Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 09:03

УЛУУ ПАМИР - 35: Унутулган Беш жылдыз


Памирлик кыргыз топозу менен, Малик Кутлу тарткан сүрөт, 1990-ж.

Памирлик кыргыз топозу менен, Малик Кутлу тарткан сүрөт, 1990-ж.

Ооган кыргыздарынын Ооганстандан көчүп кеткенине быйыл 35 жыл толууда. Быйыл ошондой эле Ооган кыргыздарынын башчысы Рахманкул хандын 100 жылдык мааракеси белгиленгени жатат. Ушуга байланыштуу "Азаттык" Улуу Памир-35 программасын сунуштайт. Анын алгачкы санында ооган кыргыздарынын аянычтуу да, нарктуу да тагдырына кайрылабыз.

Бул кыргыздар дүйнө чатыры атыккан Памир тоолорунда эзелтеден жылдыздай чачылып жашаган.

Алайдан Кытайга ооп, Улуу, кичи Памирде жайлап, кышында Мургабдагы ыктоо өрөөндөргө өтүп келишчү, бирок СССРде жана Кытайда коммунизм орноп, чек аралар бекем жабылгандан кийин, алар Ооганстандын Памиринде, аска-зоолуу жайлоодо камалып калышты.

Памир кыргыздары, Афганистан, Реми Дор/Науманн, 1978-ж.

Памир кыргыздары, Афганистан, Реми Дор/Науманн, 1978-ж.

​Тагдыр татаал жолго салган ооган кыргыздары коогалуу күндөрдү башынан өткөрүп, далай ачка-ток калып, 4-5 миң метр бийиктиктин суугуна кайыгып күн көрүштү.

Байлардын күтүрөгөн кой, топозун кедейлери багып, жан сакташты. Жалпысынан турмушу тың болду, коңшу элдерде кадыр күтүп, ооган шахы аларга «Памир сакчылары» деп ызаат көрсөттү.

Айтор Борбор Азиядагы эң акыркы хандык болгон Рахманкул хандын эли тилин, дилин сактап, бабаларын бапестеп жашашты.


ТИРҮҮЛӨЙ ЖЕТИМ БАРБАРОС

Абдыбаит Сатаркул уулу узун өмүрүндө далайды көрдү. Бул аксакал Борбор Азияда басмачылар менен согуш басаңдап, бирок сталиндик репрессиялар күч алып келаткан мезгилде 1935-жылы Памирдин Ооганстан тарабында жарык дүйнөгө келген. Уруусу кочкор, чоң уруусу тейит болгон.

Абдыбаит Сатаркул уулу: Өзүбүздүн ватанда (Ооганстанда) төрөлгөнмүн. Ал кезде Дооран отрят деген басмачы чыккан. Ошол эски замандарда басмачылар көп чыгат эле. Аксакалдар «Ошол басмачынын заманында дүнияга келгенсиң» деп кеп кылат эле.

Аксакалдар «Дооран отряд деген басмачынын заманында дүнияга келгенсиң» деп кеп кылат эле.
Кейпи Абдыбаит аксакал журту оогандык Памирге жайлап келгенде туулса керек, анткени өз сөзүнө караганда, балалыгы кытайлык Памирде өткөн.

Кытайдын Кызыл-Суусундагы кыргыздардын бир тобу кезегинде болшевиктен качып, Алайдан ооп келишкендер болгон.

Ал кезде Кытайда ички согуштун оту күйүп, өлкөнүн чыгышын Жапония басып турган.

Абдыбаит Сатаркул уулу: Биз Кытайда Суу-Башыда (Тажикстан менен чек арага жакын жердеги Кара-Көлдүн өйдө тарабындагы айыл) турдук, Бейит дейт, Калик, Милтеке дейт, ошол жерлерде турганбыз. Биягы Афганистан, биягы Кытай, биягы Пакистан, үчөөнүн чек арасы болот да. Ата-бабабыз Алайда жашаган, бабаларыбыздын бабалары Ысык-Көлдө жашаган экен. Андан берки жакка келгенибизге 100 жыл болдубу, канча жыл болду, аны биз билбейбиз. Биздин өмүрүбүз көчмөндүк менен өткөн.

Памирлик кыргыздар, Афганистан. фото Реми Дор/М. Науманн

Памирлик кыргыздар, Афганистан. фото Реми Дор/М. Науманн

Ал арада Кытайда Чанкайши баштаган улутчулдар ички согушта утулуп, СССР колдогон коммунисттер бийликке келет.

