Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 11:12

Айтылуу «Аз и Я» китебинин автору Олжас Сулейменов түрк элдеринин миңдеген жылдарды камтыган этимологиялык сөздүгүн жазып бүтүп калгандыгын билдирди.

Сулейменовдун «Слово о полку Игореве» деген орустардын байыркы эпосунун негизинде орус жана түрк элдеринин канчалык жуукташ элдер болгондугун анализдеген «Аз и Я» изилдөөсү кезегинде СССРдеги азчылык элдердин улуттук сезимин курчутуп, советтик империянын түп-негизине жарака кетирген. Бирок расмий чөйрөдө ага ачуу сын айтылып, бийликтер ага тыюу салган. Учурда Казакстандын ЮНЕСКОдогу баш өкүлү болуп иштеген 77 жаштагы акын менен Парижде Жаңыл Жусупжан жолугуп, бир катар суроолор менен кайрылды.


Маектин орусчасын толугу менен бул жерден уга аласыз:

Жаңыл Жусупжан: Алматыда сиздин Гагарин тууралуу ырларыңыз басылган баракчаларды шаардын үстүнөн учактан чачышканда ошол жерде белеңиз?

Олжас Сулейменов: Албетте, мен Алматыда болчумун. Кызыл, жашыл, сары, көк баракчаларды менин эже-карындаштарым чогултушкан экен, өзүнчө бир жыйнак болгон. 1961-жылдын 12-апрели, Юрий Гагарин космоско учкан күн болчу. (ред.: «Жер, адамга кулдук ур» деген жыйнак кийин Ленин комсомолу сыйлыгын алган) Бул Гагаринге арналган алгачкы ырлар болгон. Мага «Казакстанская правда» гезитинин редактору Федор Боярскийдин жардамчысы чалып, «эртең Гагарин Байкоңурдан учканы жатат, ырларыңды бер» деп айткан эле. Бул жашыруун маалыматты коркпой айтышкан. «Аргымак» ошондон жаралган ыр.

Жаңыл Жусупжан: «Аз и Я» изилдөөсүнүн идеясы кайдан келди эле, аны канча жыл жаздыңыз?

Олжас Сулейменов: КазМУда геология факультетин бүтүргөндөн кийин, Москвадагы Адабият институтунун Жогорку адабият курсуна киргем. Ошондо профессор Сиделниковдун кеңеши менен «Орус адабиятындагы тюркизмдер» деген курстук ишти тандап алгам. Бир окуу китепти карап чыгып, андан бир нече параграфты көчүрүп алып, бир жарым баракты чиймелеп, өткөрүп берсем болмок. Бирок Ленин атындагы китепканага барып, каталогдорду каза баштадым. 15 жыл каздым. Курстук ишти убагында тапшыра алган жокмун, бирок кийин ал «Аз и я» болуп жарык көрдү.

Жаңыл Жусупжан: 15 жыл узак убакыт эмеспи, ортодо эмне иштер менен алек болдуңуз?

Олжас Сулейменов: Поэзиядан тышкары менде көп иш бар болчу. Сценарий жаздым, ыр жаздым, ырларым менен бүт СССРди кыдырдым.



Жаңыл Жусупжан: «Аз и я» китебин чыгарышты, бирок кийин ага тыюу салынбадыбы. Сиз муну кандай кабыл алдыңыз?

Олжас Сулейменов: «Аз и я» 1975-жылы жайында, июль айында жарык көрдү. Башында жакшы эле кабылдашкан. Биринчи болуп аны белгилүү акын Константин Симонов окуптур, сентябрда ал мага кат жазды. Кийин латыш акыны Эдуардас Межелайтис жазды. Экөө тең «Аз и Яны» жогору баалашты. Симонов мисалы «Алдыда катуу кармаш болот, бирок мен сиз тараптамын!» деп жазды. Бирок көп өтпөй, «Молодая Гвардия» (СССРдин Комсомол уюмунун адабий-көркөм, социалдык-саясий расмий басылмасы) журналында, артынан башка басылмаларда сындар «жаай» баштады. Артынан СССРдин Илимдер Академиясы, КПССтин Борбордук Комитети кошулуп, оор сындар айтылды.

