текшерүүдөн өткөрдү.

Highway Pilot деп аталган компьютердик система жүк ташуучу тракторго атайын орнотулган. Бул система аркылуу машиненин сыртына орнотулган видеокамералар жана радар сигналдары менен жабдылган. Радарлар климат-көзөмөл жана унааны кыска убакытта токтотуу сыяктуу функцияларга жардамчы катары колдонулса, видеокамералар жолдордун абалын аныктоого жана жол белгилерин таанып-билүүгө колдонулат.

Аталган ишкананын жетекчиси Вольфганг Бернхардттын айтуусунда, чала-чарпыт роботтошкон "Мерседес" жүк ташуучу унаалары азырынча айдоочу менен гана жолго чыгат. Анткени унаа өзүн-өзү башкарганы менен, аба ырайы сыяктуу тышкы факторлордун таасирине ыкчам мамиле жасай албайт. Деген менен, унаадагы мындай автономдук функциялар учактардагы автопилот сыяктуу иштейт жана айдоочунун узак убакытка чарчабай сергек отурушуна шарт түзөт.

Адистердин айтуусунда, жарым автономдуу чоң унаалардын пайда болушу келечекте толук роботтошкон автоунаалардын жасалышына өбөлгө түзмөкчү.

Samsung “акылдуу” үй курат

Элестетип көрүңүз, эртең менен ойготкуч сааттын коңгуроосу чырылдап, терезедеги пардалар өзү эле ачылып, кол жуучу бөлмөңүздө чырак жанат. Ал эле эмес, ашканаңызда чай же кофе да буруксуп кайнай баштайт.

Бул сизге фантастика киносундай сезилиши мүмкүн, бирок азыркы жаңы технология заманында мындай “акылдуу”, өзүн-өзү башкарган үйдү куруунун үстүндө кореялык Samsung компаниясы иштеп жатат. Муну аталган ишкана Берлиндеги сентябрь айында өткөн смарттехнологиялык көргөзмөдө жарыя кылды.

Компаниянын билдирүүсүнө ылайык, “акылдуу” үй Internet of Things деп аталган долбоор аркылуу ишке ашмакчы. Анда атайын процессор менен жабдылган кичинекей хаб, бардык гаджеттер жана үй техникалары зымсыз интернет аркылуу туташтырылат. Ал эми хаб үй ээсинин смартфонуна же таблетине маалымат берип турат жана атайын тиркеме аркылуу башкарылат.

Жогорудагы функциялардан сырткары, мындай жаңы технология менен жабдылган үйлөрдүн муздаткычтары ичинен видеокамера менен жабдылган жана ичиндеги азык-түлүк азая баштаганда, ал дароо ээсине видеомаалымат жиберип турат.

Андан сырткары, уктоочу керебеттер сиздин денеңизди салмактап, жүрөктүн соккон ритмине чейин текшерет.

"Самсунг" ишканасынын башчысы Хонг мырзанын айтуусунда, 2020-жылы бул долбоор толук ишке ашмакчы.

Буга чейин, Аpple жана Google компаниялары “акылдуу” үйгө колдонулуучу Home Kit жана Nest Labs долбоорлорун сунуштаган.

Bosch унаа токтогуч жайларды интернеттештирет

Чоң шаарларда машине көп болгондуктан, аны токтотуучу жайларды табуу оңой иш эмес. Көзгө көрүнбөгөн менен, бул көрүнүш убакытты гана эмес, кыйла каржылык да чыгымга алып келет.

Эми немис Bosch компаниясы иштеп чыккан системанын жардамы менен бош турган унаа токтогуч жайлар атайын сенсор менен жабдылып интернет менен он-лайн режимде туташып турары маалымдалууда.

Атайын тегерек формадагы сенсор унаа токтоочу жайдын так ортосуна орноштурулат. Ал аба ырайынын ысык-суугуна чыдамдуу жана аны машине тебелеп кетсе да эч нерсе болбойт.

Бул сенсорлор маал-маалы менен унаа токтогуч жайдын бош экенин атайын интернет серверге автоматтык түрдө билдирип турат. Ал сервер аркылуу маалымат веб-порталда же мобилдик тиркемеде көрсөтүлөт. Андыктан автоунаа айдап бараткан адам дароо эле кайсы жерге токтосо болорун смартфону аркылуу билип алат.

Учурда бул система текшерүүдөн өтүүдө жана жакынкы келечекте колдонулуп көрмөкчү.

Буга чейин BMW автоунаа жасоочу компаниясы салондун ичине орнотулган сенсор аркылуу бош унаа токтогуч жайды таап берүүчү системаны иштеп чыккан.

XS
SM
MD
LG