Дал ошол 1950-жылдардын башында СССР менен Кытайдын Ооганстан менен чек арасында кыргыз уруулары өз ара чабышып, чек арачылар менен куралдуу кагылыштары болуп турган.

Ошондой кагылыштардын биринен кийин Сатаркул Ооганстан тарапка кайра качат, бирок чек арадан өтө албай, 15 жаштагы уулу Абдыбаит гана чек арадан өтүп кетет»

Абдыбаит Сатаркул уулу: Атабыз анда кароолчу болгон. Ыңкылап заманында солдаттар (келатканын) бир адам барып, кабар бериптир. Дасторкон салынып, эки катар сүт коюлган (экен), табагы менен бүт калып, кабарды укканда, атамдар кырга (тоого) чыгып кетишкен. Солдаттар аларды таппай жатып калыптыр.

Ошону менен ата-энеси, алты бир тууганы Кытайда калган Абдыбаит Сатаркул уулунун жаштыгы Ооган жергесинде тирүүлөй жетимдин ачуу турмушу менен өттү.

Түркияда өкмөт Барбарос деген фамилия берген бул памирчиге мен анын жаңы мекениндеги үйүндө учураштым. 78 жаштагы аксакал бүгүн Түркиянын чыгыш кыйырындагы Ван аймагында, ооган кыргыздарынын Улуу Памир айылында үйү үстүндө, казаны астында, небере-чөбөлөрү менен токпейил турмуш сүрүүдө.


КАЧКЫН БАЙДЫН БАЛАСЫ

Орто бойлуу, толмочунан келген орто жаштагы дагы бир оогандык кыргызга мен Стамбулдун Ата Түрк атындагы эл аралык аба бекетинде жолуктум.

Азиз Айтмамбет уулунун багы бар экен, атасы коогалуу мезгилде Ооганстан тарапка аман өтүп кеткен. Анын да теги Кыргызстандын түштүгүнөн.

Азиз Айтмамбет уулу: Биз Памирлик кыргыздар деп аталабыз. Түркиянын Ван деген шаарында отурабыз (жашайбыз). Мен өзүм Истамбул аэропортунда 13 жылдан бери иштейм, туризм жана авиякомпаниялар боюнча адисмин. Атам (Кытайдан) 1959-жылы Памирге келген. Афганистандагы Памирден (Түркияга) келгенибизге 35 жыл болду. Негизи биз Өзгөндөнбүз. Өзгөндүн Мырзаке, Куршабынанбыз. Чоң аталарыбыз 1860-жылдары Кытайга барышып калган. Кытайда Кызыл-Суу кыргыз обласында Улуг-Чат, Кара-Жүл деген жерлерде жашаган.

Азиз Айтмамбет уулу Түркияга жаңы келгенде армияда аскер кызматындагы кези

Азиз Айтмамбет уулу Түркияга жаңы келгенде армияда аскер кызматындагы кези

Азиздин ата-бабалары Кытайга Борбор Азияны падышачыл Орусия каратып ала баштаган 19-кылымдын экинчи жарымында өтүп келген. Атасы кытайлык кыргыздардын байларынан болгон, кытайлык коммунисттер бай-манаптарга каршы согуш ачканда бир топ кордук көрүп, мал-жанынан биротоло кол жууй турган болгондо, Айтмамбет 1959-жылы ооган жергесине качат.

Аталарыбыз Улуг-Чаттагы бай кишилер болгон. Кытайлар коммунизмге өткөндөн кийин атамдардын малдарыны, жерлерини алган.
Азиз Айтмамбет уулу: Аталарыбыз Улуг-Чаттагы кыргыздардын атактуу, бай кишилери болгон. Кытайлар коммунизмге өткөндөн кийин бийликтер атамдардын малдарыны, жерлерини алган.

Атам 11 бир тууган болгон, ошолордон төртөөнү түрмөгө алып кеткен. «Сен бай болгонсуң, элди кыйнагансың, кембагалдарга азап бергенсиң” деген.

Атам да «мен качып кетпесем, булар мени кыйнайт экен» деп, беш киши болуп жолго чыккан. Түнүндө качып, чек арада кытай аскерлери менен урушуп кетип, калгандарын таппай калган. Иниси, инисинин баласы болуп, Памирге келип калган.


Азиздин атасы азыр 95ке таяады, 1978-жылы Ооганстандан кеткен Рахманкул хан менен кошо көчүп, азыр Түркиядагы Ван аймагындагы Улуу Памир айылында жашайт.

УНУТУЛГАН БЕШ ЖЫЛДЫЗ

Борбордук Азияны түндүк, түштүккө бөлгөн Вахан тилкеси (Вахан коридору) Улуу Жибек Жолунда жайгашкан. Ал аркылуу байыркы кездери буддизмдин кытайлык жолдоочусу Сюань Чжуан, Европадан Марко Поло, сансыз соодагерлер, жаңы заманда саякатчылар, географтар, Батыштын тыңчылары тынымсыз каттап келген.

Индияны, анын ичинде азыркы Пакистандын аймагын басып турган Улуу Британия менен Борбор Азияга жаңы басып кирген падышачыл Орусия 19-кылымдын этегинде «чек арабыз кесилишпесин» деп Вахан тилкесин Ооганстанга ыйгарып, аны ортодогу нейтралдуу тилкеге айландырышкан.

20-кылымда Ооганстандын бийликтери оңой менен адам бара да, жете да албаган Вахандагы кыргыздарды Кытай, Орусия менен чек арасын коргоого колдонгон.

Бул жерди мургабдык кыргыздар «Беш жылдыз» деп аташат, анткени мында беш өлкөнүн: Тажикстан, Кытай, Ооганстан, Пакистан, Индиянын чек аралары тогошот. География илиминде болсо аны «Памир түйүнү» деп билишет.

Бир кездери орустардан, кийин большевиктерден качып, Алайдан Кытайга өтүп келген кыргыздардын бир тобу 20-кылымдын кап ортосунда кытайлык коммунисттерден качты. Советтик чек ара эбак жабылган эле, эми Кытай да чек арасын чычкан мурду жөргөлөгүстөй бекитти. Ошону менен Рахманкулдун эли аска-зоолуу тилкеде камалып калды.

Миллиондордун өмүрүн алган экинчи дүйнөлүк согуш эми басылган 1950-жылдары дал ушул тилкеде көчмөн кыргыздардын тобу туруктуу жашап калганын дүйнөдө дээрлик эч ким билген эмес.

БИР ЭЛ, ЭКИ ПИКИР

Ооганстанда камалып калган памирлик кыргыздардан Батыш элдеринен биринчи болуп кабар алган Жиин жана Фрэнк Шор деген ага-карындаш болгон.

1950-жылы National Geographic журналында жарык көргөн макаласында алар «памир кыргыздары чек араны тааныбаган эл, эркектери сүрдүү, шыңга бой, чымыр денелүү келет экен» деп жазышкан.

Макаланын авторлору «булар кыздары чырайлуу, меймандос эл турбайбы» деп суктанышкан. Айрымдар «кыргыздар бизге жашоо бербейт, булар кербендерди карактап, бейкүнөө адамдарды койдой мууздап салган канкорлор» дешкенде, америкалык саякатчылар айран таң калышкан.

Кыргызстанда 100 жылдыгы расмий белгиленип жаткан Рахманкул хандын эли тууралуу советтик идеологияда да көп терс нерселер айтылган. Бирок кыргызстандык изилдөөчү Сулайман Кайыпов ооган кыргыздарына чаң жугузбайт.

Ооган кыргыздарынын маданиятын ондогон жылдардан бери изилдеп келген профессор алты жыл Түркиянын Ван университетинде сабак берип, ушул аймактагы Улуу Памир айылындагы кыргыздарды изилдеди. Агай менен Бишкектеги Чүй университетиндеги кеңсесинде көрүштүм.

Памирлик кыргыздар тажик, вахилер менен товар алмашып жаткандагы көрүнүш, сүрөттү тарткан Реми Дор/Науманн, 1978-ж.

Памирлик кыргыздар тажик, вахилер менен товар алмашып жаткандагы көрүнүш, сүрөттү тарткан Реми Дор/Науманн, 1978-ж.

Сулайман Кайыпов ооган кыргыздары каада-салтын бекем туткан, коңшуларды сыйлаган нарктуу эл болгон деп эсептейт. Мындай урмат-сыйды алардын турмушка сергек мамиле жасаган, коңшуларга күйгөн, сабаты ар тараптуу ачылган эл болгондугу менен түшүндүрөт.

Сулайман Кайыпов: Кыргыздардын хандыгы кадимки хандык, мамлекет ичиндеги мамлекет болуп эсептелинген. Ошол мамлекеттин башында Рахманкул турган. Вахан коридорунда жашаган кыргыздар социалдык активдүүлүгү жагынан, дүнүйөдө болуп жаткан окуялардан кабары болгондугунан, сабаттуу болгондугу үчүн, динди, тилдерди билишкендиги үчүн башкалардан өйдө турган. Ар бири фарсы тилин билген. Ар бири арапча китеп окуган. Ар бири сабаттуу болгондугу үчүн булар башкаларга өзгөчө болуп көрүнгөн.

Ооган кыргыздары социалдык жактан активдүү, дүнүйөдө болуп жаткан окуялардан кабардар, сабаттуу болгон, динди, көп тилдерди билишкен.
Профессор Кайыповдун пикиринде, кыргыздар башка элдерди суктандырган, аларды өзүнө тарткан күчкө ээ болгон, ошонун аркасы менен коңшу элдерден кыргыз болобуз деп кошулуп алгандар чыккан.

Тоолук элдер адатта өтө жарды келет, ошентсе да памирлик кыргыздар атам замандан бери Улуу Жибек жолунда жол көрсөткөн ат кошчу, котормочу, кербендердин сакчысы катары кызмат өтөп, Индия, Кашкар, Фергана, Букара өңдөнгөн ири соода борборлору менен карым-катнашта турган. Ушуну эске алганда, алардын турмуштары анча начар болбосо керек. Ал эми оокаттуу элге жакындагысы келгендер четтен табылат эмеспи.

Сулайман Кайыпов: Кыргыз менен тааныш болуу же алар менен бирге жашоо престижге айланган. Ошондуктан аз эле кыргыз башка улуттардын өкүлдөрүн өзүнө алып, аларды кыргыз кылып, ассимиляциялап жиберүү күчүнө ээ болгон. Кабулдан, Пакистандан көп жер-жемишке чейин алып барышкан. Кактын бардык түрлөрү болгон. Мөмө-жемиштин бардык түрлөрүнөн кабардар болушкан. Мында вахы деген эл жашайт, бул элдин (айрым) өкүлдөрү кыргыздардын арасына келип, өз эрки менен кыргыз болуп, өз эне тилин унутуп калган. Мына азыр Ванда да он чакты үй-бүлө бар. Антропологиялык жактан алганда кыргызга көп окшобойт, бирок кыргыз тилинде сүйлөйт, ислам динин кабыл алган, кыргыздын салты менен жашайт, анан өзүн өзү кыргыз деп тааныйт.

Профессор Кайыповдун айтымында, Ооганстандын шахы аларга атайын макам берип, урмат менен мамиле кылган.

Сулайман Кайыпов: Кыргыздарды Захир шах «өзүңөрчө жашагыла, силер ансыз деле аскерсиңер деп, кыргыздын балдарын аскерге алган эмес, алардын саткан малынан, байлыгынан, өндүргөн продукциясынан эч качан салык алган эмес.

СӨЗ СОҢУ

​Ооган кыргыздарынын маданияты да өзгөчөлүү болгон.

Ханы комуз черткен, кемпирлери байыркы жөө жомок, өлөң ырларын билген, уландары айкел чегип, Германияда көргөзмөлөрү өтүп турган.

Шаман динин тутунуп, исламды китептен үйрөнүшкөн. Төгөрөктүн төрт бурчу алаканга салгандай көрүнгөн, бүгүн дүйнө державалары көз арткан Улуу Памир тоолорунда жашоосу канчалык оор болсо да, ооган кыргыздары көптүн көзү өткөндөй пакиза турмушта жашашкан.

Арийне, ички жана сырткы себептерден улам, көчмөндөр цивилизациясынын бул уникалдуу дарагы бара-бара тамырынан зак кетип, соолуй баштаган.

УЛАНДЫСЫ БАР

Эскертүүлөр:

- Респонденттердин сүйлөө өзгөчөлүгү сакталып берилди.
- Программада Реми Дордун Памирде 1970-жылдары жаздырган ооган кыргыздарынын ыр күүлөрүнөн үзүндү колдонулду (adeva.com)
- Айрым сүрөттөр Adeva басмаканасынын уруксаты менен Реми Дор менен М. Науманндын Die Kirghisen des Afghanische Pamir деген китебинен алынды.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG