Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 01:30

Стив Жобс: Ачка болгула. Аңкоо болгула!


Apple корпорациясынын негиздөөчүлөрүнүн бири, дүйнөнү өзгөрткөн гений Стив Жобс төрт күн мурда, 6-октябрда 56 жашында дүйнө салышы анын миллиондогон күйөрмандарын кайгыга салды. Жобс жана анын өнөктөштөрү 1970-жылдардын аягында АКШда түптөгөн Apple дүйнөдөгү компьютердик техника жана программалык камсыздоо өндүрүшүндөгү эң алдыңкы компанияга айланган.

Төмөндө Стив Жобстун 2005-жылы Стэнфорд университетинин бүтүрүүчүлөрүнүн алдында сүйлөгөн сөзүн сунуштайбыз. Аны учурунда bizdin.kg сайтынын редактору Чоробек Сааданбеков кыргызчалап койгон экен, азыр ошол котормосун “Азаттыктын” окурмандарына тартуулап жатат.




(видео тасма YouTube интернет булагынан алынды)



Стив Жобстун сөзү


Бүгүн мен дүйнөдөгү эң мыкты университеттердин биринин бүтүрүүчүлөрүнүн арасында турганыма өтө сыймыктанып турам. Чынын айтсам мен эч качан коллежди бүтүргөн эмесмин жана бүтүрүүчүлөргө азыркыдан жакын болуп көргөн эмесмин. Мен силерге өз башымдан өткөзгөн үч окуяны айтып берейин деп чечтим. Болгону үч окуя.


Биринчи окуя – чекиттердин биригиши жөнүндө


Мен Reed Сollegeге өткөнүмө жарым жылга жетпей окууну таштап койдум. Бирок бардыгын толугу менен таштагыча дагы 18 ай бою лекцияларга барып, студенттик шаарчада жашап жүрдүм. Мен окууну эмнеге таштадым?

Бул окуянын учугу менин төрөлгөнүмөн чубалат. Өзүмдүн төрөгөн энем, күйөөгө чыга элек жаш кыз, мени бөлөк үй-бүлөгө бакканга берүүгө бел байлайт. Анын бирден бир тилеги - мени багып алуучу болочок ата-энемдин жогорку билимдүү адамдар болушу экен. Мени бир юристтин үй-бүлөсү багып алганга дайар болот. Бирок мен төрөлгөндө алар эркек бала эмес, кыз багып алууну чечишет. Ошентип кезекте кийинки болуп турушкан менин келечектеги ата-энеме түн ортосунда телефон чалышып: “Бизде кезексиз бала болуп калды, эркек бала, аласыңарбы?” – деп сураганда алар шыр эле макул болушуптур. Кийин төрөгөн энем багып алган ата-энемдин жогорку билими жок, а түгүл, атам орто мектепти да бүтүрбөгөнүн билгенде, багып алууга керектүү кагаздарга кол койуудан баш тартат. Менин ата-энем ал кишини бир нече айдан кийин, биз баланы сөзсүз коллежден окутабыз деп убада берип атып, араң көндүрүшүптүр. Менин жашоо жолум ушундайча башталыптыр.

17 жылдан кийин, мурун айтылгандай мен коллежге бардым. Жаштык кылып мен Стенфорд сыяктуу абдан кымбат коллежди тандаптырмын. Ансыз деле бай эмес ата-энемдин өмүр бою чогултканы менин окуумду төлөгөнгө кете баштады. Жарым жыл өткөн соң коллеждин мага кереги жок экенин түшүнө баштадым: мен бул жашоодо эмне иш кылгым келээрин өзүм деле түшүнчү эмесмин, аны түшүнүүгө коллеж мага кантип жардам бере алаарын дагы түшүнө алган жокмун. Бирок ата-энемдин чогултканы менин окуум үчүн четинен азая баштады. Эптеп, кандайдыр бир жолдор менен ишим жакшы болуп кетээр деген үмүт менен окууну таштоого бел байлаган элем.