Жаңыл Жусупжан: Академик Лихачевдун мамилеси кандай болгон?

Олжас Сулейменов: Лихачев «Олжас Сулейменов кантип адашты» деген аталышта макала жазды. Ал «Нива» журналына чыкты. Бирок Москвада, СССРдин Илимдер Академиясында өткөн айтылуу талкууга Лихачев катышкан эмес. «Дискуссияны» академик Борис Александрович Рыбаков алып барган. Ал «Алматыда эң ашынган орустарга каршы китеп жарык көргөндүгүн» айтты. Лев Николаевич Гумилев (тарыхчы-этнограф, чыгыш таануучу) да «менин атымды бир да жолу атаган жок» деп таарынды. Гумилев, албетте, меним устатым болгон. Анын «Байыркы түрктөр» деген китебин окуп алып, ушул темага кызыгып калгам. Кийин ага жолукканымда, чоң ката кетиргенимди билдим. Бирок китепти жазып жатканда, анын артынан ушунча чуу чыгаарын билген эмесмин.

Жаңыл Жусупжан: КПССтин Борбордук комитетинин архивинде «Слово о полку Игореве» деген эпосту кыпчак жазган деген документ бар имиш деген сөздөр болду эле. Бул тууралуу сиз китебиңизде да айтасыз. Ушул чынбы же жөн эле сөзбү?

Олжас Сулейменов: Мен муну ойлоп тапкан эмесмин, (бирок) мен түшүнгөндөн, «Слово о Полку Игореве» бул түрк тилинен которулган чыгарма. Анын кайсы бир бөлүктөрү түрк диалекттеринин биринде жазылган, кийин 16-кылымда аны пергаменттен кагазга көчүрүшкөн. Ал эми көчүргөндөр котормочулар болушкан. Алар түрк тилин билишкен. Алтын ордонун үстөмдүгү али сакталып турган мезгил болгон. Мен кайсы текст которулганын, кайсы жерде (орусча текст) жамалганын көрдүм. Кийин аны түшүнбөй эле анализдешкен. Орус тилин гана билген изилдөөчүлөр байыркы текстти жакшы түшүнө алган эмес.

Ошондон улам, кээ бир жерлерин туура эмес талдашкан. Мисалы «Се ворим кричат под саблями половецкими» деген сапты алсак, изилдөөчүлөр Римди издей башташкан. Игорду туткунга алган Кончактын аскерлери Римге чейин барышты беле? Бүт Руста издеп, балким Рим деген айыл бардыр деп жоромолдошкон. Ал эми иш жүзүндө «сеорим» - татар тилиндеги «урим», түрктөрдүн кадимки эле «өрүм» деген кыздын өрүм чачы дегенди билдирген. Алтын Ордонун мезгилинде шаарды басып алышса, кыздардын чачын кесишкен, чачы кесилген кызды эр алган эмес. Кыздарды ошентип кордошкон. Бул сапты түрк тилинде гана түшүнүү мүмкүн. Ал эми орус изилдөөчүлөрү «өрүм» деген сөздүн ордуна, Рим деген жерди издешкен.

Жаңыл Жусупжан: Башында сиздин китепти чыгарышты, кийин кайра ага тыюу салышты. Албетте 1970-жылдары сталиндик репрессиянын доору артта калган болчу, Хрущевдун «жылымтык» алып келген мезгили да дымып бараткан. Сизге чабуул башталганда корктуңузбу?

Олжас Сулейменов: Корккон эмесмин! Иш жүзүндө Казакстандын бийликтери корккон. Анткени Казакстан, Хрущевдун сөзү менен айтканда, «интернационализмдин лабораториясы» саналган. Анан дал ушул республикада, Рыбаков айткандай, «ашынган анти-орусчул» китеп чыгып жатса, (ошол кезде Казак ССРинин компартиясынын баш катчысы болгон Дилмухамед Кунаев) коркуп кетти.

Жаңыл Жусупжан: Ал кезде сиз китебиңизге сыймыктанып, туура иш кылдым деп ойлодуңузбу? Деги сизде кандай сезимдер болду?

Олжас Сулейменов: Албетте менин тынчым кетти. Биринчиден, менин китебимди тескери түшүнүштү. Ал орустарга каршы багытталган эмес болчу. Тескерисинче, анда орус маданияты тууралуу абдан жылуу сөздөр айтылат. Байыркы орус дастанын жазган автордун эки тилде эркин сүйлөгөндүгүн аныктаган ачылыштан пайдаланып, советтик окумуштуу-тарыхчылар менен тилчилер дагы изилдешсе болмок эле да. Автор эки тилде сүйлөгөн окурман үчүн жазган. Киевдик Рус ошондой өлкө болгон. Калкынын көбү - армия, бай-бачалар, калктын дагы башка катмарлары эки тилде сүйлөгөн. Баары түрк элдери менен кыз берип, кыз алышкан жакын мамиледе болгон.

Жаңыл Жусупжан: Ал убакта эки тилдүүлүк деген эмнени билдирген. Бир тилден экинчи тилге өтүп сүйлөшкөнбү? Же кайдайдыр бир аралашма тил болгонбу?

Олжас Сулейменов: Биз азыр сиз менен сүйлөшкөндөй болгон. 12-кылымдын башында Руста кандай болсо, азыр да бизде ошондой, мен казакмын, орусча жазам. Ал эми Киевде «Слово о полку Игореве» эпосун кимдир-бирөө түркчө жазган, кур дегенде түрк тилин билген жана түрк сөздөрүн колдонгон.

Жаңыл Жусупжан: Сиздин китепти ошол кездеги жаштар талашып окушкан экен. Түнү менен окуп, эртеси башка бирөөгө беришкен. Башкача айтканда, сиздин чыгарма элдин өз тарыхына көзүн ачкан, боштондукка умтулуу пайда болгон. Сиз муну түшүндүңүз беле?

Олжас Сулейменов: Түшүнбөй анан. Ал кезде мен такай окурмандар менен жолугушуп турчумун. Бардык жумурияттардан көп кат келчү. Жалаң эле түрк тилдүү жумурияттардан эмес, Эстония, Латвия, Литвадан, Молдовадан да жазышчу. Бир гана Грузиядан нааразы каттар түштү. Ал тургай коркутушкандар болгон. Алар мени Константин Гамсахурдияны уятка калтырды деп ойлошкон.

Жаңыл Жусупжан: Бул таарынычтын себеби эмнеде эле?

Олжас Сулейменов: Анын романынан үзүндү келтиргеним үчүн балээге калгам. Гамсахурдиянын «Давид Төртүнчү Курулушчу» деген романындагы балжыраган каталарды сайып көрсөтүп, бул тарыхый романдын кемчиликтерин айткам. Ал өз китебинде Грузияны грузиндер өздөрү түрк аскерлерисиз эле бошоткон деп жазган. Мисалы согуштардын биринде 300 түрктүн грузиндер үчүн каны төгүлгөнү айтылган эмес. Айтор, окурмандар менен жолугушуулардан мен «Аз и я» элдин тарыхый аң-сезимин дүүлүктүрүп жаткандыгын сездим. Бирок СССР Илимдер академиясында жана Жазуучулар союзунда мага карата ар кандай тетири, көбүнчөсүндө далилсиз дооматтар коюлду.