Ал кезде албетте, жаным жай табалбай жүрдүм дечи. Азыр өткөн күндөргө сереп салып отуруп, ошол чечимим менин өмүрүмдөгү эң бир мыкты чечимдердин бири экенин түшүнүп отурам. Мени окуудан чыгарып салышты. Эми мен сөзсүз түрдө баруучу курстарга барбай, өзүм каалаган гана кызыктуу курстарга барганга мүмкүнчүлүк алдым.

Албетте, баары эле шыр болуп кеткен жок. Менин жатаканада ордум жок болгондуктан досторумдун бөлмөлөрүндө жерде жатып жүрдүм. Тамак алып жеш үчүн коланын бутылкаларын чогултуп, 5 центтен өткөзгөн күндөрүм да болду. Бир аптада бир жолу жакшылап тамак ичиш үчүн ар жекшембиде шаардын ары жак башында чогулушчу кришнаиттерге чейин 7 миль жерге жөө басып барчумун. Алардын тамагы сонун эле (Нукурасында McDonaldsтын “I loved it” деген атактуу ураанынын парафразы).

Ошо кезде туйумума ишенип жана кызыкдарлыгыман улам башыман өткөзгөн көп нерселер кийин менин жашоомдогу эң баалуу тажрыйбалардан болуп калды. Бир мисал келтире кетейин. Ал кезде Reed Сollege каллиграфия боюнча өлкөдө эң мыкты билим берчү жай эле. Студенттик шаарчадагы кандай гана жазуу болбосун, мейли плакат, мейли шкафтагы жазуу болсун, баардыгы көздүн жоосун алып, каллиграфия өнөрүнүн мыйзамдарына шайкештелип, кол менен супсулуу болуп тартылып тураар эле. Мен окуудан чыгарылгандыктан сөзсүз курстарга барыштын кереги жок эле, ошондуктан каллиграфияны үйрөнүүнү чечтим. Мен бул курстан шрифттердин гарнитуралары (serif, sans-serif), тамгалардын айкалышындагы аралыктардын өзгөчөлүктөрү – айтор татынакай типографияны эмне татынакай кылаары жөнүндө көп берсени биле алдым. Бул сабактарда илимдин күчү жетпеген кандайдыр бир сулуулук, өнөрдүн туу кырлары, тарыхы бар эле... мени дайыма өзүнө тартып тураар эле.

Ал кезде ушунун баары менин жашоомдо эч качан кереги тийбей тургандай сезилчү эле. Андан 10 жыл өткөн соң, биз биринчи Макинтошту жасап жатканда, каллиграфиядан алган билимим мага кайрылып келди жана абдан чоң пайдасы тийди. Макинтош - шриффтери кооз жасалган алгачкы компьютер эле. Эгерде мен өз убагында каллиграфия боюнча сабактарга барбаганымда, “Мактарда” ар түрлүү гарнитураны колдонгонго мүмкүнчүлүк болбойт эле, шрифттердин пропорциялары туура сакталбайт эле. Windows болгону Макинтоштун көчүрүлүп алынган көчүрмөсү экендигинен улам мындай мүмкүнчүлүктөр азыркы бир дагы комппьютерде болбой калышы абдан мүмкүн эле.

Ошентип мен коллежди таштап, каллиграфиянын курсуна барбасам, бүгүнкү биз колдонуп жүргөн компьютерлердеги татынакай шрифттер болбой калышы мүмкүн эле. Албетте, мен коллежде жүргөндө болочокто бардык чекиттер биригет деп ойлогон эмесмин, бирок он жылдан кийин айкын болуп калды – алар бирикпей калбайт болчу. Кайра эле, азыр туруп алып келечекке караганда чекиттерди бириктире албайсың – аларды артка кайрылып гана бириктире аласың. Ошондуктан азыр, учуру келгенде, келечекте чекиттер биригет деп ишене билиш керек. Бир нерсеге ишениш керек: Кудайга, Тагдырга, Жашоого, Кармага, айтор бир нерсеге. Жүрүп-жүрүп отуруп чекиттер биригет деген ишеним, жүрөгүңөр силерди тапталган даңгыр жолдон башка жакка жетелеп кеткен күндө да, жүрөгүңөрдүн айтканын уга билгенге үйрөтөт. Айырма ушунда.


Экинчи окуя – сүйүү жана жоготуу жөнүндө


Мен жолдуу болдум. Өзүмдүн сүйүктүү ишимди эрте таптым. Биз Воз (Стив Возняк) экөөбүз менин ата-энемдин унаа сарайында «Apple» компаниясын түптөгөндө жыйырма гана жашта элем. Биз көп иштедик, 10 жылда биздин “сарайдагы ишибиз” наркы 2 миллиард доллар, иштегендердин саны 6 миң кишиге жеткен ишканага айланып калды. Андан бир жыл мурун биз Макинтошту - өзүбүздүн эң мыкты чыгармабызды чыгарганбыз. Мен жаңы эле 30га чыккам. Анан мени жумуштан бошотуп жиберишти.

Сен өзүң түзгөн компаниядан сени кантип бошотуп жиберсе болот? Ал мындайча болду. Компания өнүгүү үстүндө болду. Биз, менин көз карашымда, таланттуу бир кишини, компанияны мени менен чогуу башкарганга алдык. Бир жыл чамасында баары жакшы болуп атты. Бирок акырындап отуруп, биздин келечекти көрүүбүз дал келишпей, аягында экөөбүз урушуп кеттик. Башкаруучулар Кеңеши ошол убакта анын тарабын колдоду. Ошентип 30 жашымда мени ызы-чуу менен иштен бошотуп жиберишти. Мен эс тартканы өзүмдү бүт арнаган ишимен кол жууп, ичим эңшерилип кала бердим. Бир нече ай бою эмне кылаарымды билбей отуруп калдым. Мен өзүмдү мурунку муундагы ишкерлердин ишенимин актай албай калгандай - алар мага эстафетанын таякчасын беришип, мен аны колумдан түшүрүп алган сымал сездим. Мен Дэвид Паккард жана Боб Нойс менен жолугушуп, алардан баардыгын бузуп алганым үчүн кечирим сураганга аракет кылдым. Менин жумуштан кубаланышым элдин көзүнчө өткөндүктөн Силикон Өрөөнүнөн качып кетсемби деген ойлор да келди.

Акырындап мен өзүмө келе баштадым. Мен өз ишимди мурункудай эле сүйөөрүмдү сезип жүрдүм. Apple да болгон иштер мени өзгөртө алган жок. Мен кубаландым, бирок мурункудай эле сүйүүчүмүн. Ошентип, мен баарын кайрадан баштоону чечтим.

Албетте, мен ал кезде Appleден кубаланып кеткеним, менин турмушумдагы болгон эң сонун окуялардын бири экенин түшүнгөн жокмун. Ийгиликтин оор жүгү жеңилдик менен алмашты: мен кайрадан үйрөнчүк болуп калдым. Болуп жаткан иштердин баарына мурункудай бекем ишенимдүү карабайм. Ушундай сезим менен жашоомдун эң бир чыгармачыл бөлүгү башталды. Кийинки беш жылдын ичинде мен “NeXT” жана “Pixar” компанияларын түздүм, сүйүп жүрүп ажарлуу сонун кызга үйлөндүм. “Pixar” студиясы “Ойунчуктар окуяасы” деген дүйнөдөгү эң биринчи компьютердик мультфильмди чыгарды. Бүгүнкү күндө “Pixar” дүйнөдөгү эң ийгиликтүү мультипликациялык студия.

Турмуштагы кырдаалдардын өнүгүүсү бир сонун окуяны жаратты - “Apple” компаниясы “NeXT” компаниясын сатып алды. Ошентип мен “Apple” компаниясына кайтып келдим. Биз “NeXTте” ойлоп чыккан технологиялар “Apple” компаниясынын бүгүнкү кайра жаралышынын негизи болуп отурат. Лорин экөөбүздүн сонун үй-бүлөбүз бар.

Эгерде мен Apple дан кубаланбаганда мунун баары менин жашоомдо болмок эмес. Дарынын даамы ачуу болгону менен, кебетеси оорулу өзү ошого муктаж болуп турган окшойт. Кээде турмуш бизди чекеге койот – ошондо ишенимиңерди жоготпогула. Мен ушунча жылдар бою талбай алдыга жылышымдын жалгыздан жалгыз өбөгү - бул менин ишиме болгон сүйүүм деп ишенем. Сүйгөнүңдү таап ал. Бул кеңеш ишке да, жеке турмушка да туура келет.

Жумуш силердин жашооңордо көп орунду ээлейт, ошондуктан жашоодо ыраазы болуп жашоонун жалгыз жолу - бул сен өзүң улуу иш деп эсептеген ишти жасоо. А улуу иш жасоонун жалгыз жолу – бул кылган ишиңди сүйүү. А эгерде силер сүйгөн ишиңерди таба элек болсоңор анда тынчып калбагыла, изденүүңөрдү уланта бергиле. Жүрөктүн бөлөк иштериндей эле, ал керектүү ишти тапканда силер аны сезесиңер, - ушу так өзү деп. Бөлөк нагыз мамилердей эле, жыл өткөн сайын бул мамилелер өркүндөй берет. Ошондуктан издегиле. Тынчтанып калбагыла.


Үчүнчү окуя - ажал жөнүндө


Мен 17 жашта экенимде “Эгерде ар бир күнүңдү акыркы күндөй жашасаң – түбү чындык сеники болот” – деген ойду окуган элем. Бул ой мага катуу таасир тийгизди. Ошондон бери 33 жыл бою, ар күнү эртең менен мен күзгүгө карап туруп өзүмөн: “Эгерде бүгүнкү күн менин акыркы күнүм болсо, мен кылганы жаткан ишимди сөзсүз кылганды каалайт белем”? – деп сурайм. Эгерде мен көп күндөр катары менен “Жок” – деп жооп берсем, анда бир нерсени өзгөртүш керек экенин түшүнөм.

Биз баарыбыз жакында өлөбүз деген ойду эске сактоо, мага бул жашоодогу чоң чечимдерди кабыл алганга баарынан жакшы жардам берет. Өлүмдүн бет алдында – тегерегиңдегилердин ойу, амбициялар, уяат болуудан же утулуштан коркуу сыяктуу нерселер маанисин жоготот – чыныгы маанилүү гана нерселер калат. Өлөөрүңдү эске тута жүрүү – сенин жогото турган бирдемең бар деп түшүнүүгө мажбурлаган ойдун кылтагына түшпөөнүн мага белгилүү мыкты ыкмасы. Сен жылаңачсың. Жүрөгүңдү укпай койууга эч кандай себеп жок.

Бир жыл мурун мага дарыгерлер рак менен ооруйсуң деп диагноз койушту. Эртең менен жети жарымда мен сканерден өткөндө, ашказандын алдындагы безде шишик бар экени даана көрүндү. Мен ашказанымдын алдында без болоорун деле билген эмесмин. Дарыгерлер бул рактын айыкпас түрү экендигин жана мага жашаарыма 3 айдан 6 айга чейин убакыт калганын айтышты.
Дарыгерим үйүңө барып иштериңди жайына келтир деди. Бул дарыгерлердин тилинде “Өлүмгө даярдан” дегени. Бул балдарыңдын баарын чогултуп алып, айта турган сөзүндү айт дегенди билдирет. Сен ушунун баарына алдыда дагы 10 жыл бар деп ойлоп жүрсөң, көрсө болгону эки ай калган экен. Бул, сен үй-бүлөңдү ушунун баарын колдон келишинче жеңил кабыл алганга даярдап кой дегенди түшүндүрөт. Бул баары менен коштош дегенди билдирет.

Бул диагноз менен бир күн кечке жашадым. Кечинде биопсиядан өттүм: эндоскопту тамагым менен ашказандан өткөзүп ичегиме киргизишти, ашказандын алдында безге ийне сайып шишиктен анализге бир нече клетка алышты. Мен наркоздо болчумун, ал жерде көрүп отурган аялым, дарыгерлер алган клеткаларды микроскоп менен карап алып ыйлашты - дейт. Көрсө менин шишигим хирургиялык жол менен айыктырылуучу рактын сейрек кездешүүчү түрү экен. Мен операция болуп чыктым. Кудайга шүгүр, азыр мен жакшымын.

Бул менин жашоомдогу өлүм менен болгон эң жакын кездешүүм эле, жакынкы 20 жыл ичинде аны менен мындан жакын жолукпайын деген үмүттөмүн. Ушуну башыман өткөзгөндөн кийин, өлүмдү пайдалуу, бирок ойдогу гана элес катары көрүп жүргөн кездегиден, ишенимдүрөөк айта алам: Эч кимдин өлгүсү келбейт. Бейишке чыкчу адамдар да, ал жакка кеткенге шашпайт. Ошентсе да өлүм - бул бардыгыбыздын бара турган акыркы аялдамабыз. Андан ары эч ким барбайт.

Негизи ушундай болсо керек. Кебетеси Өлүм – Жашоонун эң мыкты Чыгармасы окшойт. Жашоо үчүн ал өзгөрүүлөрдүн кыймылдаткычы. Өлүм Жаңыга эскиден орун тазалап турат. Азыркы Жаңы – бул силерсиңер, бир аз убакыт өткөндөн кийин силер дагы жолдон тазалана турган эски болуп каласыңар. Мен айткандарымды татаалдаштырып жибергеним үчүн кечирим сурайм, бирок чындык ушундай.

Силердин убактыңар чектелүү, ошондуктан аны бөлөк адамдын жашоосун жашаганга коротпогула. Сенек болуп калган ишенимдердин кылтагына илинбегиле – бөлөктөрдүн ойу менен жашабагыла. Бөлөктөрдүн ойлору жараткан чуу силердин ички сезимиңердин үнүн басып кеткенге жол бербегиле. Эң негизгиси - өзүңөрдүн жүрөгүңөрдүн жана акылыңардын үнүн аркалай алган эрлерден болгула. Алар кайдандыр, кандайчадыр, силердин ким болуш керегиңерди билишет. Калгандын баары экинчи орунда.

Мен жаш кезде “Дүйнө жүзүнүн каталогу” деген сонун журнал чыкчу. Ал биздин муундун бирден бир Инжили эле. Стюарт Бранд деген жигит аны бул жерден алыс эмес Менло Парк деген жерде чыгарчу. Бул алтымышынчы жылдарын аягында, компьютерлерге жана компьютердик терүүгө чейин болгон нерсе. Баардыгы кол менен - басма машинка, кайчы, полароиддердин жардамы менен жасалчу. Бул кагаз түрүндөгү Гугл эле, болгону Гугл жаралгандан 35 жыл мурун болгон. Ал сонун идеялар жана шаймандар толгон идеалистик журнал эле.

Стюарт жана анын командасы журналдын бир нече санын чыгарышты, ал өз милдетин аткарган соң, алар анын акыркы санын чыгарууну чечишти. Бул 70 жылдардын ортосу эле. Ал кезде мен силердин курагыңарда болчумун. Журналдын арткы бетинде эртең менен эрте тартылган айылдагы жолдун сүрөтү бар эле. Ал демейде кызык окуя издеп, жол тосуп, жер кыдыргандар жүрчү жолдун сүрөтү эле. Ошол сүрөттүн астында “Ачка болгула. Аңкоо болгула” – деген жазуу бар эле. Мен ар дайым өзүмө ушуну каалар элем. Азыр, эми силер университетти жаңы бүтүп, баарын жаңыдан кайра баштаганы атканда, менин силерге кааларым ушу: Ачка болгула. Аңкоо болгула!
XS
SM
MD
LG