Жаңыл Жусупжан: Андан бери дээрлик 40 жыл өтүптүр. Азыр сиз чиновник болдуңуз. Назарбаев мырзага кызмат кыласыз. Казак президентине карата кандай сындар айтылаарын билесиз. «Аз и Я» ошол кездеги идеологияга кайчы келген, бүт өлкөгө дүрбөлөң салган китеп эмес беле. Сизден ошондой деңгээлдеги чыгарма күтсөк болобу?

Олжас Сулейменов: Менин кийинки «Бир миң бир сөз» деген китебим «Аз и Ядан» кем калышпайт деп ойлойм. Ал универсалдык этимологиялык сөздүк жанрында жазылды. Анда түпкүлүктүү түрк тилдеринин, түпкүлүктүү түрк маданиятынын жана тарыхынын кайдан чыкканын түшүндүрөм. Булактарда түрктөр дүйнөлүк сахнада биздин замандын 5-кылымында гана пайда болгон деп айтылат. Аларга ишенсек, биздин тарыхыбызга бир жарым миң эле жыл экен. Кыргыздар 2200 жыл мурда эле бар болчубуз деп жатпайбы. Ал эми чындыгында түрктөрдүн тарыхы эки, беш, алты миң жыл мурда эле жазыла баштаган. Бул тууралуу менин китебим чыкканда билесиңер. Мунун баарын жазууга мага баары жандалбастап сындаган Назарбаев жардам берип жатат.

Жаңыл Жусупжан: «Бир миң бир сөз» качан жарык көрөт?

Олжас Сулейменов: Кудай буюрса, быйыл жок дегенде китептин башталышын жарыяласам деп жатам. Түрк сөздөрү перси, латын, бардык батыш, чыгыш европалык тилдерде, кытай, корей, ал тургай жапон тилдеринде бар. Булардын баары балким 10 миң жылдык алыш-бериш байланыштардын издери. Сөздөн биз көп нерсени билебиз. Мисалы англис тилиндеги айрым сөздөрдүн маанисин түрк тили аркылуу түшүндүрүү мүмкүн. Ар бир сөздүк тарыхый маалыматтардын нагыз казынасы. Анткени баштапкы маалымат жазма текстке караганда Сөздө алда-канча жакшы сакталат. Жазма булактарды көчүрүп жазса болот, же өрттөп салышат. Ал эми Сөздү өзгөртүш мүмкүн эмес. Сөз түбөлүктүү жана анда байыркы, кийин жоголуп кеткен маданияттар тууралуу терең мазмун бар. Тилекке жараша, Сөздүн аркасы менен айрым мурастар сакталып калды. Бирок аны аңдап билиш үчүн Сөздү окуп, түшүнгөндү үйрөнүш керек. Сөздүн түпкү формуласын түшүнүш керек. Мен 40 жылдан бери дал ушуну менен алектенип келем.

Жаңыл Жусупжан: Кыргыз-казак бир тууган дейт эмеспизби. Бизде аксакалдын батасын алып коюш парз. Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, сиз дагы кыргыз элине каалоо-тилегиңизди айтып койсоңуз.

Олжас Сулейменов: Мен кыргыздарга, өзбек, түркмөн, бардык түрктөргө өзгөчө жылуу мамиледемин. Анткени өз энеңе, өз ата, бир туугандарыңа дайым өзгөчө мамиле жасайт эмеспизби. Кыргыздар менин бир тууган эже-карындаш, ага-инилерим. Албетте кыргыздар кыйынчылыкка туш келгенде кабыргам кайышат, көйгөйлөрүн чечип алышса, кубанып калам. Кыргыздар өз көйгөйлөрүн чечип жатат деп ойлойм. Анткени эл бар болсо, сөзсүз туңгуюктан жол табат, учуңар узарып, дайым бар болгула. Биз казактар гана эмес, өзбектер да, түркмөндөр да, бардык түрктөр дайым силерге тирек болобуз.

Жаңыл Жусупжан: Айтканыңыз келсин!

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG